Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Сот талапкерлердин арызын канааттандырбады


Иллюстрация
Иллюстрация

“Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен алынган талапкерлердин арызы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, БШК чечими күчүндө калды.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына өздөрүн “Баатыр ордо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү деп тааныштырган жарандар тобу митингге чыгышты. Алар “Республика Ата-Журт” партиясы менен шайлоого катышып, кийин тизмеден алынган депутаттыкка талапкерлер берген антын аткарышы керек деген талап коюшту. Анткени жетиштүү добуш албаганына байланыштуу деген негиз менен 70ке жакын талапкер партиялык тизмеден чыгарылган. Бирок алардын айрымдары муну мыйзамсыз деп таап, сотко кайрылган болчу.

“Баатыр ордо” коомдук бирикмесинин төрагасы Адил Кыргыз талапкерлерди антын бузду деп айыптады:

- Булар элдин астында ант бергенин жарыялаган. Эгерде сөзүнө турбай ушинте турган болсо анда антты саясатка аралаштырбай эле коюшса болмок. Анткени анттан ыйык эч нерсе жок. Ант бергенден кийин аны аткарбасаң кусур урат деген сөз бар. Антты да саясатташтырып алып, кетпейбиз деп нааразы болуп жатышат. Антты бузган адамдардан кантип жакшылык күтөбүз?

Сот жүрүп жаткан учурдагы бул нааразылык акциясына элүүдөн ашуун адам катышты. Ошол эле кезде соттун алдына тизмеден алынган талапкерлердин жактоочулары да чогулду. Эки жааттын ортосундагы коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып турду. “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен алынгандардын ичинен сегиз талапкер сотко кайрылган. Алар тизмеден чыгуу тууралуу өз колу менен арыз жазбаганын айтып жатышат.

Тизме чатагы сотто каралууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Тизмеден алынган депутаттыкка талапкер Кантемир Мурзабеков анын ордуна башка бирөө арыз жазып койгон жагдайдын мыйзамдуулугун карап берүүнү соттон өтүндү:

- Биздин округдан алты миң добуш болгон. Мен жетиштүү добуш алгам. Эч кимге эч кандай ант берип, кандайдыр бир нерсеге кол койгон эмесмин. Мен да башкача ант берген болсом, ошонун видеотасмасын мага көрсөтүп беришсин. Бизге дагы эл добуш берген. Биз ошол элдин добуштарын коргошубуз керек. Менин атыман эле бирөө келип, тизмеден чыгуу тууралуу арыз берип койгон болсо, мен өзүмдүн укугумду коргошум керекпи?

Бузулган макулдашуу

Бирок аталган партиянын жетекчилиги ал талапкерлер тизмеден чыгуу тууралуу арызды өздөрү жазган деп ишендирүүдө. Анткени шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер жетиштүү добуш албаса, тизмеден чыгарын айтып, алдын ала арыз жазып, ант беришкен.

“Республика Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Ирина Шабакеева жетиштүү добуш албай калгандар кийинкилерине орун бошотууга милдеттүү болчу дейт:

- Булардын добуштары жетпей калды. Ошого макул болуп эле кете беришпейби. Булар ошондой жетиштүү добуш ала албагандан кийин демек элдин ишениминен чыгып калышты да. Унчукпай эле тизмден орунду бошотуп беришпейби. Булардын көпчүлүгү мурда депутат болгондор экен.

Бирок тизмедеги талапкерлер ортосундагы добуштардын айырмачылыгы мыйзам менен жөнгө салынбайт. Анткени мыйзам боюнча добуштар партияга берилди деп эсептелинет.

Тизмеден чыгарылган башка бир талапкер Алиярбек Абжалиев мандат бөлүштүрүүдө “Республика Ата-Журт” партиясынын жетекчилиги баштапкы макулдашууну өзү бузду дейт:

- Мен Ош шаарынан 4 миңден ашуун добуш алгам. Чын эле добуш ала албагандар тизмеден чыгып кетиши керек эле. Талапкерлердин бардыгынын алган добуштарын карап, талдап, ошого жараша жыйынтык чыгаруу керек болчу. Эки жарым миң добуш алгандарга деле мандат беребиз деп жатышат. Партия лидерлери чогуу отуруп алып, добуштардын санына жараша чечим чыгарыш керек эле да. "Сен кетесиң, сен каласың" дегени кандай? Бул жигитчиликке жатабы? Бул жерде добуш алган балдар турушат. Канчасын жөн эле тизмеден ыргытып жиберишти.

Биринчи Май райондук соту сегиз талапкердин ар биринин арызын өз-өзүнчө карап, сот жараяны узакка созулду. Кечинде гана аталган талапкерлердин арызын канааттандыруусуз калтырган сот чечими чыкканы кабарланды. Аталган талапкерлердин айрымдары бул чечимди Жогорку Сотко даттанары белгилүү болду.

Партиянын ички жобосуна ылайык, тизмеде көп добуш алган талапкерлер менен бирге эле гендердик квотанын жана аймактык өкүлчүлүк принциптери да сакталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG