Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Оторбаев: Артыкчылыгым да, кемчилигим да бар


Жоомарт Оторбаев биринчи вице-премьер-министрлик кызматка киришээр алдында парламентте ант берип жатат. 12-сентябрь, 2012.
Жоомарт Оторбаев биринчи вице-премьер-министрлик кызматка киришээр алдында парламентте ант берип жатат. 12-сентябрь, 2012.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү түзүү кийинки аптага калды. Буга башкаруучу коалицияга кирүүгө ниеттенген фракциялардын орток пикирге келе электиги себеп болууда.

Ал эми премьер-министрликке талапкерлиги сунушталып жаткан Жоомарт Оторбаев экинчи фракциянын колдоосун алды.

Коалиция али түзүлө элек

Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин 28-мартта Социал-демократтар фракциясы да колдоду. Фракция жыйынында депутаттар Оторбаевдин баскан жолуна, саясий карьерасына жана мамлекетти өнүктүрүү боюнча көз караш, программасына кызыгып, суроолорду узатты. Ыңгайлуу-ыңгайсыз суроо узаткан эл өкүлдөрү анын шаарда өскөндүгүн айтып, айыл-чарбасын билеринен күмөн санагандары да болду.

Жоомарт Оторбаев өкмөт бул команда экенине, ар бир министр өз ишин мыкты билиши керектигине токтолуп, өзү болсо үч ирет вице-премьер-министр болгон тажрыйбасын эске салды. Ал жоопкерчиликти алып жатканын кошумчалады.

- Мен чындыгында эле Фрунзе шаарында төрөлүп, орус мектепти бүтүргөм. Карьерамды илимден баштагам, бул баарына белгилүү. Бирок эми көп тармактуу адамдар бизде жок. Кайсы бир адам бир тармакты мыкты билсе, башкасы дагы бир башка багытты жакшы билет. Менин да кемчиликтерим көп. Бирок менин артыкчылыгым - мен үч ирет вице-премьер-министр болгом. Ошондой эле мамлекеттик системаны жакшы билем, базар экономикасын түшүнөм жана демократияны колдойм. Өкмөт - бул команда. Мисалы, оркестрде баары эле скрипкада ойноп алса болбойт да. Бири скрипкада, экинчиси пианинодо, үчүнчүсү контрабасста ойногондой болуш керек.

Оторбаев "Ырыс алды-ынтымак" башкаруучу коалициясы тарап, Жантөрө Сатыбалдиев отставкага кеткенден бери өкмөт башчынын милдетин аткарууда. Аны премьер министрликке “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков Оторбаевдин талапкерлигин башкаруучу көпчүлүккө кирүүгө дилгир башка фракциялар да колдоп берет деген ишенимде:

- “Ата Мекен” сунуштаган талапкерди коалиция бирдиктүү талапкер катары алып чыгап жатат. Азыр эки фракциянын колдоосун алдык. Калган фракциялар кандай ой-пикирде болот, аны убакыт көрсөтөт. Мен Феликс Кулов менен сүйлөшүп, түшүнгөнүмө караганда “Ар-намыс” фракциясы да Оторбаевге макулдугун бере тургандай болуп турат.

"Ата-Журт" да коалицияга кошулгусу келет

Буга чейин жаңы коалиция жума күнү түзүлүп, жарыя кылынат деп күтүлүп жаткан болчу. Бирок азырынча ал качан жана канча фракциядан куралары анык боло элек. “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракцияларынан тышкары, “Ата-Журт” фракциясы да ага кирүү ниетин билдирди.

Аталган фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун айтымында, фракция башкаруучу көпчүлүккө кошулуу чечимин кабыл алды.

- Чыныбай Турсунбеков башкаруучу көпчүлүкө киресиңерби деген сунуш менен кат жөнөткөн. Биз болсо ага киребиз деп жооп бердик. Биз биринчи коалицияны түзүп алып, ошондон кийин гана ким өкмөт башчы ким болорун карайлы деп сунуштап жатабыз.

Ал ортодо “Ата-Журт” партиясынын төрагасы, былтыр сот өкүмүнөн кийин мандатынан ажыраган экс-депутат Камчыбек Ташиев фракция депутаттарынын коалициялык көпчүлүккө кирүүсүнө каршы экенин айтып чыкты. Ал муну бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын колдобой тургандыгы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы премьер-министрди бир канча талапкердин арасынан “жумшак рейтинг” менен тандоо ыкмасы колдонулса гана коалицияга кирерин жарыялады. "Республикачылардын" пикиринде, "жумшак рейтинг" татыктуу өкмөт башчыны тандоого мүмкүнчүлүк түзмөк. Ал эми социал-демократтар мындай ыкма колдонулбай турганын айтса, “Ата Мекен” фракциясы аны ишке ашпай турган сунуш деп атады.

Ошентип жаңы коалициянын курамы дүйшөмбү күнү аныкталып, жарыя кылынаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG