Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Айтылбаган жолугушуулар талкууга түштү


Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун Бишкекте казак олигархы Булат Утемуратов менен жабык жолукканы сынга алынып жатат.

Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында бул окуяны териштирип-сүрүштүрүү керектиги айтылды. Өкмөт өкүлдөрү жолугушуу расмий болгонун, жаап-жашырылбаганын билдиришүүдө.

Мунун алдында коалициялык көпчүлүктө Бабановго ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүлүп жатканы боюнча маалымат да тарап кеткен болчу.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президентинин атайын өкүлү, олигарх Булат Утемуратов менен жолугушуусун атайын депутаттык комиссия иликтеши керек деп чыкты:

- Жакында эле Орусиядан кайсы бир учак келип, ага өкмөт башчы өзү барып, учакта отуруп сүйлөшүп, анан аларды кайра учуруп жиберди деп айтышты эле. Андан кийин, кечээ эле казак президентинин кеңешчиси Булат Утемуратов деген келип, аны премьер-министрдин эки машинасы тосуп алып, премьер-министр менен сүйлөштүрүп, кайра узатып жиберди деп ММК дагы жазып атат. Кыргызстан, орусча айтканда, “проходной двор” болуп калдыбы? Эмнеге биз Кыргызстанды мамлекеттик бир чоң чиновниктин жеке менчигине айландырышыбыз керек? Кыргызстанга кирип-чыккандардын баары сөзсүз каттоого алынышы керек. Ал адамдар өкмөт башчы менен жолугуп жаткандан кийин бул маалымат коомчулукка толугу менен жеткирилиши керек.

Булат Утемуратов
Булат Утемуратов
Маалыматка караганда, Бабанов Утемуратов менен 4-мартта эле жолуккан экен. Казакстандан келген мартабалуу конокторду сый менен тосуу тууралуу өкмөттүн аппарат башчысы Төрөгул Беков “Манас” аэропортунун жетекчисине кат жолдогон.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Утемуратов казак президентинин атайын өкүлү деген макамда келгенин айтып, премьердин расмий жолугушууларынын баары эле коомчулукка жарыялана бербесин билдирди:

- Экөө жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана премьер-министрдин акыркы Казакстандагы иш сапарынын алкагында сөз болгон долбоорлор жөнүндө талкуу болду. Бул эми нормалдуу эле көрүнүш. Мисалы премьер-министр көп эле адамдар менен жолугат. Бирок анын баарын эле прессага чагылдыра бербейбиз да. Бул нормалдуу эле тажрыйба. Бул маселени оппозициялык бир топ депутаттар көтөрүп жатат. Бул деле нормалдуу саясий жараян. Бирок анда эч кандай трагедия деле жок. Өкмөттүн аппарат жетекчиси “Манас” аэропортунун жетекчисине “паланча деген учак келет, анын ичинде момундай-момундай деген кишилер болот, ошолорду расмий делегация үчүн деген зал аркылуу кабыл алып коюңуздар”, деп кат жолдоп жатпайбы. Эгер жолугушуу жашыруун болсо, аппарат жетекчиси аэропортко расмий кат жолдоп эмне кылмак эле?

Табышмактуу жолугушуулардын эпкини

Антсе да Бабановдун коомчулукка ачык жарыяланбаган жолугушууларын иликтеп, сүрүштүрүү керек деген депутаттардын демилгесин колдогондор да бар.

“Акча жана бийлик” журналынын редактору Турат Акимовдун пикиринде, мамлекеттик чоң кызматкердин чет өлкөлүк өкүлдөр менен жолугушуусу атайын кызматтын, коомчулуктун көзөмөлүндө турушу керек:

- Премьер-министр – мамлекеттик сырды алып жүргөн адам. Бул кишинин ар бир жолугушуусу мамлекеттик күзөт кызматы менен текшерилип, атайын кызмат менен көзөмөлдөнүп жана ачык-айкын болушу керек. Бул ар ким менен ар кайсы жерде учуп кетип, учактын ичинде кабыл алып, бирөөнү тышта кабыл алганга эч качан мүмкүнчүлүк берилбеши керек. Анткени Кыргызстандын кайсы купуя сырлары, кандай документтери бул кишинин колунан чыгып кетет деген маселе бар. Бул кылмышка айланып кетиши мүмкүн.

Серепчи Эмил Жураевдин баамында, мындай жолугушуулар саясий олку-солкулукту жаратышы да ыктымал:

- Эгер жолугушуу жашыруун эмес болсо, эмнеге бир айдан ашканга чейин бул жаңылык чыккан эмес? Эми гана кокусунан билип отурабыз. Экинчиден, албетте ар кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн, жекече жолугушуулар болот. Бирок өздөрү айтып жаткандай, мамлекеттик мааниси бар чоң маселелер каралганын журналисттер казып чыкпаса, билбей деле калмак экенбиз. Бизде мындай учурлар болуп эле жүрөт. Бакиевдин убагында Белоконь келиптир, Березовский келиптир деп эле айтып жүрбөдүкпү. Ушундай окуялардан кийин да дагы ушундай келип-кетүүлөр ансыз деле саясий кырдаал курчуп, оппозиция өкмөттү күнөөлөгөнгө жүйө таппай турган кезде керексиз жерде кооптонууларды дагы арттырып жатпайбы.

Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик мартабалуу аткаминерлердин табышмактуу жашыруун жолугушуулары, сапарлары тууралуу журналисттер таап, жазып калышчу.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун Араб Эмиратына, Түркияга барганы, Орусиядан миллионерлер минген учак алдырып белгисиз жакка учканы, кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аттыккан Камчы Көлбаев менен бир мейманканада болуп калганы катуу сынга кабылган болчу.

XS
SM
MD
LG