Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Бишкек мэрине үч айлык мөөнөт чектелди


Бишкек шаар кеңеши.
Бишкек шаар кеңеши.

Бишкек шаар кеңешинин дүйшөмбүдөгү кезексиз жыйынында мэрге ишеним көрсөтпөө демилгеси колдоо тапкан жок.

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны “Республика” фракциясынын шаар мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин колдогон жок. Коалициялык көпчүлүккө кирген “Ата Мекен”, КСДП жана “Замандаш-Современник” фракциялары Бишкек мэри Иса Өмүркуловго үч ай мөөнөт берип, мэриянын айрым кызматкерлерин кызматтан алуу талабын койду. Алардын сунушу кабыл алынды.

Кезексиз сессиянын күн тартибине “Республика” фракциясынын шаар мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси менен кошо коалициялык көпчүлүк шаардын тазалык-тартибине байланышкан бир катар меселелерди чыгарды. Кайсы маселени биринчи кароо керек деген маселе бир сааттан ашык талкууланып, экөөнү тең кароо чечимине келишти.

“Республика” фракциясы мэрге ишеним көрсөтпөөгө өзүнүн бир катар жүйөлөрүн келтирди. Маселен, “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев шаардагы жолдорго коротулган каражаттар өзүн актабай жатканын айтты:

- Азыр шаарда көчөлөр болобу, социалдык жайлар болобу, билим берүү же саламаттык сактоо тармагы болобу, баарынын абалы бизге белгилүү. Биз кайсы бир адамды кызматтан алуу, же кызматка коюу маселесин карап жаткан жокпуз. Биз шаарды өнүктүрүү максатын коюп жатабыз. "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун мэрликке келүү дымагы жок.

Ал эми коалициялык көпчүлүк бүгүнкү жыйында негизинен шаардагы тиричилик маселелерин козгоп, тиешелүү кызматтардын жетекчилери, вице-мэрлерден маалымат талап кылышты. Анда Бишкектеги 47 жаңы конуштун абалы, 12 миң орундук бала бакчаларда 26 миң бала тарбияланып жатканы, тазалыктан тарта кызматкерлерге берилбей жаткан айлык акы, шаар карызына чейин талкуу жүрдү.

“Республиканын” депутаттары болсо аягына чейин мэрдин кетишин талап кылаарын билдиришти. Алардын бири Кубатбек Болотканов сессия соңунда Иса Өмүркуловго кайрылды:

- Биз билгенден сиз адам катары жакшы кишисиз, адамгерчилигиңизге сөз жок. Бирок шаардын абалы ушул. Мындай кырдаалга балким ар кандай шарттар себеп болгондур. Ошентсе да сиз саясий, жигитчилик чечим кылып, өзүңүз кетип калсаңыз болот эле.

43 депутат катышкан жыйында коалициялык көпчүлүк киргизген сунуш 32 добуш менен кабыл алынды. “Республиканын” сунушун фракциянын 11 депутаты гана колдоду. Ошентип мэр үч айда өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет камдап, шаардагы абалды азыркыдан жакшыртмай болду. Шаардын чарбалык маселелерин тейлеген вице-мэр Вячеслав Красиенко баштаган мэриянын бир катар жооптуу кызматтарынын башчыларын кызматтан алууга болсо үч күн берилди.

Коалициялык көпчүлүктүн мындай чечимин анын башчысы, КСДП фракциясынын депутаты Аманбай Кайыпов мындайча түшүндүрдү.

- Мэрге убакыт беришибиз керек. Мурдагы мэрлердин баары эмне жумуш кылганын айтпай эле кетип калышкан. Азыркы мэрден биз отчет алышыбыз керек. Үч айды отчет үчүн эле эмес, Бишкекте түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн да берип жатыбыз. Мэрди гана күнөөлөөдөн алыспыз, анткени анын командасы иш алып барып атат.

Ошентип шаар кеңештеги коалиция мэрге үч айлык мөөнөт чектеди. Эгер бул мөөнөттө мэр талаптарды аткарбаса, коалициялык көпчүлүк өзү мэрге ишеним көрсөтпөө демилгеси менен чыга турган болду.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов кемчиликтердин баарын моюнга алып, бирок такыр эч нерсе жасалбай жаткан жок деп эсептээрин билдирди:

- Мэрияда өзүнүн кемчилигин билген кызматкерлер арыз жазып жатышат. Калгандарынын жоопкерчилигин да карайбыз. Бул маселе боюнча өтө кылдат мамиле кылуу керек. Сын пикирди талдап чыгышыбыз керек. Ал эми менин ордума "алтын баштуу мэр" келген учурда да ага убакыт бериш керек. Убакыттан сырткары каражат да керек.

Иса Өмүркулов өлкөдө бийлик алмашкан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп, 10 айдан кийин кызматка толук киришкен. Борбор калаанын мэри шаардык кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG