Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Батукаев иши: корутунду каршылыкка кабылды


Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006.
Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006.

Азиз Батукаевди абактан бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия келишпестикке кабылды. Комиссиянын көпчүлүк мүчөсү корутундуга кол койсо, төртөөсү кошумча талкууну талап кылууда. Комиссиянын төрагасы Болот Шердин ага карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону тууралуу билдирүү таратты. Башкы прокуратура депутаттарга каршы иш козголбогонун, бирок апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши кайра козголгонун маалымдады.

Болот Шерге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат 21-майда чыга баштады. 22-майда Болот Шер өзү парламентте ага кылмыш иши козголгонун билдирип чыкты. Анын айтымында, бул кылмыш иштин козголушунун себеби Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссия ишин аяктап, корутундусун даярдоосу болду. Бирок ошол эле күнү Башкы прокуратура Шерге да, башка бир да депутатка иш козголбогону тууралуу маалымат таратты.

Комиссиянын тогуз мүчөсүнүн бешөөсү кол койгон корутундуда Азиз Батукаев Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтери, Башкы прокуратура, Мамлекеттик каттоо кызматы, Акыйкатчы жана Жаза аткаруу мекемелеринин алдын-ала сүйлөшүп алуусунун негизинде бошотулганы белгиленген. Ошондуктан президентке башкы прокурорду, өкмөт башчыга вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеваны, жаза аткаруу мекемесинин башчысы Зарылбек Рысалиевди кызматынан бошотуу, ал эми Жогорку Кеңешке Акыйкатчыны кызматтан бошотуу сунушталган. Ошондой эле Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишин козгоо Улуттук коопсуздук кызматына тапшыруу сунушталган.

Бул корутундуга Болот Шер, Турсунбай Бакир уулу, Жоомарт Сапарбаев, Нуркамил Мадалиев жана Равшан Жээнбеков кол койгон. Ал эми Дамира Ниязалиева, Канат Исаев, Эркин Сакебаев жана Алмазбек Баатырбеков кол кое элек.

Дамира Ниязалиева корутундуга кол коё электигин мындай түшүндүрдү:

- Мен койбоймун деп айткан эмесмин. Мен сөзсүз түрдө колумду коём. Бирок мен сунуш киргизгенмин. Азыр дагы ошону айтып келдим. Комиссиянын бардык мүчөлөрү толук жыйналып туруп, бардык маселелерди талкуулап, андан кийин пункт-пункт боюнча добушка коюп, чечим кабыл алыныш керек.

Ниязалиеванын айтымында, бейшемби күнү комиссиянын мүчөлөрү чогулуп, чечим кабыл алууга аракет жасайт.

Равшан Жээнбековдун айтымында, комиссия төрагасы Болот Шер бейшемби күнгө комиссия мүчөлөрүн жыйынга чакырды. Бирок кол койгон беш депутат өзүнүн позициясында кала берүүнү чечти:

- Кол койгон беш депутат сүйлөштүк. Башкалар кол койсо да, койбосо да биз өзүбүздүн чечимди Жогорку Кеңешке чыгара беребиз. Эгерде башкалар өзүнчө позициясы бар десе, анда ошол позициясын бере берсин деп каршы болгон жокпуз.

Равшан Жээнбековдун пикиринде, колун коё элек депутаттар бул маселенин каралышын создуктурууга аракет жасап жатышат. Ал эми кол койгондор ал канчалык тез каралса, ошончолук жакшы болот деген позицияда турат. Ошондуктан алар өздөрүнүн корутундусун мүмкүн бейшемби күнү, болбосо кийинки жумада Жогорку Кеңешке берүүгө даяр.

Депутаттык комиссиянын корутундусу айыпталып жаткан тараптын каршы аракетин жаратты.

Башкы прокуратура апрель ыңкылабы убагында талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишин кайрадан ачып, тергөө ишин жүргүзүүнү Жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин орун басарына тапшырды. Башкы прокуратуранын маалымдоосуна караганда, талап-тоноочулук боюнча кылмыш иштин кайра ачылышына Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөөлөрү себеп болгон.

Белгилүү болгондой “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары талап-тоноочулукка катышкан деген шек менен кылмыш иши козголуп, бирок тергөөнүн жүрүшүндө аларга коюлган айып жокко чыгарылган. Зарылбек Рысалиев болсо талап-тоноочулукка “атамекенчилердин” тиешеси бардыгы тастыкталганын билдирип чыккан. Бирок Башкы прокуратура ишти аягына чыгарууга жол берген эмес эле.

Эми Болот Шердин Батукаевдин иши боюнча күч органдарынын жетекчилерине айып коюусу күч органдары тарабынан ага каршы аракетти жаратты. Күч органдарынын ичинен Зарылбек Рысалиев өзгөчө аракеттенип, тергөө ишин да колуна алып отурат.

Талдоочулардын баамында, бул кагылышуу башкаруучу коалициянын ыдырап, “Ата Мекендин” оппозицияга кетүүсү менен аякташы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG