Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

"Республика" фракциясында лидер алмашты


Жаңы шайланган депутаттар алгачкы сессиядан кийин. 10-ноябрь, 2010-жыл
Жаңы шайланган депутаттар алгачкы сессиядан кийин. 10-ноябрь, 2010-жыл

14-июлда Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын жыйыны шашылыш чакыртылып, күн тартибинде өзүнүн лидерин алмаштырды.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаттары шашылыш жыйынга чогулуп, аталган саясий бирикменин жетекчисин алмаштыруу боюнча маселени карады. Жыйынтыгында фракция башчысы Канатбек Исаев кызматынан алынып, анын ордуна Алтынбек Сулайманов шайланды.

Мурдагы жетекчи Канатбек Исаев өзүнүн кызматтан четтетүү боюнча жыйынга чакыртылбаганын белгиледи:

- Мен жайлоодо болчум. Мына ошол жыйын туурасында мага бирөө да кабар айттырып, чакырткан жок. Менин бул кызматтан алынышымдын себептерин да тактай элекмин. Бирок мен өкмөттүн иши боюнча сын пикиримди айта калчумун. Мүмкүн мына ошого карата Бабановдун уюштурганы болсо керек. Эми экөөбүздүн ортобузда тирешүү деле эмес, болгону өкмөттүн иши боюнча эле сын пикирлер бар болчу.

Канатбек Исаев парламент түзүлгөн 2010-жылдан бери “Республика” фракциясын жетектеп келаткан. Ал ошол эле кезде парламенттеги коалициялык көпчүлүктү да жетектейт. Ал фракция лидерлигинен кеткени менен, коалиция башчысы бойдон кала берди.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов Исаевди Сулайманов менен алмаштырууга жакында кабыл алынган ички тартип боюнча жалпы жобо негиз болгонун билдирди:

- Биз ал күнү Исаевди парламентте жети саат күттүк. Эми өткөндө эле биздин айрым депутаттар фракция жетекчисин алмаштыруу боюнча демилге көтөрүшкөн болчу. Бул эми фракция башчысы болобу, же комитет төрагасы болобу, бир эле депутат 2-3 жыл отуруп албаш керек деген маселе көтөрүлгөн. Бардык депутаттарга жетекчи болгонго мүмкүнчүлүк бериш үчүн ушундай кадамга бардык.

Саясий жүрүштөр

Ошол эле кезде “Республика” фракциясынын жетекчилигин алмаштыруу өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесинин алдында козголуп жатканы да бекер эместей.

Анткен менен саясат таануучулар арасында өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов мындай кадрдык жүрүштөр аркылуу өзүнүн позициясын чыңдоого өттү деген ойлор арбын. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси козголсо, Алтынбек Сулайманов олку-солку депутаттардын тартибин кармоого жарайт деген ишеним бардай.

Саясат таануучу Марс Сариев өкмөт башчысы Бабанов алдыдагы саясий күрөшкө даярданып жатканына токтолду:

- Өкмөттү таратуу аракети болуп жаткандыктан улам бул ага карата Бабановдун жообу. Сулаймановду фракция башчылыгына коюу менен ички тартипти кармоо аркылуу айрыкча тылды бекем кармоону көздөшүүдө. Мына ошондуктан фракция ички ынтымакты бекемдөө максатын алдыга коюшканы байкалат.

Буга чейин парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин ордуна Садыр Жапаров шайланган. Камчыбек Ташиев партиянын төрагалыгын колуна алып, анын катарын "кокустан кирип калгандардан" тазалай турганын убада кылган болчу.

Мына ушул орун которуштуруулардын бардыгын талдоочулар өкмөт башчысын алмаштыруу демилгесинен улам келип чыккан саясий жүрүштөр катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG