Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Атамбаевдин кеңешчиси дооматтарга жооп кайтарды


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов өзү, Икрамжан Илмиянов жана “Вечерний Бишкек” гезитине байланыштуу соңку жагдай боюнча пикирин билдирди.

Ал аталган басылманын айланасындагы окуяларды ири өлчөмдөгү акча талаш менен байланыштырды жана өзү тууралуу дооматтарды четке какты.

23-апрелде Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Илмиянов кызматтан бошотууну өтүнүп, президентке арыз жазган. Анын алдында "Вечерний Бишкек" басма үйү Ниязовду, Илмияновду жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди рейдерлик боюнча айыптап чыккан эле.

Фарид Ниязов өзү жана Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновдун айланасындагы сөздөрдүн баарын карандай калп, ушак жана негизисиз деп атады. Кызматынан кетпей турганын, “Вечерний Бишкек” гезити боюнча айтылган дооматтарга байланыштуу сотко кайрылышы ыктымалдыгын билдирди:

Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

- Менин терим калыңыраак окшойт. Сынга жедеп көнүп калгам. Анан калса Илмиянов боюнча айтылган дооматтар менен Ниязовго айтылган дооматтарды салыштырууга мүмкүн эмес да. Мурун тастыкталып-такталбаган, каралаган гезиттик макалалар чыгып келсе, эми “Вечерний Бишкек” басылмасы расмий кайрылуусунда бизди күнөөлөп жатат. Азыр териштирүү жүрүүдө. Гезиттин соңку кайрылуусунда конкреттүү адамдар айтылып, конкреттүү адамдар кол койгон. Мен буга эми унчукпай коё албайм. Сотко кайрылып-кайрылбасымды укук коргоо органдары текшерип бүткөндөн кийин чечем.

Ниязов “Вечерний Бишкектин” чырын ири суммадагы акча талаш деп сыпаттады. Ал ошондой эле аталган басылманы басып алууга аракет жасап жатат деген доомат коюлган үчүнчү адам – президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев тууралуу айта кетти:

- Ал мамлекеттик кызматкер эмес, мамлекеттик маселелерди чечкен адам эмес. Мен ал адамды тааныбайм, көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Аны президент жана анын айланасындагылар менен байланыштыргандарды түшүнбөйм. Алмазбек Атамбаев аны акыркы жолу он жыл мурда көрүптүр. Мамбеталиев менен байланышы жок. Атамбаевдин күзөт кызматында соңку жылдары жүздөн ашык бала иштеп кеткен. Жансакчы деген бул жумушчу гана. Ошондуктан жумушчу менен анын жетекчисин байланыштыруу туура эмес. Президентке кайрылгандар Мамбеталиев экөөнү байланыштырып гана тим болбостон айып дагы коюшкан. Эми алар укук коргоо органдарына Мамбеталиевдин мамлекеттик иштерге кантип аралашып жүргөнүн, кимди кантип тоногонун айтып бериши керек.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов кызматтан бошотууну сурап, 23-апрелде Алмазбек Атамбаевге арыз жазды. Арызда ал мындай кадамга өзү тууралуу ар кандай имиштерге негиз бербөө максатында барганын белгилеген.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров бийликти Илмияновдун отставкасынан шоу жасап жатат деп айыптады:

- Кетсе жөн эле кетип калбайбы. Анын арызын интернеттин баарына жарыялап, пиар кылып салышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чоңунан кичинесине чейин кадр маселесин чечип жаткан, бизнести көзөмөлдөп турган Икрамжан Илмиянов экенин билет. Коомчулук Айдарды, Максимди кандай тааныса, Илмияновду ошондой эле таанып калган.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү биринчи жетекчилердин жанындагы таасирлүү адамдардын болушун жана алардын маал-маалы менен алмашып турганы кадыресе көрүнүш деп эсептейт:

- Икрам менен “икрамчылык” деген эки нерсени айырмалай билишибиз керек. Икрам – бул конкреттүү адам. “Икрамчылык” деген кубулуш. Формалдуу эмес институт. Тарыхта бардык жетекчилерде, мамлекет башчыларда “икрамчылык” болгон. Бирок ал жердеги адамдар мезгил-мезгили менен алмашып турган. Менимче, Илмияновдун убактысы келди го.

Текебаев “Вечерний Бишкек” гезити тууралуу комментарий берип жатып, аталган басылманы басып алуу аракети болуп жатат деп билдирди жана анын артында кыйла таасирлүү адамдар турганын кыйытты:

- “Вечерний Бишкектин” айланасындагы окуяларга Ниязов менен Илмияновдун тиешеси бар экендигин билбейм. Бирок таасирлүү адамдар аралашып жатканынан күмөнүм жок. Бул басылманын бир бөлүгүн рейдерлик жол менен басып алуу аракети болуп жатат. Мен муну так айта алам. Рябушкин деген 2000-жылдардын башында эле өзүнүн акциясын Адил Тойгонбаевдин фирмасына сатып жиберген. Адил Тойгонбаевдин гезитине редактор болуп, “Рубикон” деген рекламалык агенттикти жетектеп, 2005-жылга чейин иштеген. Ошондон 15 жыл өткөндөн кийин, 2014-жылы Рябушкин "менин үлүшүмдү алдап алышканын билбептирмин, бүгүн билдим, ишти кайра караганга мүмкүндүк бергиле" деп келип жатат. Эгер үлүшүн сатып жиберсе, ошол сатып алган адамдардын кол астында иштесе, кантип кожоюн болбой калганын билбей калат? Бул логикага да, мыйзамга да сыйбайт. Бул деген ишти карап, анан Рябушкиндин пайдасына чечим чыгарган сотторго кимдир бирөөлөр көрсөтмө бергенинин далили.

“Вечерний Бишкек” гезити соңку эки аптада президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, гезитти басып алуу аракети болуп жатканын айтып, "анын артында Ниязов, Илмиянов жана Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган. Президент кайрылууда айтылгандарды териштирүүнү Башкы прокуратура менен атайын кызматка тапшырган болчу.

XS
SM
MD
LG