Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Акаев агасына топурак салууга келбеди


Аскар Акаев
Аскар Акаев

Асанкул Акаевдин сөөгү 28-январда Кеминде өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилди. Мурунку президент Аскар Акаев бир тууган агасына топурак салганга келе алган жок жана бул коомдо талкуу жаратты.

Социалдык тармактарда ача пикирлер айтылып, Аскар Акаевди келүүгө чакырган акция да өттү. Акаев мындан эки жыл мурун эң улуу агасы каза болгондо да Кыргызстанга келе алган эмес эле.

Аскар Акаевдин бир тууган агасынын зыйнатына келүүсүн биринчилерден болуп коомдук ишмер Эдил Байсалов айтып чыкты. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына атайын кайрылуу да жазды жана анын себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- "Ашып кетсе сизди суракка чакырар, ага деле барып коюңуз. Бизден, мендей сынчыларыңыздан, дагы башка душмандарыңыздан кооптонуп жатсаңыз деле келиңиз. Биз салтты, жеке турмушуңуздагы үй-бүлөлүк трагедияңызды түшүнүү менен кабыл алабыз" деп ачык айтууну туура көрдүм. Мындай жагдай менин деле башымдан өткөн. Сүргүндө, сыртта жүргөндө менин бир туугандарым, ата-энем бир нерсе болуп кетсе эмне кылам, кандай кылам деген ой келген. Өзүмдүн башымдан өткөн үчүн түшүнүү менен кабыл алып, расмий кайрылдым. Мен аны актап-жактап, кечирели, кайра президент кылалы деген ойду айткан жокмун.

Асанкул Акаев
Асанкул Акаев

Кезинде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгон Асанкул Акаев 26-январда 77 жаш курагында каза болду. Анын тажыясына Аскар Акаевдин кенже уулу Илим келди. Аскар Акаев ушул тапта иш сапар менен Францияда жүргөнүн жана аны санаалаштары "Кыргызстанга азырынча келбей тур" деп көндүрүшкөнүн Акаевдин шакирти, саясатчы Бекболот Талгарбеков “Азаттыкка” айтып берди:

- Аскар Акаевич биз менен байланышка чыкканда келбей турууну сунуштадык. Анткени азыркы бийлик аны кармайбыз деп, чагым уюштурушу мүмкүн. Биз, шакирттери азыркы бийлик кеткенден кийин келиңиз, ага чейин сабыр кыла туруңуз деп айттык. Азыр эл араң турат да, көтөрүлүп кетсе, ээ-жаа бербеген процесс болуп кетиши мүмкүн. Азыркы бийлик, Атамбаев өзү кетерин эсептеп жатпайбы, аз калды, ал кеткенде келесиз дедик. Биз ал келсе, бийлик чагым уюштурарына көзүбүз жетти. Анткени өткөндө улуу агасы каза болгондо да келсе суракка алабыз, кармайбыз, ал-бул деп айтышты эле.

Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу. Сүрөттөр журналист Адилет Айтикеевдин фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу. Сүрөттөр журналист Адилет Айтикеевдин фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Азыркы бийлик чагым уюштурат деген пикирге кошулбагандар да бар. Алардын бири, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун Аскар Акаевге кылмыш иши козголбогонун белгилеп, куугунтуктоого негиз жоктугун айтууда:

- Бул жакка учуп келсе эле Атамбаев же Сариев, Башкы прокуратура камата койсо, анда алар уят болбойбу. Канча душман болсо деле жамандыкта кыргыз эли бириге түшөт. Ал балким тигил жакка Кыргызстан мени куугунтуктап, артымдан түшүп жатат деп айтса керек. Ал ушуну пайдаланып алып жүргөн бир топ жеңилдиктерден кол жууп калам деп ойлоп да жатышы мүмкүн. Өзүнүн бир тууганынын тажыясына келбей койгондон уялбайбы. 15 жыл бизди деги кандай адам башкарган? Азыркы бийлик өкүлдөрү деле келе бериңиз, сизге эч нерсе болбойт деп койсо деле болмок. Эгер ал агасына топурак салганы келгенде иш козгоп, камаса анда коомчулук көтөрүлүп чыгат эле. Мисалы, мына мен өзүм чыгам.

Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу. Сүрөттөр журналист Адилет Айтикеевдин фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу. Сүрөттөр журналист Адилет Айтикеевдин фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Мындай ойлорго саясатчы Азимбек Бекназаров да кошулат:

- Эгер келсе азыркы бийлик же дагы башкалар деле бул жөнүндө жаман сөз айтмак эмес. Анын келбегени Акаевдин өзүнүн адамдык, инсандык деңгээлине жараша болуп калды. Менимче, ал агасына топурак салганы келсе, бирөө жаман сөз айтмак эмес. Бийлик такыр эч нерсе кыла алмак эмес. Мына Кумтөрдү Акаев сатты дешти эле, өздөрү деле беш жылдан бери эч нерсе кыла албай отурбайбы.

Анткен менен коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Акаев келсе саясий абалга терс таасирин тийгизет деген пикирде:

- Анын саясий жагы чатак болуп жатпайбы. Бул жакка келсе ким коргой алат, коопсуздугуна ким жооп берет деген маселе бар. Ага тиш кайрап жүргөн, анын бийлигинин тушунда атылып кеткендердин бала-чакасы, жакындары бар да. Алар чыгып өч алабыз десе кандай болот. Бул коркунучтуу нерсе. Кыргызстанда саясий абал кичине тынчып турганда бул келип алып дүргүтөт. Акаев өзүнүн калган өмүрүн ушундай трагедиялуу кылып алды да. Менин пикиримде, ал келсе чатак болот.

Аскар Акаев Кыргызстанга келсе эле тергөөгө тартыларын Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Исмаилов 27-январда билдирген. “Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзгөндөн кийин каралат” деген башкы көзөмөл органдын өкүлү мурдагы президент жана анын үй бүлөсүнүн катыштыгы бар делген иштер Башкы прокуратурада жана укук коргоо органдарында жатканын эскерткен. “Кумтөр” жана “Бител” долбоорлору баштаган бир катар иштерге тиешелүү жооптуу адамдар издөөдө жүрөт, алардын арасында Акаевдин уулу Айдар Акаев дагы бар. ​

Аскар Акаев 2005-жылы март ыңкылабынан негизинде бийликтен күч менен кеткенден бери Орусияда жашайт. Ал “Азаттыктагы” соңку маегинде бийликти мыйзамдуу жол менен тапшырбаганына өкүнөрүн билдирген жайы бар.

Аскар Акаев 2014-жылы улуу агасы Болот Акаев каза болгондо да Кыргызстанга келе алган эмес. 5-август, 2014-жыл
Аскар Акаев агасына топурак сала албады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

XS
SM
MD
LG