Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Жемкорлукту кантип жеңебиз?


Кыргызстанда “Коррупцияга каршы комиссия” коомдук фонду жарандык көзөмөл комитети уюштуруларын жарыялады.

Бул комитеттер жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлердин ишине көз салып, коррупцияны тыюуга салымын кошот. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда жарандык көзөмөл комитети тууралуу сөз болду.

Талкууга “Коррупцияга каршы комиссия” коомдук уюмунун башчысы Жолдошбек Түмөнбаев, эксперт Бакыт Бакетаев катышты.

“Азаттык”: Жарандык көзөмөл комитеттери жер-жерлерде мамлекеттик кызматкерлердин ишине көз салып, коррупцияны тыюуга салымын кошот деп айтылып жатат, дагы кандай максаттарды көздөйт?

Түмөнбаев: Бул уюмдун келечеги кең деп ойлойм. Анткени биздин демилгени мамлекет башчы Атамбаев колдоого алып, коргоо кеңешине алып чыкты. Ошентсе да бардыгын президентке шылтап койбой, ар бир жаран өзүнө “коррупцияга каршы эмне кыла алам?” деген суроону берип, терең ойлонуп, иш кылышы керек.

“Азаттык”: Азыр коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш, айрым бир жогорку кызматтарда иштеген адамдарга каршы козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай калып жатышы коомчулукта “коррупция баары бир жок болбойт” деген ишенбестикти жаратып жаткан жокпу?

Бакетаев: Менин баамымда, президент Атамбаев коррупцияга каршы катуу күрөшүп жаткан мамлекет башчы болуп жатат. Коррупция – бул оору, андан коомду айыктыруу үчүн тиешелүү доктрина керек, эл аралык тажрыйбага таянып, тийиштүү доктрина менен иштеш керек. Бирок бизде андай болбой атат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: “Жарандык көзөмөл комитети” тууралуу долбоордо жазылып турат, бул комитет жарандардын ар кандай мыйзам бузуулар боюнча кайрылууларын карайт деп. Кептин баары кантип караарында болуп аткансыйт. Комитеттин макамы, күч жана башка мамлекеттик органдардын алдында аброю кандай болот?

Түмөнбаев: Жобо боюнча жарандык көзөмөл комитеттери ар бир облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында болот. Келечекте ар бир райондо түзүлөт. Ошол жердеги комитеттин уюмдарына жергиликтүү калк өздөрүнүн арыз-муңун айтып, кайрыла алышат. Жарандык комитет ал арыз-муңдардын үстүнөн оперативдүү түрдө иш жүргүзүүгө тийиш.

Азыркы жобо боюнча президенттин демилгеси менен президенттик администрация ар бир облуста коомдук кабылдама түзүүнү көздөп жатышат, аны менен кошо жарандык көзөмөл комитетинин катчылыгын каржылап берели деп атышат. Андан башка ар бир облуста эң аз 15 кишиден турган комитет түзүлсүн деп сунуштап атабыз. Комитет мүчөлөрү коомдук башталышта иштегендери да болушу ыктымал, калган адамдардын айлык акы маселеси азырынча чечиле элек.

“Азаттык”: Жарандык көзөмөл комитети буга чейин түзүлгөн байкоочулар кеңешинин ишин кайталабайбы?

Бакетаев: Кандай комитет түзүлгөн күндө да натыйжалуулук болушу керек. Мурдагы президенттин тушунда Байкоочулар кеңештери түзүлгөнү менен натыйжа болгон жок да. Алар болгону бир жылдык мөөнөт менен иштөөгө тийиш болсо да, кеткен жери жок. “Ордуңду бошотпойсуңбу?” десең, “катырып иштеп атабыз” деп жооп беришет, бирок жыйынтык көргөн жокпуз. Азыр көчөдөн сурамжылоо жүргүзсөңүз 50% киши “коррупция күчөп кетти” деп жооп берсе, 49% “коррупция жоголбой, ошол бойдон эле турат” дейт. Жең ичинен жеп-ичмейге каршы Жогорку Кеңеш да күрөшүп, катуу салымын кошпосо, президент жалгыз өзү коррупцияны жеңе албайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG