Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Бабановдун иши: Комиссиялар корутундусу ача чыкты


Депутат Туманов жетектеген комиссия Бабановду актаса, депутат Абдрахмановдун комиссиясы 1-вицеге 8 пункт боюнча айып такты.

Оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов жетектеген комиссия, 1 айлык иликтөөсүнөн соң Өмүрбек Бабановго бир катар айыптарын такты.

Абдрахманов комиссия жыйынтыгындагы 8 пункт боюнча Бабановго жолугуп тааныштырганын, ал айыптоолордун көбү менен макул болгонун айтат. Мисалы Кыргызстандын жарандыгын алуу жараяны боюнча.

- Бабанов 1995-жылы СССРдин эски паспортун тапшырып, Казакстандын паспортун алган жана автоматтык түрдө Казакстандын жараны болуп калган. Беш жыл ал паспортту алып жүргөн, ошол жерде бизнес жасаган. Казакстандын жарандыгын аткарып жүргөн.

1999-жылы Бишкекке келип, милицияга, анан паспорт столуна кайрылып, Кыргызстандын паспортун алган. Мыйзам боюнча президентке кайрылып, Кыргызстандын жарандыгын алышы керек эле. Казакстандан чыктым деген арызын жазып бериши керек эле. Демек Бабанов азыр Кыргызстандын жараны эмес болуп чыгып атпайбы.


Ал эми Социал-демократ Токтогул Тумановдун комиссиясынын корутундусу башкача. Алар Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен жана элчилигинен расмий маалымат алынганын, ага ылайык, Бабанов Казакстандын паспортун алганын, бирок, ал расмий таанылбаганын айтат.

- Алынган экен, бирок туура эмес алыныптыр. Кийин аны алар аны жокко чыгарышкан. Менин билишим боюнча Казакстанда жүрбөй калган паспортту алып бергенби, ушундай болгон. Кийин алар жарандык алды деп эсептешкен эмес.

Мындан тышкары Абдрахманов Өмүрбек Бабанов оффшордук аймактан акча алганын айтат:

- Бабанов мындан үч жыл мурун оффшордук аймактан 20 миллион доллар алган. Өзүнүн атына келип түшкөн. Муну да өзү тастыктап отурат. Ошол акчага АКБ “Кыргызстан” деген банкты сатып алган.

"Бул акча кайдан келди" деген суроого Бабанов мындай деп жооп берди: ошол оффшордук чоң компания менин апама 20 миллион доллар карыз экен. Ошол карызды мага салып ийиптир деди. Ал эмне акча, кандай акча экенин тиешелүү органдар текшерип алат.


Ошондой эле "Мегаком" компаниясын Өмүрбек Бабанов рейдерлик жол менен басып алган, "Манас" аэропортундагы ишканасынын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке 743 миллион сом салык төлөбөй койгон деген айыптоолору бар.

Ал эми Токтогул Туманов болсо мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболовдун Бабановго таккан айыптоолорунун бири да, анын ичинде “Мегаком” боюнча айыптоолор такталбаганын белгиледи:

- “Мегаком” боюнча күнөөнү койгон. Ал боюнча парламентте расмий комиссия түзүлүп, иштеп чыккан. Ошол комиссия "Бабанов орусиялык инвесторлордон 50 млн. доллар талап кылган эмес, күнөөсү жок" деп жыйынтык чыгарып атышпайбы.

Тумановдун айтымында, Байболовдун айыптоолору такталбаган соң, Абдрахманов жетектеген комиссия Бабановдун айланасындагы башка маселелерди казып чыгууда.

XS
SM
MD
LG