Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Апрель окуясы: күттүргөн өкүм


Апрель окуясы боюнча ишти караган судья Дамир Оңолбеков.
Апрель окуясы боюнча ишти караган судья Дамир Оңолбеков.

21-июлда Бишкек гарнизондук аскер соту 2010-жылдагы апрель окуясы боюнча өкүмүн угуза баштады.

Өкүмдү окуп жаткан судья Дамир Оңолбековдун айтымында, кылмыш иши абдан көлөмдүү болгондуктан, өкүмдү окуу 2-3 күнгө созулушу мүмкүн.

Апрель окуясы боюнча Курманбек, Жаныш Бакиевдер жана Данияр Үсөнөв баштаган 28 адам айыпталууда. 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийлик алмашып, Ак үй алдында 77 адам каза тапкан жана 300дөй адам жаракат алган.

Кыбырыган кылмыш иши соңуна жетти

Бишкек гарнизондук аскер соту апрель окуясы боюнча кандай өкүм чыгарат болду экен деген гана суроолор. 2010-жылдан бери уланып келе жаткан бул соттун өкүмү кандай болот деп, жандырмагын жабырлануучу тарап да, соттолуучулар да өз алдынча издешүүдө. 21-июлда башталган өкүм чыгаруу жараянына жабырлануучу тараптан жүздөн ашык адам, соттолуучу тараптан адвокаттарын кошкондо кырктай киши келди.

Апрель ыңкылабынын катышуучусу, бутунан жаракат алган жабырлануучу Каримжан Стамов сот өкүмүнүн башталышына оң баасын берди.

- Өкүмдүн башталышы туура эле кеткендей болуп жатат. Анткени судья өкүмдү окуп жатып, “эл тынчтык митингине чыккан, эл тараптан бийликке эч кандай коркунуч туулган эмес, ошого карабастан бийлик тараптан мыйзам бузуулар башталган” дегендей айтты. Өкүм угузуунун башы ушундай кетип жатат. Адилеттүү өкүм чыгат деген оюбуз бар.

Деген менен айрым жабырлануучулар өкүмдүн мазмунуна карап, эгер ал адилетсиз боло турган болсо, нааразычыкка чыгышары мүмкүн экендигин кошумчалашты.

Бириктирилген кылмыш иштери

Апрель сотуна төрагалык кылып, өкүмдү окуп жаткан судья Дамир Оңолбековдун айтымында, кылмыш иши абдан көлөмдүү болгондуктан, өкүмдү окуу 2-3 күнгө созулушу мүмкүн. Анткени апрель окуясы боюнча гана кылмыш ишинин көлөмү 64 томдон турат. Ага болсо Аксы окуясы, Өмүрбек Текебаевге байланыштуу “матрешка гейт” иши, “Түндүкэлектр” ишканасынын арзан баада сатылышы сыяктуу кылмыш иштери да бириктирилип, жалпы 70 томдон ашкан.

2010-жылы апрель ыңкылабында уулунан ажыраган Сүйүндүк Карасартов бир канча кылмыш ишин бириктирүү апрель сотунун маанисин төмөндөтөт деген ойдо:

- Судья 2002-жылдагы Аксы окуясы, Текебаевдин “матрешка гейт” иши, ошондой эле Бакиевдердин экономикалык кылмыштары боюнча да окуп жатат. 7-апрель окуясын гана жалгыз карабастан, бул жерде башка кылмыш иштерди да кошуп салышкан. Соттун бул аракети бизди нааразы кылууда.

Мыйзам боюнча эгер бир адам бир канча кылмыш иш боюнча айыптала турган болсо, анын баары чогуу бир өндүрүшкө алынат.

Соттолуп жаткандар кимдер?

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сунуштаган.

Ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары, соттолуучу Данияр Дунгановдун бир тууган агасы Асымбек Дунганов чыныгы күнөөлүүлөр кармалбаганына нааразы.

- Күнөөсү барлар качып кетип, жакшынакай эле чет мамлекетте жүрүшөт. Ал эми бул жерде болсо күнөөсү жок, катардагы офицерлерди алып келип алып соттоп жатышканы - уят иш. Азыркы учурда да Ак үйдү кайтарып турган жоокерлер бар. Анткени Ак үй жогорку стратегиялык имарат болуп эсептелет.

Мамлекеттик айыптоочулар Нурлан Турсункулов, Мурат Суталинов, Каныбек Жороев, Элмурза Сатыбалдиев, Данияр Дунганов, Нурлан Темирбаев, Оксана Малеваная жана башка мурдагы жогорку кызмат адамдарын күнөөсүнө жараша 10 жылдан 25 жылга соттоону сураган. Ошондой эле УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун өкүлдөрүн “адам өлтүрүү” боюнча актоону сурап, бирок аларды "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү сунушталган.

“Альфа” атайын тобунун ошол кездеги командири Алмаз Жолдошалиев аскерлер буйруктун негизинде гана өз милдеттерин аткарганын жана кылмыштуу аракетке барышпаганын айтты.

- Сот бардык мыйзам бузууларды жана бизди актаган далилдерди эске алуу менен адилеттүү чечим чыгарат деп ишенгим келет. Анткени мени менен соттолуп жаткан аскер кызматкерлеринин күнөөсү жок. Ант берген кызматкер буйрукту аткарууга милдеттүү. Эгер биз ал мыйзамды, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын буза турган болсок, анда бизге армиянын, милициянын кереги да жок болот. Бир да мамлекетте буйрукту аткарганы үчүн аскер адамдарын соттогон эмес. Эгер бизде соттоп жибере турган болсо, анда бул адаттан тыш окуя болуп калат.

Сот жүрүп жаткан имараттын аймагы катуу кайтарууга алынып, коопсуздук чаралары абдан күчөтүлгөн. Апрель окуясы боюнча 28 адамга айып коюлган. Алардын алтоо качып жүргөндүктөн сыртынан соттолууда. 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 77 адам окко учуп, 300дөн ашык адам жаракат алган. Кийин жаракат алгандардын арасынан да бир тобу каза болуп, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган.

Апрель соту: өкүм угузула баштады
Апрель соту: өкүм угузула баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

XS
SM
MD
LG