Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Бийликти сындагандар элчиликке дайындалууда


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Буга чейин бийликти сындап жүргөн оппозициялык маанайдагы саясатчыларга элчилик кызматтар сунушталды.

Коомдук ишмерлер Мирослав Ниязов Тажикстанга, Жаныш Рүстөмбеков Түркмөнстанга элчи болуп дайындалганы турат.

Ал эми жаш саясатчы Адил Турдукулов Казакстандагы элчиликке кызматка дайындалган. Бирок ал андан баш тартканын айтты.

Өткөн жылы болсо бийликтин башкы сынчысы Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин башкы катчысынын орун басары кызматына дайындалган. Акаев мезгилинен бери оппозицияга элчилик кызмат сунуштоо ыкмасы бүгүн да колдонулуп келе жатканы айтылууда.

“Прогресс” коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов Тышкы иштер министрлиги ага айтпастан жана кабарлабастан туруп, Казакстандагы элчиликтин экинчи катчылыгына дайындап салганын айтып чыкты. Бирок ал аталган кызматка баруудан баш тарткан.

- Бул жерде алар менин дипломаттык шыгыма муктаж болушкан жок, тескерисинче, мени сын-пикирлерин токтотсун деген мааниде дайындашты окшойт деп божомолдоп жатам. Бирок мени кызматка дайындоо сунушуна макул болгон жокмун. Мен мындайга барбайм. Ага караганда азыркы жасап жаткан коомдук иштерим маанилүү деген пикирдемин. Мен муну Абдылдаев өзү чечти деп ойлобойм. Анын үстүнөн башка адамдар чыккан.

ТИМ: Турдукуловду дайындоо сот чечими менен болду

Тышкы иштер министрлиги болсо Турдукуловду кызматка дайындоо соттун чечими менен болгонун айтууда. Алардын билдиришинче, 2011-жылы Турдукулов Жапониядагы кыргыз элчилигинен кызматтан бошотулган. Бирок ал жумуштан бошотуу чечими менен макул болбой сотко кайрылган. Сот болсо Турдукуловду кайра жумушка алууга министрликти милдеттендирген экен. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков мындай дейт.

-Турдукуловду кызматка дайындоо буйругу соттун тиешелүү чечиминин негизинде болгон иш. Аны жумушка орноштуруу боюнча соттун чечими болгон. Ошол чечимди аткаруу максатында аны дайындоо буйругу чыккан.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.
Бирок Адил Турдукуловдун билдиришинче, соттун чечимине министрлик үч жылдан кийин гана көңүл бурган.

- Сот мени жумуштан мыйзамсыз бошотулган, кайра калыбына келтирилсин деп, 2011-жылдын 30-майында чечим чыгарган. Бирок министрлик үч жылдан бери аны аткарбай келген. Эгер соттун чечимин аткаруу эле башкы себеп болсо, анда ошол кезде эле аткарышмак.

Элчиликке сунушталган экс-оппозиционерлер

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийликти катыра сындап келген Мирослав Ниязов менен Жаныш Рүстөнбековго элчилик кызматтар сунушталууда. Мурда да бир ирет Тажикстанда элчи болуп иштеген Мирослав Ниязов аны бийлик бооруна тартуу үчүн кызматка дайындап жатат дегенге кошулбайт.

- Мен азыркы кыргыз-тажик элинин мамилесин көрүп туруп, макулдугумду бердим. Анткени сырттан кайдыгер карап турган болбойт. Анан мен оппозицияда жүргөн адам эмесмин. Мен жеке позициясы бар адаммын. Бийликтин туура жасаган ишин колдойм, эгер туура эмес кадамдарды жасап жатса, аны ачык айтып, сындайм.

Ал эми Казакстандагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Жаныш Рүстөмбеков учурда Түркмөнстанга элчи болуп кеткени турат. Рүстөмбеков бир жыл мурда Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү катары бийликти катуу сындап жүргөн. Бирок жыл башында капилеттен эле президент Атамбаевдин саясатын колдой турганын, “Улуттар биримдиги” партиясынын катарынан чыккандыгын жарыялаган. Анын алдында болсо айрым маалымат каражаттары Рүстөмбековдун Эсеп палатасында иштеген эксперт кызы аудитор Жусуп Иманалиев менен бирге “пара алуу” фактысы менен кармалганын, ал ушундан кийин бийликти колдоого аргасыз болгонун жазып чыгышкан. Бирок Жаныш Рүстөмбеков өзүнүн элчиликке сунушталып жатышын ал иштер менен байланыштырбайт.

- Колумдан келген ишти кылып, иштегенге даярмын. Эгер мүмкүнчүлүгүм жетсе, барып иштеп берем. Учурунда мени Бакиев деле кызматка чакырган, ага деле колуман келген аракетимди кылып, иштеп бердим. Акаев да чакырган, ага да иштеп бергем. Учурунда Акаевди канча сындадым, Бакиевди да сындагам. Атамбаевди деле сындашым мүмкүн.

Оппозиционерлерди элчилик менен алдашабы?

Жаныш Рүстөмбеков менен Мирослав Ниязовду элчиликке дайындоону Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер комитети да өткөн аптада колдоп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Акаев жана Бакиев учурундагы оппозиция лидерлерине элчилик кызматтарды сунуштап, аларды саясий чордондон алыстатуу жана таасирин азайтуу ыкмасын азыркы бийик дагы колдонуп жатат деген ойдо.

Мирослав Ниязов Тажикстанга элчи болуп дайындалганы турат.
Мирослав Ниязов Тажикстанга элчи болуп дайындалганы турат.
- Бул бийлик Акаев менен Бакиев учурундагы авторитардык ыкмалардын баарын пайдаланып жатат. Ошонун ичинде оппозиция лидерлерин чет жерге элчилик кызматка жөнөтүү сунуштары да бар.

Бир жыл мурда болсо президент Алмазбек Атамбаевдин башкы оппозиционери Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон болчу. Ошол эле кезде депутат Равшан Жээнбеков оппозициялык майданга өтүп, бийликти сындамыш болгон айрым саясатчылардын максаты эптеп эле жогорку кызматка отуруу деп эсептейт.

- Эми чынын айтыш керек, оппозицияга көпчүлүгү идеялык көз караш менен барбайт. Көбү эптеп кызмат алайын деп оппозиция болот. Тилекке каршы, ал жагын да моюнга алыш керек. Андай адамдарды бийлик тез эле бөлүп алып, кызмат бере койот.

Учурда Кыргызстандын Түркия, Түркмөнстан, Тажикстан, Малайзия өлкөлөрүндөгү элчилик орундары бош турат.

XS
SM
MD
LG