Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Прокурор жүз миң доллар пара алды деп шектелүүдө


Арпачиев башкы тергөөчү болуп турганда бир катар чуулгандуу фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон.
Арпачиев башкы тергөөчү болуп турганда бир катар чуулгандуу фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Өлкөнүн башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиев кылмыш ишин жабуу үчүн жергиликтүү жеке ишкерден 200 миң доллар пара талап кылганы айтылууда. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы аны суралган паранын 100 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшүргөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы өз бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Ага карата Кылмыш кодексинин 304-313-беренелеринин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү жаран дароо убактылуу тергөө абагына камалды. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылычбек Арпачиев
Кылычбек Арпачиев

Айрым маалымат каражаттары Арпачиев менен кошо Тергөө башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөөчүсү Жеңиш Сейитов да кармалганын жазып чыгышкан. Бирок УКМК да, Башкы прокуратура да бул маалыматты тастыктаган жок.

Эмгек жолун Тез жардам кызматында медкызматкер катары баштаган Кылычбек Арпачиев 1991-жылдан тарта Жалал-Абад прокуратурасында, 2003-жылдан баштап Башкы прокуратурада иштеп баштаган. Ал 2013-жылы мурдагы баш прокурор Аида Салянованын жардамчысы катары иштеп, 2014-жылы Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Арпачиев башкы тергөөчү болуп турганда Кумтөр, “Кыргызтелеком” сыяктуу чуулгандуу ишканаларга, депутат Акматбек Келдибековго, мурдагы айыл чарба министри Чыңгыз Узакбаевге, Жаратылыш ресурстары агенттигинин мурдагы жетекчиси Замирбек Эсенамановго кылмыш иштери ачылган.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

Коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерге жактоочулук кылып келаткан адвокат Икрамидин Айткулов Арпачиев мурдагы баш прокурор Аида Салянованын оң колу болгонун айтууда.

- Менимче, Арпачиевдин жана башкалардын кармалышы Саляновадан калган калдык. Анын убагында Башкы прокуратура ачык эле коррупциялашып кеткен. Арпачиев анын жакын адамдарынын бири болгон. Ал негизги башкармалыктардын биринин башчысы катары экс-баш прокурордун таламдашы, бир сөз менен айтканда анын жакын кадры эле.

Деген менен коррупцияга каршы күрөштө Салянованын эмгеги ат көтөргүс дегендер басымдуу. Алар Салянованын убагында башкы көзөмөл органы 13 депутатка жана бир катар жогорку кызматкерлерге коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча иш козгогонун жүйө келтиришет.

Башкы прокурордун өз кызматкерин кармоого санкция бериши коррупцияга каршы күрөштүн жаңы деңгээлге чыгышын билдирет. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ортого салды.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Бул факты прокуратурага болгон ишенимди күчөтүшү керек. Анткени Арпачиевдин кармалышы коррупционерлердин эртеби-кечпи кармаларын айгинелеп турат. Жолдубаеванын өз кызматкерин кармоого уруксат беришин жакшы саамалык катары баалоого болот.

Башкы тергөөчүнүн ири өлчөмдөгү пара менен кармалышын президент Алмазбек Атамбаев да, башкы прокурор Индира Жолдубаева да коррупцияга каршы күрөш күчөп, өз ичинен тазалануунун уландысы катары баалашты. Анткен менен 2010-жылы башталган жемкорлукка каршы күрөш саясий негизде гана тандалма жол менен жүрүп жатат дегендер да аз эмес. Айрымдар 100 миң доллар пара алуу көзөмөл органындагы жемкорлуктун бир гана фактысы экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG