Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Депутаттын мас шоопуру эки адамды сүзүп кетти


Жогорку Кеңештин гаражындагы Toyota Camry унаалары.
Жогорку Кеңештин гаражындагы Toyota Camry унаалары.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу эки адамды сүзүп кетип, анын бирөөсү ажал тапты. Айдоочу мас абалда болгонун ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Бул окуя 26-февраль күнү кечки саат жетилер чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Жусубалиев билдирди.

- Чүй районуна караштуу Жаңы-Чек айылынан белгисиз автоунаа эки адамды сүзүп кеткен. Бирөө окуя болгон жерден каза болгон, экинчиси оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде Бишкектеги ГЭС-5 аймагынан Чүй ИИББинин ыкчам тобу тарабынан “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаа колго түшкөн. Айдоочусу мас абалында экени аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексине ылайык, кылмыш иши козголду жана териштирүү амалдары жүрүп жатат.

Кырсыктан ажал тапкан 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев менен оор жаракат алган 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев жолдун боюнда автоунаасынын дөңгөлөгүн оңдоп жатышкан. Дал ушул учурда аталган “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү KG номерлүү машина катуу ылдамдыкта келатып сүзүп кетет.

Депутат Ирина Карамушкина кырсыкка катуу капа болуп турганын “Азаттыкка” билдирди.

- Мен бир адамдын каза болгонуна абдан өкүнөм жана туугандарына көңүл айтам. Айдоочу өзү дагы мас абалда болгондуктан тагдырын талкалап алды, эми териштирүү иштери жүрөт жана ал өз жазасын алат. Мен өзүм унаанын ичинде болгон эмесмин, мен ал учурда үйдө эле болчумун.

Жобо боюнча депутаттардын кызматтык унаасы бир гана Жогорку Кеңештин гаражында турушу керек. Бирок дем алыш жана майрам күндөрү атайын уруксат кагазын жазып унааны пайдаланса болоорун Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы, депутат Курмантай Абдиев белгиледи:

- Негизи дем алыш жана майрам күндөрү депутат шайлоочулары менен жолугушууларга барса, же кандайдыр бир иш-чараларга бара турган болсо, анда алдын ала унаа токтоочу жайга билдирип, арыз жазып унаа менен кете бергенге укугу бар.

Ал эми Жогорку Кеңештин гаражынын башчысынын маалымат каражаттарына кабарлаганына караганда, Карамушкинанын унаасы бир жылдан бери парламент гаражына токтотулган эмес. Бул боюнча Ирина Карамушкина төмөндөгүдөй түшүндүрмө берүүдө.

- Эгерде депутат унаага болгон жоопкерчиликти өз мойнуна алса анда гаржга койбой деле койсо болот. Анын үстүнө мен башка райондо, айдоочу башка райондо жашачу. Атайын түзүлгөн комиссия айдоочунун унаа коё турган жайын текшергенден кийин бизге уруксат берген. Ал эми ошол каргашалуу күнү айдоочум куран окутканы суранып кеткен. Мен ал кызматтык унааны айдап жүргөнүн билген эмесмин. Ал мага бул тууралуу эч нерсе айткан эмес. Мен ага ишенчүмүн.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу автокырсыкка кабылып, үч адамдын өлүмүнө себепкер болгон. Бул боюнча соттук иш уланууда. Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айдоочусу да кызматтык унаа менен бир адамды сүзүп кеткен.

XS
SM
MD
LG