Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

ИИМ кылмышка тиешеси бар депутаттарды атады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

ИИМ уюшма кылмыш топтун мүчөсү, же ага катышы бар деп тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин аттарын жарыялады.

Бүгүн, 20-августта Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясы өкмөттөн, Башкы прокуратурадан жана УКМКдан “караларга” каршы күрөш боюнча отчет алды. Анда жер-жерлерде уюшма кылмыш топтор жанданганы айтылды.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамдын ысымын атады. Арасында Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов, Чүйдөгү Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, ошондой эле “Ата Мекен”, Социал-демократтар, “Республика” партияларынан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары бар:

- Балыкчы шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коеналиев, Кеминдеги Кара-Булак айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Кулболдиев, Кара-Балта шаардык кеңештеги “Республика” партиясынан депутат Калыбек Нургожоев, Жалал-Абадда Кара-Көл шаардык кеңешке “Ата Мекен” партиясынан депутат Алтынбек Арзымбаев, КСДП партиясынан Чолпон-Ата шаардык кеңешке талапкер Самат Токталиев, Чолпон-Ата шаардык кеңештин депутаты Бакыт Баркалбасов, Кара-Суу районунун Сарый айылдык кеңештин депутаты Замирбек Тургумбаев, “Республика” партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңештин депутаты Замир Сыргабаев, Лейлекте Кулунду айылдык кеңештин депутаты Тынычбек Бекболотов, Уюшма кылмыш топтун лөгү аттыккан Алмаз Бокушевдин досу Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев, Кара-Балта шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сүйүмбаев, Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңештин депутаты Руслан Жумагулов, Кайыңды шаардык кеңештин депутаты Урмат Осмонкулов, Москва райондук кеңештин депутаты Замирбек Болжокеев жана башкалар.

ИИМдин маалыматына ылайык, аты аталган айрым адамдар бир канча жолу соттолгон, арасында адам өлтүрүү өңдүү оор айып тагылгандары да бар.

Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү аткаруу бийлигинде аралашкан фактыны моюнуна алды. Өкмөт алардан тазаланат деп убада кылды:

- Биз аларга чара көрөбүз. Эми өзүңөр билгендей, биз, аткаруу бийлиги депутаттарга таасир эте албайбыз. Мамлекеттик кызматта отургандардын ар бирин карап чыгабыз. Эгер аныкталса, четтетүү боюнча чара көрөбүз.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов

“Азаттык” уюшма кылмыш топторго катыштыгы бар деп милициянын тизмесинде турган Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов менен байланышты. Депутат кримтөбөл Алмаз Бокушев менен чогуу окуганын, мамилеси бар экенин танган жок, бирок министр Суранчиевдин “караларга” байланыштырганын айыптады:

- Чогуу окуп калгандардын, кийин кандайдыр бир карым-катнашта болгондордун баары эле уюшма кылмыш топтун мүчөсү болмок беле? Баарыбыз эле кимдир бирөөлөр менен мектепте, университетте окуганбыз да. Мени ал тизмеге кошуу туура эмес. Мен чогуу окуп калганым үчүн эле эмнеге ОПГ болушум керек. Бул жерде мени каралоо боюнча буйрутма болгон. Мен каяктан жана ким тарабынан болуп жатканын билем жана убагы келгенде айтып берем.

“Ата Мекен” фракциясынын жыйында кылмыш дүйнөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досонов тууралуу сөз болду. Эл аралык издөөдө жүргөн Досоновдун быйыл жыл башында, Ошто мэр шайлоонун так алдында атайын кызматтын өкүлдөрүнүн коштоосунда күтүүсүз пайда болушу, сот анын баш коргоо чарасын тымызын карап, дароо үй камагына чыгарышы бир топ күдүк ой жараткан болчу. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай чечим чыгарган судьяга чара көрүүнү атайын кызматка тапшырды:

Женго деген каймана атка конгон Кадыр Досонов.
Женго деген каймана атка конгон Кадыр Досонов.

- Женгону эмнеге алып келдиңер? ММК шаар мэрин шайлоого карата келди деп жазып жатат. Биз кылмыш дүйнөсүнүн кызматына дагы муктаж болуп жатабызбы? УКМК аны үй камагына чыгарган судьяга чара көрүшүңөр керек. Жакында Ак-Бууранын боюнан үч гектар жерди бирөөгө берип, мыйзамсыз чечим чыгарды деп бир судьяга кылмыш иши козголду. Силер кыйналып кармап келген кылмышкерлерди чыгарып жиберген судьяларды кызматтан бошотуу керек. Биз бул боюнча президентке кат жазабыз. Ташиевди чыгарган судья эмне болгонун билесиңер да. Эмнеге Женгону чыгарган судьяга ушундай мамиле жасалбайт? Ташиевди мен актабайм, бирок ал коомго көбүрөөк коркунучтуубу, же Женгобу? Мындай кош стандарт жакшылыкка алып келбейт.

8-июнда жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бошогон кримтөбөл Камчы Көлбаев боюнча күч органдарына доомат айтылды. Көлбаевдин соту жүрүп жаткан чакта судьялар да, мамлекеттик айыптоочулар да анын кылмыш дүйнөсүнүн анабашы экенин тактабаганы маалым болду. Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Марат Кулжаев буларды билдирди:

- Көлбаевдин иши боюнча процесс башталганда эле ал көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ошон үчүн мамлекеттик айыптоочу андай суроо бере албайт болчу. Досоновдун иши Ош облусунда каралып жаткан. Сот аны үй камагына чыгаргандан кийин биз Жогорку Сотко чейин доо арыз менен кайрылганбыз.

Жыйында өкмөт эки жылдан бери уюшма кылмыш топко каршы күрөш боюнча концепциянын жана күбөлөрдү коргоо, тергөө иштерин жакшыртуу сыяктуу жоболор камтылган мыйзам долбоорлорду даярдап алып келбей жатканы айтылды. Бул иштерге бир ай мөөнөт чектелди. Дагы үч айдан кийин отчет берүүгө милдеттендирилди. Андан сырткары “караларды” актап жиберген, же жеңил жаза берген судьяларды тизмектеп, аларга чара көрүү тапшырылды.

ИИМ: Кылмыш дүйнөсүнөн мамлекеттик кызматка келгендер

Төмөндө ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин “Ата Мекен” фракциясы өткөргөн жыйынга алып келген тизмеси жарыяланды. Анда парламент жана жергиликтүү кеңештерде депутат болгон уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүнүн аты жазылган.

Коеналиев Алтынбек Башибекович, 1980-жылы туулган. Балыкчы шаарында жашайт. 2014-жылдан бери Балыкчы шаардык кеңешине “Даанакер” фракциясынан депутат. Агасы Н. Коеналиев Максат Абакировдун кылмыштуу тобунда жүргөн. 2014-жылы Алтынбек Коеналиев курал колдонуп, ээнбаштык кылуу боюнча кармалган.

Кулболдиев Алмазбек Медетович, 1983-жылы туулган. Кемин районунун Кара-Булак айылында туулган. 2008-жылы карактоо беренеси боюнча соттолгон. 2012-жылдан баштап Кара-Булак айылдык кеңешине КСДП фракциясынан депутат. 2014-жылы курал сактоо боюнча кармалган. Анын унаасынан номери сүрүп өчүрүлгөн ТТ пистолети, 16-калибрдеги чолок мылтык, травматикалык пистолет, жыгач союл, аркан, беткап жана бир нече уюлдук телефон табылган.

Нургожоев Калыбек Токтосунович, 1970-жылы туулган. Панфилов районунун Чалдыбар айылынын жашоочусу. Кара-Балта шаардык кеңешине “Республика” фракциясынан депутат. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин Жасалма документ даярдоо беренеси боюнча иш козголгон.

Арзымбаев Алтынбек Сабиржанович, 1981-жылы туулган. Жин деген каймана аты бар. Жалал-Абад облусундагы Каракөл шаардык кеңешине “Ата Мекен” фракциясынан депутат. Буга чейин уурулук, ээнбаштык боюнча соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бардыгы айтылып келет. Азыркы учурда көз боемочулук боюнча айыпталууда.

Токталиев Самат Саламатович, 1988-жылы туулган. Сампо деген каймана аты бар. Чолпон-Ата шаардык кеңешине КСДП фракциясынан депутат. Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышта. Уюшкан кылмыштуу топтун Эмил, Кайрат деген мүчөлөрү менен тууган. Чолпон-Атанын жаштарынын көмүскө лидери.

Баркалбасов Бакыт Өмүркулович, 1989-жылы туулган. Чолпон-Ата шаардык кеңешине “Улуу Кыргызстан” фракциясынан депутат. Максат Абакировдун тобунун мүчөсү. Уурулук үчүн шектелип, издөөдө жүрүп, 2011-жылы кармалган. Бирок иш Ысык-Көл райондук соту тарабынан токтотулган.

Тургумбаев Замирбек Жолболдуевич, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сарый айылдык кеңешинин депутаты. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү.

Пасанов Эржигит Жетимишович, Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты. Камчы Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү.

Сыргабаев Замир Саматович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешине “Республика” фракциясынан депутат. Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү.

Бекботоев Тынычбек Мырзаевич, Ноокат районунун Бел айылдык кеңешинин депутаты. Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү.

Кудайбердиев Алайбек Ташматович, Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты. Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү. Мурда аткезчилик боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Мындан тышкары ИИМдин маалыматында Чүй облусунун Жайыл районунда дагы бир уюшкан кылмыш топтун лидери Алмаз Бокушевдин кол астындагыларды жергиликтүү кеңештерге, мамлекеттик органдарга түртүү активдеше баштаганы айтылат. Алмаз Бокушев менен байланышы барлар:

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович, 1966-жылы Нарында туулган. “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Алмаз Бокушевдин курсташы, досу.

Ногоев Турусбек Молдобекович, 1970-жылы туулган. Жайыл районунун акими. Алмаз Бокушевдин өкүл баласы.

Сүйүмбаев Таалайбек Бектурович, 1981-жылы туулган. Жайыл районунун Бекитай айылынын тургуну. Кара-Балта шаардык кеңешинин спикери, “Эл-Аман” партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш жообуна тартылып, иш Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан токтотулган. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү.

Жээнбек уулу Белек, 1984-жылы туулган. Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү.

Жумагулов Руслан Доктурбекович, 1980-жылы Жайыл районунда туулган. Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты. Алмаз Бокушевдин тобунун мүчөсү.

Жумагулов Рустам Мырзабекович, 1984-жылы туулган. Кара-Балтадагы Жылуулук борборунун абоненттик байланыш бөлүмүндө иштейт. Алдын ала маалыматта, Жылуулук борборун көмүскө жетектейт. Алмаз Бокушевдин тобунун активдүү мүчөсү.

Казакбаев Дастан Азыреталиевич, 1975-жылы туулган. Панфилов районунун тургуну. Алмаз Бокушевдин тобунун активдүү мүчөсү. Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорттук комплексинин жетекчисинин орун басары болууга аракеттенүүдө.

Осмонкулов Урмат Өскөнович, 1979-жылы туулган. Нарын облусунун Миң-Куш шаарынын тургуну. Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты.

Тургуналиев Курманбек Алмазбекович, 1971-жылы туулган. Кара-Балтадагы “Манас” спорттук комплексинин жетекчисинин орун басары.

Болжокеев Замирбек Абдыманапович, 1964-жылы туулган. Зома деген каймана аты бар. Москва районунун тургуну, мурда соттолгон. Жергиликтүү кеңештин депутаты, уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү.

XS
SM
MD
LG