Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Президенттин эл билбеген "сырлары"


"Азаттык" президент Алмазбек Атамбаевдин чыгымдарын иликтеп чыкты. Мамлекет башчысы канча айлык алат, ага канча адам кызмат кылат?

Президент жашап жаткан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы 120 гектар жерди ээлейт. Бирок анда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эле жалгыз жашабайт.

Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айматов сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин үй-бүлөлөрү да ушул жерде. Экс-президент Роза Отунбаева, УКМКнын мурдагы төрагасы Анарбек Бакаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдары да “Ала-Арчанын” салкын абасынан дем алышат.

Президенттин эл билбеген "сырлары" (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

Президентке, анын иш башкармалыгына жана аппаратына бир жылда мамлекеттик бюджеттен 550 млн. сомдой каражат кетет. Президенттик аппаратта жана иш башкармалыкта жалпысынан 1300гө жакын кызматкер эмгектенет. Бул каражаттар ашыкча дегендер да жок эмес.

Президенттин эл билбеген "сырлары" (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Мамлекет башчысы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында 2013-жылы алган айлык-маянасы 960 миң сом болгонун көрсөткөн. Андан тышкары, мамлекет башчы башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилген 64 гектар бакчага жана “Форум” ишканасына ээлик кылат. Ошол эле декларацияда 2007-жылкы “Тойота Лэнд-Крузер” автоунаасы бар экени көрсөтүлгөн.

Президенттин эл билбеген "сырлары" (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:13 0:00

XS
SM
MD
LG