Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Мамкаттоодо коррупциянын тамыры терең


Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциянын 8 зонасы жана 48 жагдайы аныкталды.
Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциянын 8 зонасы жана 48 жагдайы аныкталды.

Коргоо кеңешинин жумушчу тобу Мамлекеттик каттоо системасында 8 коррупциялык зонаны жана 48 жагдайды аныктап чыккан.

Адистер тармактагы коррупциядан арылуу үчүн эң ириде саясий эрк жетишсиздигин белгилеп, толугу менен автоматташтырылган системаны киргизүү зарылдыгын айтышууда.

Айдоочулук күбөлүк сатылат

“Азаттыкка” атын атап, сүйлөп берүүнү каалабаган жарандын айтымында, ал айдоочулук күбөлүгүн эч кандай автомектепте окубай эле, бир жумада сатып алган. Адегенде 5 миң сом, күбөлүктү колуна аларда дагы үч миң сом берген. Мындай кадамга күбөлүк ээси Москвага ишке чукул кетүү зарылчылыгынан улам барган. Ал авто айдаганды өзү жакшы билет, эрежелерин болсо өз алдынча интернеттен үйрөнүп алам деп ишенет.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда Өзбекстан, Тажикстан жана башка чет мамлекеттердин жарандары да кыска убакытта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн Кыргызстандын МАИ кызматкерлерине кайрылышат, алар Мамлекеттик каттоо кызматындагы тааныштары аркылуу айдоочулук күбөлүктү кымбат пулдашат. Шашылыш Орусияга кетүү үчүн бир күндө 300 долларга айдоочулук күбөлүк алган Кутпидин аттуу маектешибиз күбөлүк алуу үчүн Оштон Баткенге барган:
Бишкек. Жол кайгуулчулар. 22-июль, 2012-жыл.
Бишкек. Жол кайгуулчулар. 22-июль, 2012-жыл.
- Мен Ош шаардык МАИ кызматында иштеген бир киши аркылуу бир күндө айдоочулук күбөлүк ала турган болуп сүйлөштүм. Ал таанышыбыз биз болжошкон күнү текшерүү келип калып, даярдап бере албады. Ошондуктан, Баткендеги тааныштары менен сүйлөшүп берип, ал жакка бардым. Күбөлүк ошол эле күнү колго тийди. Ал үчүн 300 доллар бердим.

Айдоочулук күбөлүктү сатып алуу - Коргоо кеңеши аныктап чыккан Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемалардын бири гана.

Автоматташтыруу менен маселе чечилеби?

Мамлекеттик каттоо кызматындагы сегиз коррупциялык зонанын катарында мындан тышкары паспорт, жарандык берүүдө, ЗАГС органдары тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди берүүдө, кыймылсыз, кыймылдуу мүлктү каттоодо, турак-жай тургузуу үчүн жер участогунун мыйзамсыз жолдор менен катталып берилүүсү ж.б. бар. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин өткөн жума күнү болгон жумушчу жыйынында айтылды.

Жумушчу топтун иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыгына ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциянын 8 зонасы жана 48 жагдайы аныкталды. Жумушчу топ иликтөөсүнүн жыйынтыгында айтылгандай, тармактагы системалык коррупциянын негизги себеби – адам фактору экенине Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев да кошулат. Сапарбаевдин айтуусунда, тармактагы коррупцияны азайтуу үчүн автоматташтырылган системаны жайылтуу керек:
Эрлан Сапарбаев.
Эрлан Сапарбаев.
- Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир экинчи жаранга кызмат көрсөтөт, айрым учурларда бардык кыргызстандыктарга. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери менен элдин тыгыз байланышы – коррупцияга негизги жол болуп калып жатат. Ошондуктан, толугу менен автоматташтырып, бирдиктүү улуттук маалымат системасын түзүп, аны менен бирген жаңы муундагы мамлекеттик маанидеги документтерди бере баштаганда коррупция өзүнөн өзү жок болот. Документтердин баарын код менен бекитип, жарандарга биометрикалык паспортторду берүүнү тездетүү керек.

Коррупцияны жоюу үчүн саясий эрк жетишсиз

Мамлекеттик каттоо кызматы 2009-жылы түптөлүп, анын карамагына Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик (ГАИРТ), ЗАГС кызматын, паспорт столдорду, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү каттоо, айдоочулук күбөлүк берүү кызматтары кирген. Андан тышкары элдин каттоосун алууга байланыштуу да бир катар кызматтарды ишке ашырат. Бул кызматтардын баарын бириктирип, Мамлекеттик каттоо кызматына берүүнүн негизги максаты – бардык жарандар тууралуу баштан-аяк маалыматтык база түзүү менен бирге эле коррупциянын алдын алуу болчу.

Тармакты негизги багытында иштетүүгө бүгүнкү күнү саясий эрк жетишпей атат деген пикирин жарандык активист Рита Карасартова “Азаттыкка” билдирди:
Рита Карасартова.
Рита Карасартова.
- Мамлекеттик каттоо кызматын буга чейин коррупцияга кызыкдар жетекчилер башкарып келген. Анткени андагы коррупциянын жоюлганы эч кимге керек эмес болчу. Ошондуктан, тармактагы коррупциянын жоюуга эң биринчиден саясий эрк керек. Азыркы жетекчилигин тандоого биз да катышып калдык, азырынча үмүт бар. Бирок эң башкысы – тармакты жакшыртуунун жолдорун билген адис эми саясий эрктүүлүгүн көрсөтө алса гана, Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция жокко чыгат деп ишенем.

Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин жакшыртуу боюнча жыл башында вице-премьер Тайырбек Сарпашев баштаган атайын комиссия түзүлүп иш алып бара баштаган. Андан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы алмашты. Мамлекеттик каттоо кызматынын азыркы төрайымы Алина Шаикова Коргоо кеңешинин жыйынында тармактагы коррупциялык схеманы жоюу үчүн жумушчу топ менен чогуу кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул иштин жыйынтыгы кандай болот, Мамлекеттик каттоо тармагында коррупция азаябы, жокпу, аны убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG