Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Апрель-июнь окуялары кайрадан парламент талкуусунда


Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар, Бишкек. 7-апрель, 2010.
Ак үйдү көздөй келаткан демонстранттар, Бишкек. 7-апрель, 2010.

23-майда парламент апрель жана июнь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин буга чейинки токтомдорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.

Жогорку Кеңештеги жыйында айрым депутаттар өкмөт, башкы прокуратура, укук коргоо органдары бул окуяларга айыптууларды таап, соттой албаганына нааразылык билдирди. Мындан тышкары, баш прокурорго ишеним көрсөтпөө демилгеси да көтөрүлүп, бирок ал колдоо тапкан жок. Расмий бийлик өкүлдөрү окуяга күнөөлүүлөрдү кармоо, аларды өлкөгө алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтууда.

Табышмагы көп апрель окуясы

Апрель окуясы боюнча суроо берген депутаттар негизинен Курманбек Бакиев баштаган мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн ушул күнгө чейин кармалбай жүргөнүнө кызыкты. Мындан тышкары, 2010-жылы банк кутучаларынан алынган акчалар боюнча суроолор берилди.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров:

- 2005-жылы революция болгондо Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалы тонолуп, 20 млн. сом уурдалган. 2010-жылы дагы революция болуп, 20 млн. сом эмес, 20 млн. доллар чыкты. Анын кээ бири тонолуп кетти.

Ушул эле суроону Башкы прокурор Аида Саляновага башка депутаттар да узатты. Аларга Аида Салянова мындайча жооп кайтарды.

- Миллионбу, же башка акчабы, ошол алынган акчалардын ичинен жок болуп кеткени болгон жок. Эгер алынган акчалардын ичинен кандайдыр бир сумма жок болуп кетсе, анда күмөн санап, Башкы прокуратура текшерүүнү башкача жүргүзмөк.

Депутаттарды апрель сотунун создугуп, айыптуулар жазага тартылбай жатканын белгилешти. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо, суроолорго жооп берип жатып, кылмышка шектүү делген мурдагы бийлик өкүлдөрү изделип, алардын айрымдарын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер уланып жатканын айтты.

Июнь окуясы: качкандар кармалабы?

Ал эми талкуунун жана суроолордун көбү 2010-жылы болгон июнь окуясына байланыштуу жүрдү. Июнь окуясында жабыр тарткандардын “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Тургунайым Айтиевага да парламентте сөз берилип, ал күнөөлүүлөр кармалбай жатканына кейиди:

- Ош окуясын уюштуруп, качып кеткендер келеби, же жокпу? Так жообун бериңиздер. Бирок мен бул жерден айтып коёюн, аларды алып келе албайсыздар. Алар бул согушту жасоого атайын пландалган адамдар болгон. Качырып жибердиңер, эми аларды силерге эч ким бербейт.

Бирок башкы поркурор Аида Салянова издөө иштери жүрүп жатканына токтолду:

- Башкы прокуратура тарабынан Батыров, Абдуллаева, Абдрасулов, Салахуддинов, Караматов, Абакжанов, Кудайбердиев, Мирзаходжаев, Абдусаламов, Акбаровду издөө жана аларды Кыргызстанга экстрадицияоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Парламент апрель жана июнь окуясын үчүнчү ирет талкуулап жатат. Буга чейинки парламенттин токтомдору, анда белгиленген сунуштар аткарылбаганына депутаттар нааразы болуп, өкмөттүн жана башка тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин кароо керек деген пикирлер да айтылды.

Убактылуу өкмөткө да суроолор бар

Ошондой эле кээ бир депутаттар Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги боюнча маселени да көтөрүштү. Маселен, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талан Мамытов июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги каралбаганы үчүн Башкы прокурорго сын айтты:

- Эгер биз бүгүн ката кетирсек, тарых бизди кечирбейт. Башкы прокурор катары тарыхый жоопкерчилик сизде жатат. Андан көрө “Убактылуу өкмөттү күнөөлөп жатасыңар, алардын мүчөлөрү бүгүн бийликте турат. Ошон үчүн аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк болбой жатат” деп ачык эле айтпайсызбы.

Президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев болсо, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да бул окуялардын акырына чыгышына кызыкдар экенин билдирди:

- Ошол убактагылардын күнөөсү бар экенин айтып жатабыз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү да моралдык күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураган. Азыр убактылуу өкмөттүн ичинен бийликте бир гана Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев бар. Силер тапшырма бергиле, кайрадан текшерели.

ТИМге тапшырма берилди

Ал эми айрым депутаттар Башкы прокурордун ишин канааттанырарлык эмес деп таап, ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрдү. Атап айтканда, “Ата-Журт” фракциясынын бул демилгеси добушка коюлуп, бирок колдоо тапкан жок. Талкуунун соңунда өкмөттүн, баш прокуратуранын маалыматтары эске алынып, буга чейинки кабыл алынган токтомдорду аткарууну улантуу тапшырмасын белгилеген дагы бир токтом кабыл алынды. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлигине эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдө тиешелүү маалыматтык кампания жүргүзүү милдеттендирилди.

Атап айтсак, анда Кадыржан Батыров баштаган өзбек жикчилдердин кылмыштуу иштери тууралуу эл аралык коомчулукту кабардар кылып, чет өлкөдө аларга карата мамилени өзгөртүү максаты көздөлгөн. Мындай демилге менен чыккан "арнамысчы" депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде, так маалыматтын жоктугунан эл аралык уюмдар Батыров менен кызматташып жатат.

XS
SM
MD
LG