Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Президент: экономикага аралашууга аргасызмын


1--декабрь, 2011-жыл, ант берүү аземи
1--декабрь, 2011-жыл, ант берүү аземи

Президент Алмазбек Атамбаев экономика, салык жана шайлоо жараяндарын өз көзөмөлүнө алуу ниетин билдирди. Азыркы Конституция мамлекет башчысына ошондой мүмкүнчүлүк береби?

24-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев ички жана тышкы саясатка байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Анын ичинде экономикалык саясатка мындан ары жеке киришерин да жарыялады:

- Мен ойлодум эле парламенттик өлкөлөрдөгүдөй сырттан байкап турайын деп, бирок туюшумча соңунда жооп берүүчү мен болуп калат экем. Ошондуктан мен экономикага, коргоо маселесине, ал гана эмес, шайлоолорду өткөрүүгө да киришем. Менде башка айла жок. Бишкектин же башка шаардын маселеси болобу, алар менен да иштешүүгө туура келет.

Президент ошондой эле энергетикалык маселелерди чечүүгө да киришерин маалымат жыйынында жарыялаган.

Юристтердин айтымында, президентке экономикага киришүүгө ыйгарым укук берилген эмес. Парламенттин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев:

- Конституцияда президентке андай ыйгарым укуктар берилген эмес. Экономикага кийлигишсин деген жок. Бул Конституцияны бузуп жатат.

Конституциянын 3-бересинде "Кыргызстанда мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү жана ыйгарым укуктарды чектөө принцибине негизделет" деп жазылган. Ал эми 5-беренеде мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш катары мүнөздөлгөн.

Оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеш мыйзамдар аркылуу президентке кошумча ыйгарым укуктарды берүү менен, ал эми президент өз жардыктары менен Конституциянын талаптарын бузуп жатат дейт. Мурунку президенттер ыйгарым укуктарын формалдуу болсо, референдум аркылуу көбөйтүп алчу дейт Бекназаров:

- Жок дегенде формалдуу болсо референдумга чыгарып туруп, Акаев беш жолу, Бакиев үч жолу ыйгарым укуктарды алган эле. Ал эми бул референдумга чыкпайм, Конституцияны өзгөртпөйм, бирок ушул ыйгарым укуктарды алам дейт. Бул - Кокон хандыгы.

Эгерде президент ыйгарым укуктарын көбөйтүүнү кааласа, анда референдум жарыялап, мыйзамдуу жол менен жасаш керек. Укуктук мамлекет курууга аттангандан кийин президент, парламенттен баштап, мыйзам жолу менен жүрүш керек.

Референдум 2010-жылы 27-июнда өткөн
Референдум 2010-жылы 27-июнда өткөн
Президенттик аппараттын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаиловдун айтымында, өкмөт, парламент өзүнүн программаларын сунуштай алган жок. Ошондуктан президент өлкөдө түзүлгөн шартка жараша экономикалык жараяндарга киришип жатат. Ал эми экономикага киришем деген президенттин сөзүнө Исмаилов мындай түшүндүрмө берди:

- Бул мыйзамдын негизинде киришем деген нерсе. Президент азыркы убакытта мыйзам чыгаруу жараянына кийлигишип турат. Себеби Жогорку Кеңештен келген мыйзамдарга кол койот. Ошол мыйзамдар боюнча ой-пикирин айтканга да укуктуу. Маселен, вето коёт. Каршы болбосо кол коёт. Ошону менен мыйзамдар күчүнө кирет. Ошонун баарын эске алып, ошол эле деңгээлде кийлигишет.

Президенттин Конституция берген ыйгарым укуктарын Жогорку Соттун Конституциялык палатасында тактап-талашууга болот. Конституциялык палата болсо азырынча ишке кирише элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG