Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Тапанчалардын таржымалы иликтенет


Иллюстрация
Иллюстрация

“Коммерсант” басылмасы тергөө комитети Кыргызстан аркылуу сыйлык катары берилген курал-жарактардын мыйзамдуулугун иликтеп жатканын жарыялады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчаларды Австриядан сатып алып, бирок кайра түз эле Орусиянын жарандарына сыйлык катары каттап берген күңүрт схеманын бети ачылган.

Анда ошол кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев тапанчаларды орус жарандарына сыйлык катары ыйгарган токтомго кол койгону көрсөтүлгөн. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги орусиялык басылмада көрсөтүлгөн жагдайлар иликтене баштаганын билдирди.

“Сыйлыкка” ыйгарылган тапанчалар

Рейдерликти уюштурууга шектелип жаткан Мамлекеттик Думанын депутаты Денис Вороненковдун жанынан Glock-19 үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Тергөөдө бул тапанча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан ошол кездеги өкмөт башчысы Атамбаевдин 2011-жылдын 9-июнундагы буйругунун негизинде депутатка сыйлык катары ыйгарылганы аныкталган.

Мына ушундай эле тапанчалар элүүдөй огу менен кошо Орусиядагы ишкер Виталий Качурга жана Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго "Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн" деген негизде сыйлык катары ыйгарылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бул жагдай боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты:

- Өкмөттүн токтомунун негизинде берилген деп көрсөтүлгөн экен. Бирок биз ошол токтомду таба алган жокпуз. Анан калса курал-жаракка байланыштуу маалыматтар жашыруун болот. Бизде болгону ошол токтомдун негизинде берилген деген эле маалымат бар экен.

“Коммерсант” басылмасынын маалымдашынча, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчаларды Австриядан сатып алган. Бирок тапанчалар өздүк курамдын колдонуусуна кабыл алынбастан орусиялык жарандарга сыйлык катары ыйгарылып кеткен. Орусиянын тергөө комитети берилген тапанчалардын баасы 150 миң доллар болгонун аныктаган.

Орусиянын тергөө комитети тапанчалардын алдамчылык жол менен сыйлык катары катталганы аныкталса, алардын ээлерине кылмыш иши козголорун белгилеген. Тергөөдө Мамлекеттик Думанын депутаты Денис Вороненков тапанча ага кандай негизде сыйлык катары ыйгарылганын эстей албастыгын айтып көрсөтмө берген.

Күңүрт схемалардын күмөндүү жолдору

Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Болотбек Ногойбаев күч түзүмдөрүндө куралды чет элдиктерге сыйлык катары каттатып берүүгө байланышкан көмүскө ишкердик бар экенин жокко чыгарбайт:

- Мен министр кезимде орусиялык бир "фирмачтар" мага жолугуп, “Австриядан ошол үлгүдөгү тапанчаларды акчасын төлөп алып беребиз, ал силердин мамлекетке түшөт, ошондон кийин бизге кайра жарымын бересиңер” дешкен эле. Бул кандайдыр бир чуулгандуу иш болгондуктан алар менен кызматташуудан баш тарткам. Мүмкүн мына ошону кийин жасашкандыр.

Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө чет элдик жарандарга куралды сыйлык катары каттап берген өнөкөт 2010-жылга күчөгөн. Чынында сыйлыкка берилген тапанчанын жең ичинен сүйлөшүлгөн баасы 20 миңден 50 миң долларга чейин бааланары белгиленген.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков бул күч түзүмдөрүнүн көмүскө ишмердиги экенин айтып, аны мыйзамдуу нукка буруу жагы жөнгө салынбай келатканын белгиледи:

- Биздин күч түзүмдөрдүн соңку мезгилдеги жетекчилери мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен чет элдик адамдарга куралды сыйлык катары каттатып берүүгө көп аракет кылышкан учурлар бар. Себеби сыйлыкка берилген куралдын статусу бар да. Айрыкча мурдагы ички иштер министри Конгантиевдин тушунда курал-жарактарды белекке же сыйлыкка ыйгаруу деген шылтоо менен алды-сатты иши катуу күчөгөн болчу.

Кыргызстандын “Курал жөнүндө” мыйзамы башка өлкөнүн жарандарына куралды сыйлыкка берүүгө уруксат берет. Аталган мыйзамга өткөн жылы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, ок атуучу куралды сыйлыкка берүүгө президент, өкмөт башчы жана парламент төрагасы укуктуу.

2005-жылдан 2012-жылга чейин Ички иштер министрлиги аркылуу эле 287 чет элдик жаранга курал-жарак сыйлыкка ыйгарылганы айгине болгон. Бирок анын баары өкмөттүн буйругунун негизинде мыйзамдуу берилгени, курал алгандар министрликке бул аралыкта 100 млн. сомдон ашуун каржылык жардам көрсөтүлгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG