Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Өмүркулов: Мени кетирүүгө олуттуу негиз жок


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Бишкек мэри Иса Өмүркулов өзүн кызматтан кетирүүгө олуттуу негиз жок экенин «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

- Бишкек шаардын кеңешиндеги "Республика" фракциясы сизге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, кеңештин кезексиз жыйынын чакырууну сунуштоодо. Сиздин бул демилгеге пикириңиз кандай?

- Мыйзам боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын бул маселени көтөрүүгө толук укуктары бар. Ал эми ишеним көрсөтпөөнүн негизги себептери болушу керек деп ойлойм. Албетте бүгүн бардыгы шайма-шай, шаарда иштердин бардыгы жакшы жүрүп жатат дегенден алысмын. Жетишпегендиктер, проблемалар көп. Себеби айтылып жаткандай, жолдордун абалын көрүп жатасыздар. Бөлөк коммуникация маселелеринде да жетишпегендиктер, эскилиги жеткен учурлар баарыбызга маалым.

Мунун бардыгы көп жылдан бери чогулуп келген көйгөйлөр. Салыштыруу иретинде айтсак, бүгүн шаарда 700 чакырым асфальт же бетон жол деп белгиленсе, анын 600 чакырымы оңдоого же реконструцияга муктаж. Эгерде жыл сайын ремонт иштери жакшы жүргүзүлүп келген болсо, бүгүнкү күндө мындай абалга келбейт элек.

Бирок мен иштеп жаткан мөөнөттө иштер жасалып жатат. Мисалы, Ош базарын алалы. Канча жылдан бери чогулуп келген маселени чечүүгө бир-эки жылдай кетти. Мындан тышкары бүгүнкү күнгө чейин таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун маселеси коюлган эмес. Эми бул маселе чечилди.

- Демек сиздин айтымыңыз боюнча мэрге ишеним көрсөтпөөгө негиз жокпу?

- Негиз болуш үчүн мен мыйзамды одоно бузушум керек. Мисалы, мурункуларга окшоп жер сатышым керек. Мэр ичип, жеп алган болсо, анда сөз жок. Негиздүү, моюнга койо турган айып болсо мен деле бул орунга жабышып алган жерим жок. 2010-жылы бул кызматка кандай кырдаалда келдик эле? Ал учурдагы жер басып алуу, шаарда талап-тоноочулук болуп, муниципиалдык менчик таланган абалды да унутпашыбыз керек.

Менимче, жетишпегендиктер бар. Ага аракет кылып жатабыз. Ар бир сын-пикирге биз сөзсүз түрдө реакция жасап жатабыз. Ал эми депутаттардын негиздүү сындары болсо, аны моюнга алабыз. Ошону оңдоого аракет кылабыз.

- Сиз «мени кетирүүгө негиз жок» деп жатасыз. Натыйжада сизге ишеним көрсөтпөө аракети жөн эле саясатпы?

- Албетте бизде көп кемчиликтер бар. Алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Ал эми, менин бул демилгенин артында саясат бар деген оюм бар. Себеби жаңы келген депутаттар бир аз иштешсе... Мисалы, эки айдан бери бюджетибиз кабыл алынбай жатат. Күнүгө муниципиалдык кызматтын жетекчилери депутаттарга кезекте турушат. Азыр биринчи квартал бүтүп жатат. Шаардын бюджети ушул убакка чейин бекий элек. Анан эми күнөө мендеби же кимде экенин эл деле баамдайт го...

- Бирок өткөн ишембиде жаш активисттер Бишкекте тазалык акциясын өткөрүп, сиздин кетишиңизди талап кылышты. Натыйжада бул да саясатпы?

- Жок... Аны саясат деп айтууга болбойт. Бул жаштардын демилгеси. Алар айткандай, жетишпегендиктер, мүчүлүштүктөр бар. Ал боюнча иштеп жатабыз. Бөлөк жаштар да чыгып жатышат. Мына 6-апрелде дагы бир жаштар тобу шаар боюнча чоң демилге көтөрүп жатат. Аларды колдойбуз жана аларга рахмат айтабыз.

Мэрге каршы акциядан бир көрүнүш
Мэрге каршы акциядан бир көрүнүш
- Ошол эле учурда мэрия менен сиздин ишиңизге бир гана оппозициядагы «Республика» фракциясы эмес, айрым укук коргоочулар да нааразылыгын айтып жатышат. Маселен, шаардагы жер жана курулуштар боюнча «Көп батирлүү үй» кыймылы мэрия мыйзамсыз курулуштарга уруксат берип жатат деп сынга алууда. Буга кандай дейсиз?

- Эми бул сындар туура. Тилекке каршы баары тең мага чейинки берилген жерлер. Баарында тең кызыл китеп, баарында тең мыйзамдуу түрдө курууга укуктары бар. Бирок бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн жанына, балдар ойноочу аянтчаларга имарат курууга тыюу салып жатабыз.

- «Республика» фракциясынын сизге ишеним көрсөтпөө демилгеси кийинки аптада кеңештин жыйынына чыгарылат экен. Бул демилгени депутаттардын көбү колдоп кетет деп кооптонбойсузбу?

- Эми депутаттар өздөрү чечет да... Ишиме баа берүү депутаттардын колунда. Менимче, ал жерде депутаттар да өздөрүнүн ой-пикирин билгизсе керек. Көрө жатабыз да...

XS
SM
MD
LG