Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Мамкызматкер аралашкан маркумдун үйү талашка түштү


Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрага орун басары, учурда өкмөттүн бөлүм башчысы Элдияр Убалиев белгисиз жагдайда кайтыш болгон Валерий Бахаревдин Бишкектеги үйүн өз агасына жасалма документтердин негизинде каттоого көмөктөшкөн деген шектүү жагдайлар ачыкка чыкты.

Кайтыш болгон жарандын кошуналары жана “Апрель байрагы” уюмунун арызы боюнча былтыр кылмыш иши козголбой калган.

Быйыл 30-апрелде Биринчи Май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча райондук ички иштер башкармалыгынын токтомун жокко чыгарып, кылмыш ишин козгогон. Бирок ошондон бери деле тергөө ордунан жыла элек.

Даттанган тарап буга өкмөттүн бөлүм башчысы Элдияр Убалиевдин бийликтеги байланыштары таасир этип жатканын белгилешүүдө.

Керээз катка катылган сыр

Тергөө материалдары боюнча “Апрель байрагы” коомдук уюму жана Чынара Мамбетова 2014-жылы 2-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрага орун басары Элдияр Убалиевдин жана анын агасынын мыйзамсыз аракеттерин текшерүү өтүнүчү менен УКМКга даттанган.

Арызда 2011-жылы 22-майда кайтыш болгон Валерий Бахаревге таандык Бишкектин Кудайбергенов көчөсүндөгү 22-а номурлуу үйдү рейдерлик жол менен өзүнө ыйгарып алуу фактысы көрсөтүлгөн. Анткени Бахарев каза болгон күндөн алты айдан соң анын үй-мүлкүн мамлекеттик нотариус керээз каттын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Элдияр Убалиевдин агасы Эрнист Убалиевге каттаган.

Арыздануучулардын бири Чынара Мамбетова ал керээз каттын аныктыгынан күмөн санаткан шектүү жагдайлар туурасында буларга токтолду:

- Валерий Бахарев өзү жалгыз турчу. Ата-энеси өтүп кеткен. Ал жалгыздыктан улам анча-мынча ичип койчу. Аялы менен баласы Германияга көчүп кеткен. Убалиев ага жакын кошуна болчу. Анын ичкенин билип алышып эле ага “опекунство” тууралайбыз деп ичирип жүрүшкөн экен. Ошол жылы майдын аягында "Валера жоголуп кетти" деп кыйкырып чыгышты. Эки күндөн кийин өлүгүн тапканын айтышты. Валера жоголгонго чейин тирүү кезинде бир жолу көчөдөн жолугуп калып, эмне болгонун сурасам “документтеримди булар алып коюшту. Электр энергиясына эки миң сом карыз болуп калган элем, ошол боюнча бербей жатышат” деген эле. Анан эле ал жоголду болуп, каза болгондон кийин эле Убалиевдер “үйдү бизге жазып калтырып кеткен” деп чыгышты. Нотариус аркылуу жасалма керээз катты тууралап, үйдү негизсиз жерден эле өздөрүнө каттатып алышты. Ал тургай азыр анын үйүнүн ордуна жаңы үй салып алышкан. Баштапкы текшерүүдө эле кол тамга Валеранын өзүнүкү эмес экени аныкталган болчу.

Байланыштардын чоңдугубу?

Иликтөө ишинин алкагында текшерүү учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эксперттик-криминалисттик бөлүмү Валерий Бахаревдики деп саналган эки даана керээз каттагы маркумдун кол тамгасы “өзүнүкү эмес болушу мүмкүн” деген жыйынтык чыгарган.

Ошондуктан 2014-жылы 13-майда УКМК Мамкаттоонун мурдагы төрага орун басары Элдияр Убалиевге жана анын бир тууган агасына карата арызды андан ары териштирүүнү Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгына өткөрүп берген. Андан ары бул материал 2014-жылы 20-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн. Бирок ошол эле жылы 13-ноябрда аталган башкармалыктын тергөө бөлүмү керээз каттагы маркумдун кол тамгасын кайра экспертизага берип, бирок тергөөчү анын жыйынтыгын күтпөй, ошол эле күнү кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарган.

Чынара Мамбетова мында Элдияр Убалиевдин таасири жана ири байланыштары роль ойноду деп эсептейт:

- Убалиевдин байланыштары өтө чоң болду. Ал өзү ошол учурда Мамкаттоонун төрага орун басары болуп турган. Азыр болсо андан да көтөрүлүп, өкмөттө отурат. Ал улам чоңойгон сайын бул маселе боюнча эч ким эч нерсе кыла албай калды. Ошол органдардан эмне болгонун сурасак “иш каралып жатат” деп кат жазып жөнөтүп коюшат. Биз бул иш аягына чыгарына деле ишенбей калдык. Кошуналардан Зоя Ивановна деген Бахаревдерге жакын болуп, аларды атасынан бери жакшы билген аял дагы арызданып жүрдү. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Акыры калыстык болор деген ой менен прокуратура органдарына да кайрылып жатабыз.

Бирок арызда көрсөтүлгөн Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрага орун басары Элдияр Убалиев анын бул ишке түздөн-түз катышы жок экенин билдирди. Ошол эле кезде ал бул жерде кылмыш иши жалган жалаанын негизинде берилген арыздын боюнча агасына карата козголуп жатканын айтты. Анын айтымында, аталган үй мамлекеттик нотариус тарабынан мыйзам чегинде катталган.

Азыр өкмөт аппараттынын бөлүмүн жетектеген Элдияр Убалиев ага карата көзү түз эместердин чабуулу көптөн бери токтобой жатканын айтты:

- Ал иш менин үстүмөн эмес, агамдын үстүнөн козголгон. Ошол иш боюнча ал күнөөлүү болсо азыр жөн отурат беле? Байкемди мурда эле жоопко тартышмак да, чынбы? Мурда ошол жерде бир кошунабыз турган. Ал кошуна агамдын досу болчу. Кийин үйүн байкеме белек катары жазып, мураска калтырып кеткен. Мыйзамдын чегинде бардыгы жакшы эле болгон. Үй белек катары өткөн. Анын бардыгы экспертизадан текшерилип, туура чыккан. Анан ошолор жалган доомат менен арыздана берген үчүн ишти козгоп коюшкан. Бул иш мага байланыштуу эмес. Мага байланыштуу болсо мен ушул кезге чейин ушинтип иштеп жүрөт белем? Мен кызматта турам да. Ошон үчүн менин атымды каралагысы келгендер улам эле мага каршы арыз жаза беришет.

Кол жазмага корогон бир жарым жыл

Ошондон бери тараптардын ортосундагы маркумдун үй-мүлкүнө ээлик кылуунун мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш токтой элек. Юстиция министрлигинин соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик борбору 2015-жылы 14-январда Валерий Бахаревдин 2010-жылдын 30-декабрындагы керээз катына байланыштуу корутунду чыгаруунун мүмкүн эместигин билдирип, даттануучу тарапка маалымат кат берген. Экспертиза анын себебин изилдөө үчүн Бахаревдин кол жазма үлгүлөрүнүн жетишсиздиги менен байланыштырган.

Прокуратура органдары мекемелердин документтериндеги маркумдун кол жазмаларын алууга мүмкүн болбогон үчүн соттук-кол жазма эскпертизасы толук жүрбөгөнүн белгилеген. Мыйзам боюнча документтер кылмыш ишинин алкагында гана тергөөгө берилет.

Ошондуктан Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаева бул ишке биротоло чекит коюу үчүн кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Биздин токтомдо көрсөтүлгөндөй, мурда жөн эле текшерүү жүргүзүлүп эле кылмыш ишин козгоодон баш тартылган экен. Ошондуктан токтотулган ишти биз бузуп, кайра тергөөгө жөнөткөнбүз. Мамбетованын арызына байланыштуу кээ бир жагдайларды тергөө аркылуу гана тактоого мүмкүн болгондуктан биз кылмыш ишин козгодук. Бул кылмыш иши Мамкаттоодо мурда иштеген Убалиевдин агасына байланыштуу. Эми арызда аны агасына ошол үйдү өзүнө ыйгарып алууга жардам берген деп көрсөтүп жатышат. Бул кылмыш иши биздин көзөмөлдө. Анын жыйынтыгын эми милициядан сурашыбыз керек.

Каржы полициясынын полковниги Элдияр Убалиев өзүнүн ишмердигин ички иштер органдарынан баштаган. Ал андан ары Финансы полициясына которулуп, катардагы кызматкерден төраганын орун басары кызматына чейин жеткен. Кийин Элдияр Убалиев өкмөттүн коргонуу жана коопсуздук бөлүмүндө башчынын орун басары болгон.

2012-жылы полковник Элдияр Убалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары болуп иштеген. Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрагасы Эрлан Сапарбаев учурунда колунда иштеген Элдияр Убалиевдин кесиптик ишмердиги боюнча буларга токтолду:

- Мен иштеп турган учурда Элдияр Убалиевди атайын өкмөттөн Мамлекеттик каттоо кызматына коррупцияга каршы турууга жарадм берет деп жиберишкен. Аны уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыкта, Финполдо иштеген тажрыйбалуу адис катары ошол кызматка көрсөтүшкөн. Мен иштеп турган учурда кандайдыр бир туура эмес иштери байкалып, сөгүш алган учурлары болгон эмес. Бир аз эле иштешкенден кийин мен ал жактан кетип калдым. Ошон үчүн анын андан кийинки ишмердигин билбейм.

Бул иш боюнча даттануучу тарап тиешелүү жогорку кызмат адамына карата кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын айтып, Башкы прокуратурага да арызданган. Ошондуктан 2015-жылы 30-апрелде Биринчи Май райондук прокуратурасы бул боюнча териштирүүнү кайра жандантып, кылмыш ишин козгогон.

Кошумчалай турган жагдай, кылмыш иши ачылгандан көп өтпөй эле, тагыраагы 2015-жылы май айында Элдияр Убалиев өкмөттүн транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүн жетектөөгө кызматка барган. Ага байланыштуу кылмыш иши козголуп жаткан учурдагы бул дайындоо тууралуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевден комментарий алууга мүмкүн болбоду.

"Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков мамлекеттик кызматта мындай мисалдар көп экенин белгиледи:

- Мамлекеттик кызматтагы буга окшогон ондогон мисалдарды келтирсек болот. Кезинде Бишкек архитектура башкармалыгынын башчысына мурда иш козголуп, бирок ошол иши бүтө элек туруп, ал кайра кызматынан жогорулап кеткен. Мындай мисалдар көп. Азыр бизде бийликтин бир бутагын иштеп жүрүп, коррупциялык иштери ашкере болгон жетекчиге иш козголуп, ал жактан кетип, бирок кайра эле бийликтин башка бир бутагына кирип иштеп жүргөн учурлар толтура. Биз буга таң калбай эле калганбыз.

Учурда бул ишти тергөө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайра берилген. Башкармалыктын тергөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Сатаев тергөө аягына чыга электигине байланыштуу жыйынтыктуу маалымат бере албай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG