Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Чолпон-Ата ат майданынын чатагы ачыкка чыкты


Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушу
Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушу

Чолпон-Ата ат майданын оңдогон курулуш компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаев Президенттик аппараттын жетекчи орун басары Сапар Исаковду айыптап чыкты.

Эркинбек Мергенбаев курулушка өкмөт 14 миллион сом карыз болуп калганын айтып, бирок Ак үйдүн көрсөтмөсү менен аткарылган жумуштун баасы ашыкча көрсөтүлгөн деген кине менен кылмыш иши козголгонун ырастоодо.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү бул курулуш компаниясынын кыңыр иштерине даттануулар көп болгонун белгилеп, анын жетекчиси муну саясатташтырып жатканын билдирди.

Ишкер кантип бересе болду?

Былтыр Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданын шашылыш оңдоп-түздөө маселеси келип чыккан. Буга байланыштуу курулуш иштери “Темир канат” компаниясына сынаксыз тапшырылган. Курулушка мамлекеттик казынадан башында 52 миллион сом бөлүнүп, кийин 20 миллион сом кошумча которулган. Кийинки текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери 11 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн деп кылмыш иши козголгон.

“Темир канат” компаниясынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев өкмөт тескерисинче ага 14 миллион сом карыз болгонун айтып чыкты:

Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу. 2014-жыл
Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу. 2014-жыл

- Кылмыш ишин ачып, ошол 11 миллион сомду илебиз деп мага 14 миллион сомду төлөбөш үчүн жасалма экспертизанын жыйынтыгы менен иштеп жатышпайбы. Ал жасалма акты дагы бар. Негизи мага төлөнбөй калган 14 миллион сом каяктан чыкты? Жумуштун бардыгы бүткөн соң, чыгымдарды эсептегенде 87 миллион сомдон ашып кеткен. Ошондо булардын төлөгөнү 72 миллион сом. Анан ошондо жетпей калган сумма 14 миллион болчу. Анан ошону таанып, кол коюп бергенден кийин кайра жанагындай иштер башталып жатпайбы.

“Темир канат” компаниясынын жетекчиси Мергенбаев бул иштен жогорку жактагы кызмат адамдарынын кызыкчылыгын көрөт. Мергенбаев мында Көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча даярдыкка жетекчилик кылган тараптын каржылык көз боёмочулукту жашыруу аракети турганын белгиледи:

- Чынында уюштурууга кеткен жалпы суммадан акча уурдалган. Көчмөндөр оюнуна жалпысынан 200 миллион сом бөлүнсө, андан башка Түркиядан гранттык колдоо келсе, ошонун ичинен мен 72 миллион сомду курулушка сарптадым. Калган олчойгон акча каякка жумшалды? Менин го куруп койгонум турат. Анан тигилер анча акчаны эмне кылышты, каякка чыгымдашты? Шариктерди үйлөп, кооздоп, балмуздак таратканга ошончо акча кеттиби? Жооп берсин ошого. Анан буларга четте турган адамды табыш керек болду да. Унчукпай эле жүрө берет экен. Жаса десек, жасап койду деп жоопкерчилик үчүн мени тандашкан окшойт. Бул иштин башынан аягына чейин Сапар Исаков турат. Менин буга далилдерим бар.

Бет тырмоочулукпу?

Бул жагдай тууралуу Президенттик аппараттын жетекчи орун басары Сапар Исаков менен байланышууга мүмкүн болбоду. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов ишкер Мергенбаевдин дооматын өзүнүн кыңыр ишин жашырууга жасалган саясий кызыл кулактык катары баалады:

Сапар Исаков
Сапар Исаков

- Тигил киши жөн эле курулай доомат менен каралап жатат. Мында ал өзүнүн кетирген кемчиликтерин албетте айтпайт да. Анткени курулушту текшергенде аябай көп мыйзам бузуулар болгон. Анын үстүнө куруучулар ошол кезде эле аябай көп даттанышкан. Биздин аппаратка дагы келип, мага дагы көп ирет кайрылышкан. Алар Мергенбаев акчаны бербей кетти деп арызданышкан болчу. Ошондон кантип биз бул нерсеге көз жуумп коюшубуз керек? Бардыгын текшерсе, кийин мына ошол мыйзам бузуулардын бардыгы тастыкталбадыбы. Анан дагы бир жагдайы, бул адам эсептеги накталай акчанын бардыгын ошол эле күнү чыгарып кетиптир. Иши кылып, бул жерде ызы-чуу аябай көп. Кылмыш иши жөндөн-жөн эле козголбойт да.

Эки башка чыккан эсептер

Курулуш компаниясы жумушту убагында бүтүргөн менен жумушчуларга маянасын төлөп бере албай калган. Өкмөт жетпей калган 14 миллион сомду төлөп берүүдөн мурда курулушка кеткен чыгымды текшерүү чечимин кабыл алган. Натыйжада, соттук-техникалык экспертизанын корутундусу боюнча курулуш иштери 11 миллион сомго ашык көрсөтүлгөн деп табылган. Бирок ага чейинки Эсеп палатасынын текшерүүсүндө жетишпестиктин өлчөмү бир кыйла аз чыккан. Бул тууралуу Эсеп палатасынын инспектору Субан Жаманаков мындай дейт:

- 14 миллион сом курулуштагы иш мурда көрсөтүлгөндөн ашыкча аткарылганда чыккан. Ошон үчүн буюртмачы тарап Мергенбаевге бересе болуп калган. Анан биз текшерүү учурунда аткарылган жумуш ашыкча көрсөтүлгөн жагын дагы тапканбыз. Ал жерде ашыкча көрсөтүлгөн иштин көлөмү төрт миллион сомду түзгөн. Төрт миллион сомду алып салса, Мергенбаевдин аласасы 10 миллион сомдун тегерегинде болуп калат. Биз башында мына ошондой корутунду чыгарганбыз. Анан кийин кылмыш иши козголуп, материалдардын бардыгын алып кетишкенде биз аудитти токтотконбуз. Андан кийинки текшерүү эмне болгонун билбейм.

Убакыттын чукулдугунан улам ат майданын оңдоп-түздөө иштери курулуш долбоорлоо документтери даярдала электе эле башталган. Мына ошондуктан анын чыгымдары алдын-ала такталган эмес. Курулуштун көлөмүнүн ашыкча көрсөтүлгөн чыгымына байланыштуу Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Ошол эле учурда “Темир канат” компаниясы 14 миллион сомду өндүрүп берүүнү сурап, өкмөттү сотко берген.

XS
SM
MD
LG