Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Апта: Кызганган Кремль, арга издеген өкмөт


Улуттук коопсуздук боюнча концепция жарыяланды. Орусиячыл саясат таануучулар Кыргызстан үчүн жаңы күрөштү башташты. Кумтөр жаңжалы кайрадан тутанабы?

Президент Кыргызстандын Улуттук коопсуздугу жөнүндөгү концепцияны бекитти. 45 беттен турган документте Кыргызстандын азыркы кездеги эл аралык жана регионалдык абалы, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип турган факторлор, кайсы багыттарга артыкчылык берип иштөө керектиги аныкталган.

Мисалы, улуттук кызыкчылыкты камсыздоодо улуттук идеологиянын жоктугу, өндүрүштүн алсыздыгы, дээрлик ар бир экинчи жарандын ден соолугунун начардыгы, окуу жайларда окутуунун сапатынын төмөндүгү, башкаруу системасынын эски бойдон калуусу терс факторлор катары бааланган.

Ал эми улуттук коопсуздукка сырттан келген коркунуч катары ири державалардын тиреши, терроризм, баңги мафиясы, суу-энергетикалык маселелердин чечилбей жатканы, чек аралардын аныктала электиги аталган. Мына ушул маселелерди талкуулап, чечиш үчүн Кыргызстан Борбор Азия регионунда ЕККУ сыяктуу регионалдык уюм болушун жактайт.

Улуттук коопсуздукка келип жаткан ички коркунучтардын башында улут аралык абал, жикчилдик, коррупция, регионализм, билим сапатынын начарлыгы аталган.

Коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Марат Иманкулов бул документке карата мындай пикирин билдирди:

- Документте көп жакшы сөздөр бар. Бирок арасында мен көңүл бурган жагдайлар да бар экен. Биз исламчылар деген сөздөрдү өтө сейрек жана орду менен пайдалансак. Анан мамлекеттин стратегиялык документинде “исламчылардын таасири” дей бербей, буга кылдат карасак. Ислам деген бул дин. Бизге коркунуч туудуруп жаткан күчтөр болсо, ислам динин жамынып алып, саясий иш менен бийлик үчүн күрөшкө чыккандар. Мына ошолорду жана башка экстремисттик, террорчул максаттарды алдына койгондорду исламчылар деп, баарын бир ат менен атап койгон туура эмес.

Концепцияны иштеп чыгууга катышкан Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, бул документте Кыргызстандын дүйнөдөгү жана азыркы мезгилдеги орду, абалы талдоого алынып, алдыдагы максаттар аныкталган. Документте негизги гана багыттар көрсөтүлгөн дейт Мамытов:

- Концепция доктрина болгондуктан кийин жыйынтыктоочу документ. Ошондуктан анда негизги багыттар көрсөтүлгөн.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев концепцияны сынга алып, аны Курманбек Бакиевдин мезгилинде жазылган документтин көчүрмөсү катары баалады.

Кабыл алынган документтин аткарылышын Коргонуу боюнча кеңеш көзөмөлдөп, президентке мезгил-мезгили менен маалымат берип турат.

Кытай каржылайт, Кремль байкайт...

Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары "Датка-Кемин" электр линиясына насыя бөлүү боюнча кыргыз-кытай макулдашуусун карап жатат. Бул кароолордон кийин келишим ратификация үчүн палатага коюлуш керек. Келишим парламент жайкы каникулга тарап кеткенче ратификацияланса, анда курулуш иштери ушул жылы башталат. Кытай тарап менен андан сырткары мунай жана цемент заводдорун куруу боюнча долбоорлор да ишке ашырылууда.

Андан сырткары коопсуздук багытында Бээжин кызматташууну туруктуу ишке ашырууда. Анын белгиси катары 14-июнда Кыргызстанда Кытай элдик-боштондук армиясынын штаб башчысынын орун басары Ма Сяотян келгенин атасак болот. Кытай лидери Ху Цзинтао Кыргызстан менен Кытай көздөгөн долбоорлорду турмушка ашыруу үчүн Кыргызстанда туруктуулук болуш керектигин Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапары учурунда айткан жайы бар. Ма Сяотян сапарында мына ошол туруктуулукту камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланганы түшүнүктүү.

Кыргызстан менен Кытай турмушка ашырууну көздөгөн эң масштабдуу долбоор - бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун 15-июнда маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, бул долбоордун техникалык экономикалык негиздемесин түзүү үчүн жакын арада Кытайдан адистер келет. Бул долбоорду ишке ашырууга Иран да кызыкдар болуп жатат.

Мына ошентип Кыргызстан үчүн маанилүү долбоолорго каражат Кытай тараптан гана чыгып жатат. Европа өзүндөгү кыйынчылыктарга байланыштуу жардамын кескин азайтты. АКШ транзиттик борборго байланышкан милдеттерин аткарып жатат. Орусия болсо Курманбек Бакиевге алдатканына арданып, кирешелүү долбоорлорго да акча салбай турат.

Бирок Кытай тараптын активдүүлүгүнө Кремль кызганып, өзүнө жакын интеллектуалдарды маалымат күрөшүнө сала баштады.

Мына ошондой багыттагы иш-чаралардын бири 14-июнда Бишкекте болду. Анын катышуучулары Кыргызстанга Орусия гана узак мөөнөттүү өнөктөш болоорун, Кытай коркунучтуу экенин эскертишти.

Славян университетинин профессору Аза Мигранян Кыргызстан бара турган жолду көрсөтүүгө аракет жасады:

- Азыркы кыргыз коому жана кыргыз экономикасынын керектөөлөрүн эске алганда биз Евразиялык мейкиндикке багыт алышыбыз керек. Бул аймактагы өлкөлөр да бизди чакырып жатышат. Башкалар бул багытта бара жатканы үчүн эле эмес, мындай пайда көп болгону үчүн айтып жатам. Башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү керек, бирок абдан кылдат болуш керек.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр көбүнчө Орусиядан колдоо табууга аракеттенип келатканы белгилүү. Азыркы бийликте тургандар да Кремлге таянып, саясий максаттарына жетти. Бирок бийликке келгенден кийин реалдуулук менен беттешип, Москвага жага бербеген кадамдарды жасоого аргасыз болуп чыкты.

6-октябрь, 2011-жыл
6-октябрь, 2011-жыл
Азыркы оппозиция да мурункулардын жолу менен баратат. Маселен, “Ата Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков:

- Биз каалайбызбы, каалабайбызбы КМШ өлкөлөрү менен тарыхый жактан байланыштабыз. Буга кошумча болуп учурда бир жарым миллиондой жараныбыз Орусияда иштеп жүрүшөт. 5 миллиондон ашык калкыбыздын 1 жарым миллиону ким менен иштеп, кандай иштөөнүн жолун көрсөттү. Алар жыл сайын өлкөнүн 3 миллиард доллардан ашык акча салышат.

Албетте Кремль азыркы кыргыз бийлиги менен кол үзүшүүгө бара элек. Бирок да эки тарап тең чегинбей, өз позицияларында турат. Июль айына белгиленип жактан өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Москвага сапарында мына ошол позициялар дагы бир ирет талкууланып, энергетикалык долбоорлорду жылдырууга дагы бир аракет жасалышы күтүлөт.

Эгерде орток пикир табылса, Орусия Кыргызстанда долбоорлорду алдыга жылдыра баштайт. Тескери кетсе, Кремль Кытайдын аракеттерине кызганыч менен эле карап калбай, башка бир кадамдарга бара башташы күтүлөт.

Өкмөт мойнуна алды

Ички саясатта кыргыз өкмөтү экономикадагы проблеманы ачык айта баштады. Беш айдан бери ылдыйлап бараткан экономиканы тууралуу буга чейин Бабановдун өкмөтү сөз кылбай, саясий бир чаралар, реформаларды рекламалоо менен көбүрөөк алек болуп келген. Эми кыязы, маселенин оорлугу аны жашырууга болбой калды окшойт.

Беш айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция - 6.4%, анын ичинде өнөр жайы -32% төмөндөгөн. Мына ушундан улам өкмөт быйылкы жылдын көрсөткүчтөрүн өзгөртүп, жагымдуу сценарий боюнча өсүш 1.8% болот, начар жагына оой турган болсо -2.5% төмөндөйт дей баштады.

Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев экономикада мындай абалдын түзүлүшүн "Кумтөрдүн" начар иштеши менен байланыштырат.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Равшан Жээнбеков өкмөттүн экономикалык саясатын сынга алып, абалды аябай начар, күзүндө мамлекет финансылык милдеттерин аткара албай калышы күтүлөт дейт:

- Менин байкоом боюнча биздин экономикалык абалыбыз аябай начар абалда турат. Катаал, туура чараларды көрө турган убакыт келди.

Равшан Жээнбековдун пикиринде, ал чаралар бюджеттин чыгашаларын кескин кыскартуу. Буга чейин ойлонбостон чыгашаларды көбөйтүү ушундай абалдын себепкерлеринин бири.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтымында, өкмөттүн айрым туура эмес кадамдары абалды ого бетер татаалаштырууда:

- Тармактар менен карап келгенде, өнөр жайда "Кумтөрдүн" иши начарлап кетти. Айыл чарбасында да жакшы эмес абал түзүлүүдө. Чүй облусунда буудайдын түшүмү начар болчудай. Кызылча чыкпай калды дешти. Түштүк жакта сел жүрүп, чыгымдар көп болду. Анан экономиканы алдыга сүрөй турган кен тармагы иштебей жатат.

Акенеевдин пикиринде, абал ушул бойдон калса, күзүндө экономикалык каатчылык орун алышы күтүлөт.

Кумтөр демекчи, “Центерранын” ишине нааразылыкты өкмөт мүчөлөрү көбүрөөк айтып, “Лицензиялар жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын алкагында келишимдерди кайра карап көрүү жагын кыйыта баштады. Ошого жараша "Кумтөргө" ар тараптан басымдар күчөдү.

Өлкөнүн финансылык абалынын өтө начардыгынан өкмөт келерки жылдын салыгынын эсебинен "Кумтөрдөн" 30 млн. доллар алды. "Кумтөргө" карай чабуул депутаттык комиссия тарабынан да күтүлүп жатат. Комиссиянын мүчөлөрү "Кумтөр" боюнча келишимдерди дыкат иликтеп, коррупциялык жагдайларды, ага тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлердин ысмын ачык айтууну көздөп жатат.
Менин байкоом боюнча биздин экономикалык абалыбыз аябай начар абалда турат. Катаал, туура чараларды көрө турган убакыт келди.

Экономикалык каатчылык менен өкмөткө чабуул да күчөйт. “Ата Журт” фракциянын лидери Камчыбек Ташиев күзүндө өкмөт кызматтан кетириле турганын дагы бир жолу билдирди. Ал ошондой эле “Мегакомдон” чыгарылган 6 млн. доллардын тагдыры боюнча маселени 15-июнда дагы козгоп чыкты. Бул күнү Эсеп палатасы фракцияларда отчет берген эле.

Камчыбек Ташиев Эсеп палатасы “Мегакомдон” чыгарылган каражаттарга көңүл бөлбөй жатканын сынга алды:

- Биз “Мегакомдон” уурдалган 6 млн. доллардын 2 млн. доллары Лихтенштейнде турат деген расмий маалыматты алдык. Ошол акча кайсы банкта, кимдин эсебинде турганы бизге белгилүү. Ал эсептин ээси ким экени да бизге маалым. Бирок аны ачыкка чыгарбай жатышат. Силер эмне үчүн ошону чыгарбайсыңар? Мен айтып жатам, мурдагы президент Роза Отунбаеванын баласы Садыбакасов Атай менен Мурзалиев бирге түзгөн фирманын эсебинде турганын. Органдар болсо жок алардын тиешеси жок дейт, бирок Кыргызстандын жарандарынын эсебинде дешет. Ал ким десек жооп бербейт. Себеби булар Отунбаева деп айткандан коркуп жатышат. Эртели-кеч бул ачыкка чыгат. Себеби документ турат. Лихтенштейнге барып эле документтерди өзгөртүп келбесе, ал турат.

Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов бул ишке тиешеси жоктугун буга чейин билдирген. Ишти иликтеп жактан УКМК 2 млн. доллар чет өлкөлөргө чыгарылганын ачып чыгып, бирок анын артында кимдер турганын айта элек. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бул иштердин артында кимдер турганы сотто ачыкталат деген пикирин билдирген жери бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG