Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Оторбаевдин ордуна тапталып жаткандар...


Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери

Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка талапкерлер боюнча кызуу кеңешүүлөр жүрүп жатат. Өзгөчө чечүүчү таасирге КСДП жана “Ар-намыс” фракцияларынын тандоосу ээ болору айтылууда. Фракцияларда кайсы талапкердин ысымы көбүрөөк аталууда?

Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылыктан кеткенден кийин бошоп калган орун үчүн өзүн ылайыктап көргөндөр да, аларды кароодон өткөрүп, баалап жаткандар да активдешти. Анткени жакынкы күндөрү өкмөт башчылыкка талапкердин ысымы аталууга тийиш.

Башкаруучу коалициянын мүчөсү болгон “Ата Мекен” фракциясы гана талапкер көрсөтүүдөн баш тартып, КСДП фракциясы көрсөтө турган талапкерди күтүп жатышканын билдирген. Аталган партия шайлоо жакындап келатканда өкмөт башчылыкка бардык тараптарды канааттандырган саясатчы келиши керек деген талапты коюуда.

КСДП жана “Ар-намыс” фракциялары кызуу талкуу жана кеңешүүлөрдү өткөрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, “Ар-намыс” фракциясы өкмөт башчылыкка өз фракциясынан чыккан вице-премьер-министрлер - Абдырахман Маматалиев менен Валерий Дилдин талапкерлигин да карап жатат.

Оппозицияда деп эсептелген “Ата Журт” фракциясы расмий эмес түрдө премьер-министрликке талапкерлерди карап чыкты. Фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү экономика министри Темир Сариевдин талапкерлигине токтолуп жатканын депутат Азамат Арапбаев билдирди:

- Фракциянын расмий жыйыны боло элек. Бирок депутаттардын көпчүлүгү ошондой (Сариевди колдоо) ойлорун айтып жатат. Себеби мамлекетибизде расмий түрдө Орусиядагыдай кризис деп жарыялана элек. Бирок экономиканын бардык тармактары ошону сезип жатат. Өндүрүш азайып баратат. Ошондуктан өкмөткө сырттан жаңы адам эмес, экономиканы терең түшүнгөн, экономиканын тармактарын билген адам керек деп, фракциянын көпчүлүк депутаттары айтып жатат.

Азамат Арапбаев ошондой эле вице-премьер-министрлер Валерий Диль, Абдырахман Маматалиевдин ысымдары да аталганын кошумчалады.

Өкмөт башчыны тандоодо чечүүчү ролго ээ болгон КСДП фракциясы Темир Сариевдин талапкерлигине токтолгону айтылууда. Бирок фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков талапкердин ысымы жакынкы күндөрү ачык болорун, бүгүнкү күндө өкмөт башчылыкка талапкерлерге критерийлер гана коюлганын билдирди:

- Принцибинде шайлоого төрт-беш ай калганда жаңы өкмөт башчыны көрсөтүп, ал Конституцияга ылайык, өзүнүн программасы менен келгени болбогон нерсе. Андан көрө мурдатан эле ушул программа менен иштеп келаткан, ошондой эле ушул эле өкмөттүн курамынан ылайыктуусун карап көрөлү деген маселени коюп жатабыз. Эми шайлоого чейин аз калды. Шайлоодон кийин баары бир жаңы өкмөт сунуш кылынат да.

Чыныбай Турсунбеков талапкер өкмөттүн курамынан каралып жатканын кошумчалады. Алардын катарында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев, ал гана эмес мамлекеттик кызмат агенттигинин башчысы Аалы Карашевдин да ысымы бар экенин четке каккан жок.

Бул талапкерлердин ичинен Темир Сариевдин позициясы парламентте күчтүү болуп жатканы байкалат. Оппозициялык деп эсептелген “Ата Журт” фракциясынын депутаттары да бекеринен Темир Сариевдин талапкерлигин жактап жатпаса керек.

Тайырбек Сарпашевдин өкмөт башчылыкка умтулуусуна “Градиент” жаңжалы жана Токтогул районунда жергиликтүү калк менен тил табыша албаган окуя өзүнүн терс ролун ойноп жатат. Андан сырткары Тайырбек Сарпашев алдыдагы шайлоодо КСДПны өтө эле катуу сүрөйт деген чочулоо башка партияларда күчтүү.

Марс Сариев
Марс Сариев

Саясат таануучу Марс Сариев талапкерлер ичинен Темир Сариевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин айтып, аны мындайча негиздеди:

- Талапкерлердин арасынан Темир Сариевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Себеби Евразия экономикалык биримдигине киргени жатабыз. Ал ошол биримдикке кирүү боюнча долбоорлорго көз салып, жакшы билет. Анан Москва менен да мамилеси жакшы. Менимче, анын талапкерлиги эң ылайыктуу болуп жатат.

Марс Сариев жаңы премьер-министрдин мойнунда өкмөттү тезинен куроо, Евразия экономикалык биримдигине кирүү жана шайлоого даярдык көрүү, аны өткөрүү милдеттери турганын белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG