Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Атамбаевдин тапшырмасы "такпы"?


Улуттук оппозициялык кыймыл “Вечерний Бишкектин” кайрылуусундагы айыптоолорду колдоп чыкты.
Улуттук оппозициялык кыймыл “Вечерний Бишкектин” кайрылуусундагы айыптоолорду колдоп чыкты.

Президент Атамбаев “Вечерний Бишкек” медиа бирикмесинин жамааттык кайрылуусунда келтирилген айыптоолорду иликтеп чыгууну тапшырды.

Кайрылууда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун, аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновдун жана мурдагы жан сакчы Эркин Мамбеталиевдин ысымдары басылманы рейдерлик жол менен басып алууга катыштыгы бар деп жарыяланган болчу.

“Вечерний Бишкек” интернет басылмасынын баш редактору Дина Маслова ишемби күнү кечинде холдингдин бөлүм башчыларын атайын кызмат суракка чакырып, кайрылуу боюнча түшүндүрмө талап кылганын билдирди.

Президенттин жообу

Президент Атамбаев “Вечерний Бишкектин” кайрылуусунда айтылган айыптоолорду кылдат текшерип чыгууну тиешелүү органдарга тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев
Президент Алмазбек Атамбаев

Ошондой эле мамлекет башчысы кайрылуудагы фактылар далилденсе айланасындагы ысымдары аталган кызмат адамдарын макамына карабастан жазага тартууну талап кылган.

Бул тууралуу айткан президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев аларга иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берип туруу милдети кошо жүктөлгөнүн белгиледи:

- Президент башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини төрагасы Бусурманкул Табалдиевге “Вечерний Бишкек” гезитинин жамаатынын кайрылуусунда айтылган айыптоолорду тыкыр текшерип, анын ичинде зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүү жана күнөөкөрлөрдү статусуна карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары аларга коомго объективдүү маалыматты жеткирүү милдети жүктөлдү. Менимче, Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов боюнча басылма тараткан маалыматтар таптакыр чындыкка коошпойт. Анткени алар сот иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

Бишкек шаардык соту жакында “Вечерний Бишкекке” караган “Рубикон” жарнама агенттигинин 50 пайыз үлүшүн Александр Рябушкиндин пайдасына чыгарган Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган эле. Медиа холдингдин эмгек жамааты бул иштин артында президенттин айланасындагы адамдар турат деп кайрылуу жасаган.

Адил Тойгонбаев
Адил Тойгонбаев

“Акаевдин тушунда бардык көмүскө иштердин аркасында анын күйөө баласы Адил Тойгонбаев, Бакиев учурунда Максим Бакиев турса, азыр сиздин тушуңузда Икрамжан Илмиянов менен Эркин Мамбеталиев турат” - деп жазылган аталган ачыкка катта.

Атайын кызмат кайрылууну кандайча иликтей баштады?

Президенттин жогорудагы тапшырмасынан соң атайын кызмат ишти иликтөөгө киришти. Ишемби күнү кечинде басылманын бөлүм башчылары менен бирге холдингдин кожоюну кошо чакыртылып, алар тергөөгө түшүнүк кат беришкен.

“Вечерний Бишкек” интернет басылмасынын баш редактору Дина Маслова тергөө тобу катта келтирилген иштин өзөгүн эмес, кайрылуунун жарыяланышына көбүрөөк кызыкты деп билдирди:

- Алар кайрылууга кимдер кол койду, ким жазды, анан ким редакциялады жана кандайча ал сайтка жарыяланды деген сыяктуу суроолорду беришти. Менин жеке көз карашыма караганда, бул маселени негизги көйгөйдөн башка жакка буруу аракети болду. Азырынча атайын кызматтын адамдары биз эмне үчүн президентке кайрылууга аргасыз болгонубузду - сот мыйзамсыз чечим чыгарган жана прокуратура акцияларды негизсиз камакка алган маселелер боюнча алектене элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун өкүлү Рахат Сулайманов 19-апрелде бул маселе боюнча териштирүүнүн жүрүшү тууралуу азырынча маалымат бере албастыгын белгиледи:

- Эми бул маселе боюнча жаңы эле тапшырма берилди да. Анан калса эс алуу күнү болгондуктан иликтөө тууралуу менде маалымат жок. Маалымат болгондо эртең таратабыз. Азырынча эч кандай комментарий жок.

Оппозиция иш калыс иликтенерине ишенбейт

Ошол эле кезде улуттук оппозициялык кыймыл “Вечерний Бишкектин” кайрылуусундагы айыптоолорду колдоп чыкты. Алар сотторго басым болгонун жана басылманы тартып алуу аракетин тастыктоо үчүн иликтөөгө көз карандысыз комиссия аралашууга тийиш деп эсептейт. Маселен, оппозициялык маанайдагы саясатчы Адил Турдукулов көз карандысыз комиссия түзүлмөйүнчө иликтөө калыс жүргүзүлөрүнө ишенбейт:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

- Икрамжан Илмияновдун кадрдык саясатка кийлигишүүсү, Сапар Исаковдун “Манас” аба майданындагы ачыкка чыккан иштери, Фарид Ниязов менен Абдил Сегизбаевдин эркин басма сөз менен оппозицияга тынымсыз чабуул коюп жатканы – мунун бардыгы мурдатан эле белгилүү болчу. Анан эми ушулар туурасында президент тиешелүү органдарга иликтөө үчүн тапшырма бергени - бул жөн эле көз боёмочулук. Бул иш аягына чыкпайт. Анткени алардын бардыгы Атамбаев менен тыгыз байланыштагы адамдар. Мына ошол адамдар Кыргызстанды көшөгөнүн артында башкарып, каалагандай тейлеп жатышат. Жыйынтыгында биз бандиттик-коррупциялык бийлик системасынын калыптанып жатканына күбө болуудабыз.

Мындан сырткары, башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын коргоо боюнча Аламүдүн райондук сотуна доо арыз жолдоду. Буга чейин журналист Дайыр Орунбековго Ош окуясына байланыштуу чындыкка коошпогон маалыматтарды жарыялады деп иш козгогон болчу. Бирок сотто мамлекеттик айыптоочу айыптоону колдоодон баш тарткан соң кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Эми башкы көзөмөл органы ушул эле иш боюнча журналистке акчалай жазана салуу үчүн доо арыз жөнөттү.

XS
SM
MD
LG