Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Акмат Бакиев качып кетти


Акмат Бакиев сот залында, Бишкек, 2011-жылдын 12-январы.
Акмат Бакиев сот залында, Бишкек, 2011-жылдын 12-январы.

Жыл башында жатак абакка которулган Акмат Бакиев качып кеткени бүгүн белгилүү болду.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин качып кеткенин Жаза аткаруу кызматы да тастыктап, ал 3-марттан тарта кайда жүргөндүгү белгисиз деп билдирүү таратты. Бишкек шаарындагы №35 жатак абагында жазасын өтөп жаткан Акмат Бакиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага чыгарылган эле.

Каякка, кантип качты?

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында Акмат Бакиев качып кетти деген маалымат бар экендигин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди. Бул маалыматты тастыктап, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын да билдирүүсү чыкты.

Аталган кызматтын маалымат катчысы Александр Никсдорф “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Ал Бишкектеги жеке менчик дарылоо борборунда дарыланып жаткан. Ишемби күнү (3-мартта) кетип, ошондон бери кайтып келген эмес. Ушу кезде ага издөө жарыяланды. Ал боюнча болжолдуу маалыматтар ички иштер министрлигине, улуттук коопсуздук кызматына жана чек ара аскерлерине берилди.

Бишкектеги №35 жатак абагында жазасын өтөп жаткан Акмат Бакиев 24-январда ден-соолугу кескин начарлап, тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шардык №6 ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага өпкөнүн өнөкөт оорусу деген диагноз коюп жаткандыгын Акмат Бакиев ошол күнү ооруканадан “Азаттыкка” берген маегинде билдирген болчу. Ал ошондо Кыргызстандан качып кетүү максаты жоктугун айткан.

- Мен эмне үчүн кетишим керек эле? Мен башында эле өзүмдү күнөөлүү эмесмин дегем. Менин күнөөм жок, эч кайда кетпейм, калам дегем.

Өткөн жылы Акмат Бакиевге жактоочу болуп жүргөн укук коргоочу Бүбайша Арстанбекова анын кайда экендиги тууралуу маалыматы жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

- Азыр адвокатына чалсам ал деле билбейм, мага эч кандай кабар болгон жок деп айтты.

Акмат Бакиведин учурдагы адвокаты жана башка жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Улуттук коопсуздук кызматына караштуу чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов Бакиев Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн жок деп билдирди. Анын айтымында, ал тууралуу чек ара бекеттерине маалымат таратылды.

- Бизге Жаза аткаруу кызматынан качып кетти деген ыкчам маалымат келди. Биз ошол маалыматты чек ара бекеттерине жана тозотторуна бердик.

Жатак абакка кандайча которулган?

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев 2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген. Бирок ал коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Жаза мөөнөтүн алгач Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү колониясында өтөп, жыл башында №35 жатак абакка которулган. Ал жерде 2 жыл 8 ай жаза мөөнөтүн өтөшү керек болчу.

Жатак абактын шарты боюнча, соттолгон адам жумасына бир ирет келип, катталып коюп кете берүү укугуна ээ жана ал кайтарылбайт. Ошондой эле жумуш таап, маянасынын бир бөлүгүн абакка которуп турушу керек.

“Альфа-антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков Бакиевдин жатак абакка чыгышында күмөндүү суроолор бар болчу деген ойдо.

- Акмат Бакиев жети жылга соттолуп, бирок жүрүш-турушу жакшы деп жатак абакка которулган. Бул бүдөмүк ойлорду туудурат. Себеп дегенде, ошол убактагы өкмөт жана сот системасында иштегендер буга кандайдыр бир деңгээлде аябай жеңилдик берип коюшкан. Андай болсо, соттолуп колонияда жүргөндөрдүн жартысын да жатак абакка чыгарыш керек эле.

Медетбеков эгер качса, Акмат Бакиев Орусия же Беларусия тарапка кетиши мүмкүн деп эсептейт:

- Биздин жарандыкты эмес, мисалы Тажикстандын же Казакстандын паспортун жасап алса, Орусияга же Беларусияга кетиши мүмкүн.

Акмат Бакиев 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин издөө жарыяланып, ошондон көп өтпөй 23-июнда Жалал-Абадда кармалган болчу. Ал эми анын кандаштары Курманбек, Жаныш, Марат Бакиевдерге жана башка жакындарына да 7-апрелден кийин келген кыргыз бийликтери эл аралык издөө жарыялаган.

XS
SM
MD
LG