Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Талоончулук: депутаттар сурак бере баштады


Ишти иликтеген тергөө тобу 7-8-апрелде Бакиевдерге таандык мүлктү талап-тоноо боюнча 34 фактыны каттады.

Абактагы Абдулла Юсуповдун берген көрсөтмөлөрү текшерилип, иштеги негизги фигуранттар жана күбөлөр суралууда.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев кылмышка шектелген “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары тергөөчүлөрдүн сурагына келбей жатканын белгиледи.

Ошол эле кезде талап-тоноочулукту иликтөө боюнча депутаттык комиссия тергөөчүлөрдүн, күбөлөрдүн жана депутаттардын маалыматтарын иликтеп жатат.

Тизменин катары арбыды

Тергөө тобу 2010-жылы 7-апрелдеги Бакиевдерге таандык мүлктү талап-тоноо фактыларын иликтөө 80% аткарылганын жарыялады. Абактагы Юсупов тасмада 11 фактыны мисал келтирген болчу. Бул боюнча тергөөдө талап-тоноого байланыштуу 34 факты тизмектелип, каттоого алынды. Бирок тергөө тобу ал фактыларды текшерүү учурунда айрымдары такыр эле тастыкталган эмес.

Бул боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов тергөө амалдары жана иштин жагдайы иликтенип жатканын белгиледи:

- Биздин комиссиянын төрт мүчөсү кылмыштын жагдайын калыбына келтирип чыгуу боюнча тергөө амалдарына катышты. Анын материалдары азыр ИИМде турат. Анан эми биз жыйынтык чыгарардан мурун мына ошол окуялардын катышуучуларын, күбөлөрүн жана айыпкер катары саналган адамдарды сурашыбыз керек. Мына ошондон кийин гана иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланмакчы.

Абдулла Юсупов
Абдулла Юсупов
Аталган депутаттык комиссия 27-сентябрда бул ишке катышы бар деген фигуранттардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун, анын уулу Мусанын жана ишти алгач караган Чүй облустук прокуратурасынын өкүлү Абдыкалыковдун маалыматтарын угууга чогулмак.

Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов депутат ооруп калгандыктан ал жыйынга бара албай турганын билдирген болчу:

- Ал кишинин эти ысып, бир жумадан бери ооруп жаткан эле. Анан ошого байланыштуу жумушка да чыкпай жаткан. Ошондон улам ал жыйынга катыша албайт болуш керек.

Бирок Райкан Төлөгөнов аны “качып кетти” деген имиштер тарагандыктан депутаттык комиссиянын жыйынына атайын келгенин айтып, суроолорго жооп бере баштады. Бирок ал абактагы Юсупов менен мамилеси тууралуу айта баштаганда эле өзүн жаман сезип, бир стакан суу берүүнү сурады. Депутаттык комиссия Төлөгөновдун оорусуна байланыштуу анын көрсөтмөсүн угууну кийинкиге калтырды.

Президенттин убадасы

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” талоонго катышы бар деп шектелген депутаттардын айрымдарын суракка алууда кыйынчылыктар бар экенине токтолду:

- Мына ошол тергөөнүн ачык-айкын, объективдүү болушуна мына ошол биздин депутат мырзалар өздөрү кызыкдар болушу керек эле да. Бирок биздин тергөөчүлөр аларды ордунан таба албай, “кол бош эмес, кийин кел" деген жоопторун узатып жатышыптыр. Анан эми депутатпыз деп эле колдорун бошотпой жатканы туура эмес да.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев
Бирок “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев ал иш боюнча алар өз учурунда сурак бергенин айтып, тергөөнүн дооматын четке какты:

- Биз мына ошол айтылган бардыгыбыз көрсөтмөбүздү эбак эле бергенбиз. Мен өзүм эле үч көрсөтмө ирет бергем. Мында эч кандай чатак болушу мүмкүн эмес.

26-сентябрь күнү жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде президент Алмазбек Атамбаев кыңыр иштерге катышы бар саясатчылар ким экенине карабастан жазаланарын белгилеген болчу:

- Эгерде былык иштери бар болсо, ал ким болсо дагы жоопкерчиликке тартылат. Мына бир топ материалдар акыркы жылдары жабылып калган. Мына ошонун бардыгы көтөрүлөт. Менимче, Кыргызстан тазалана турган мезгил келди. Мына ошондуктан депутатпы, министрби, өкмөт башчысыбы же президентпи, жасаган иши үчүн жооп берүүгө тийиш.

Абакта жаткан Абдулла Юсупов 7-апрелдеги талап-тоноолорго “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги буйрук берген деп жарыялаган эле. Анан ишти иликтөө боюнча тергөө тобу түзүлүп, ага удаалаш атайын депутаттык комиссия ишке киришкен.
XS
SM
MD
LG