Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Батукаев чыры: аткаминерлер жазасыз калууда


“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгышына көмөктөшкөн жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилиги карала элек.

Парламент өзүнүн ыйгарым укугу боюнча жоопкер дегендердин ичинен акыйкатчы Турсунбек Акунду гана кызматтан четтете алды. Парламент буга катышы бар деп тапкан аткаминерлердин иши боюнча өкмөттүк комиссиянын иликтөөсү чыккандан кийин гана чечим кабыл алынаары жарыяланды.

Айыбы ачылгандарга алы жетпеген токтом

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушун камсыздаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин он күндүк мөөнөттө кароо боюнча парламенттин талабы азыркыга чейин аткарыла элек.

Парламент 30-майдагы токтому менен буга өкмөт менен президентти милдеттендирген болчу. Анда күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов, жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев, башкы прокурор Аида Салянова жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева баштаган ар кайсы деңгээлдеги ондон ашуун аткаминерди кызматынан алуу жагы сунушталган. Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков парламент токтомдун аткарылышын кароого үлгүрбөй калганын белгиледи:

- Эми эч ким жазасыз калбайт. Алар жазасын эртедир-кечтир сөзсүз алышат! Бирок эми сессия аяктап калып, бул маселе туруп калды. Бул жерде Жогорку Кеңештин эч кандай күнөөсү жок.

Парламент Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна катышы бар деп тапкан жетекчилердин ичинен жалгыз акыйкатчы Турсунбек Акун гана кызматынан алынды. Бул боюнча парламент акыйкатчынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде 27-июнь күнү токтом чыгарды.

Парламент жалгыз Акунду садага чаптыбы?

Депутат Өмүрбек Абдрахманов Акундан мурун Батукаевди бошотууга буйрук берген жогорку кызмат адамдары далдоодо калып кетти деп сынга алды:

- Турсунбек Акун өзү эле жалгыз Батукаевдин бошотулушун каалаган учурда деле ал анын колунан келмек эмес. Себеби анын мындай бийлиги жок. Буга буйрук берген бийликтеги үлкөн адамдар көмүскөдө калып, Акун садага чабылып отурат. Парламент мындайга жол бербеши керек болчу. Мында Акундун жанагы сөздү айтып, аны бошотуу боюнча болгону өтүнүч кат жөнөтүп койгону эле бар. Бул үчүн ага моралдык эле жаза чарасы колдонулушу керек болчу.

Турсунбек Акун аялдар түрмөсүндө 2011-жыл, 18-февраль
Турсунбек Акун аялдар түрмөсүндө 2011-жыл, 18-февраль
​Мыйзамга ылайык, акыйкатчыны шайлаганга жана кызматтан алууга парламенттин гана укугу бар. Ошондуктан Батукаев ишине катышы бар деп табылгандардын арасында аты аталган акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент ыйгарым укугунун чегинде кызматтан четтетти. Акыйкатчынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бекматов эми өкмөт жыйынтык чыгарбаса анда өзүнүн жоопкерчилиги каралат деп эсептейт:

- Акыйкатчы Турсунбек Акун чет элдик жаранга өзүнө кеңешчи деп күбөлүк берип, анысы ошол күбөлүк менен тергөө абагындагы Батукаевге жолугуп турганын комиссия иликтеп чыкты го. Анан эми калган аткаминерлердин жоопкерчилигин өкмөт менен президент гана карай алышат. Алар буга дагы деле көңүл бурбай, токтом аткарылбай калса анда өкмөттүн өзүнүн иши каралат.

Өкмөттүн комиссиясы “өкчөгөн чүкө”

Батукаевдин маселесине байланыштуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөт өз алдынча комиссия түзгөн. Анын башчылыгына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дайындалган. Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов парламенттин чегерген мөөнөтү кыска болгондуктан комиссия өз учурунда жыйынтык чыгара албай калганын айтты:

- Өкмөттүк комиссия өзүнүн иликтөө ишинин жыйынтыгын чыгарып, аны менен парламентти жана коомчулукту сөзсүз тааныштырат. Мында ондогон жетекчинин жоопкерчилигин кароо маселеси тууралуу сөз болуп жатат. Ошол эле кезде парламент өтө эле кыска мөөнөт берип койгон.

Регламентке ылайык, 1-июлдан баштап парламент жайкы эс алууга кетет. “Мына ушуга байланыштуу Батукаев маселеси боюнча калган аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо маселеси күздө каралышы мүмкүн” - деди Мелис Эржигитов.

XS
SM
MD
LG