Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Мамлекет "алаканга салган" аткаминерлер


"Ата Мекен" Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, президенттик аппараттын кээ бир кызматкерлери мамлекет эсебинен кайтарылып жатканын сынга алууда. Ак үй. Бишкек.
"Ата Мекен" Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, президенттик аппараттын кээ бир кызматкерлери мамлекет эсебинен кайтарылып жатканын сынга алууда. Ак үй. Бишкек.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы кимдер жана кандай жагдайда мамлекеттик кайтарууда турганы тууралуу УКМК маалымат беришин талап кылды.

Аталган фракциянын 20-августтагы кезексиз жыйында айрым депутаттар, президенттик аппараттын кээ бир өкүлдөрү мамлекет эсебинен мыйзамсыз кайтарылып жатканы айтылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дооматты четке кагууда.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев атайын кызматтан соңку үч жылда кимдер жана кандай жагдайда мамлекеттик кайтарууга алынганы боюнча маалымат беришин талап кылды. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, президенттик аппараттын кээ бир кызматкерлери мамлекет эсебинен кайтарылып жатканын сынга алды:

- Кимдин өмүрүнө кандай, кайсы жактан коркунуч бар экенин оперативдүү кызматкерлер гана аныктайт, аны Жогорку Кеңештин төрагасы аныктабайт, анын андай “Жер тыңшаар Мамыттары” болбойт. Башкы прокуратура камай албай жаткан депутат Пирматовду эмнеге үч жыл кайтардыңар? Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмияновду кайтарасыңар. Ал бара турган жерге президент келчүдөй алдын ала күзөт барып, бомба жокпу, уу жокпу деп ичкен тамагына чейин карап кайтарып жүрөсүңөр. Кайсы мыйзамдын негизинде кайтарасыңар? Ал ким? Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков дегенди кайтарат экенсиңер. Анын өмүрүнө ким коркунуч келтирип жатат? Ошол жактагы Абдил Сегизбаев азыр силерге барып калды, аны да кайтарып жүрүпсүңөр. Жаңылышпасам президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду да кайтарасыңар. Силер аларды бейрасмий кайтарганыңарды токтоткула.

Атайын кызматтын 10-башкармалыгынын өкүлү Зоотбай Долбаев президенттик аппараттын жетекчилерин мамлекеттик күзөт кызматкерлери кайтарат деген дооматты четке кагууда:

- Пирматов боюнча төрагадан кат бар. Андан сырткары Келдибеков, Коркмазов, Гусаров, Иманалиев ушулардын баарын биз төраганын каты боюнча кайтарганбыз. Бизде деген кээ бир чиновниктерди силердин балдар кайтарат деп айткан учурлар көп болот. Көп учурларда алар мурда бизде иштеп кеткен балдарды алып жүрүшөт, же болбосо жеке күзөт агенттиктердин кызматынан пайдаланышат. Биздин аларга тиешебиз жок.

“Азаттык” мамлекеттик кайтарууда жүрөт, же болгон деген айрым адамдар менен байланышты. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “атамекенчилердин” айткандарын төгүндөдү.

- Мени кайтарышпайт. Эми алар айта берет да. Сиз ошого ишенесизби? Мени кайтарбай турганын сизге тактап айтып жатам.

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев болсо эки жыл мурун мамлекеттик күзөт кызматына кайрылганын бышыктады:

- Ошол учурда өмүрүмө коркунуч жаралып, мени кайтарганга эки киши керек деп сурангам. Анан бир айга беришкен. Мөөнөтү бүтөрү менен эле алдыртып салгам.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков бийликке жакын адамдардын Мамлекеттик күзөт тарабынан мыйзамсыз кайтарылган учурлары азыр да уланып жатканын белгиледи. Муну саясий коррупциянын бир көрүнүшү деп атады:

-Биздин кээ бир аткаминерлер президент менен жакындашып алып, мындайча айтканда, “серый, черный кардинал” болуп күзөт кызматкерлерин пайдаланып, өзүнчө кишилерди бөлүп алган учурлар абдан көп болгон. Азыр деле уланып жатат. Кээ бирлер "кайтарбайт" деп танып жатпайбы. Эми муну ким кайтарган, кайсы балдар жанында жүргөн деп оңой эле териштирип койсо болот. Баары эле билинип калат. Күзөт кызматындагылар Конституцияга дал келбеген аткаминерлерди кайтарбаш керек. Себеби, күзөт кызматкерлерге биздин чөнтөгүбүздөн айлык берилип жатат, унаа бөлүнүп, майы куюп беришет, мындан улам муну жогорку деңгээлдеги саясий коррупциянын бир түрү деп айтсак болот.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Мамлекеттик күзөт кызматын анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев жетектечү. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн утурумдук бийлик келери менен бул кызматты өзүнүн декрети менен жоюп салган. Анын милдеттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлигине бөлүштүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG