Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Сот тандоо кеңешине кимдер келери белгисиз


Жарандык коом сот тандоо кеңешине ат салышкандардын аты ачык айтылбай жатканын сынга алууда. (Иллюстративдик сүрөт)
Жарандык коом сот тандоо кеңешине ат салышкандардын аты ачык айтылбай жатканын сынга алууда. (Иллюстративдик сүрөт)

Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди жылдыруу ачык-айкын жүргүзүлбөй жатат.

Бул тууралуу Cотторду тандоо кеңешинин курамына байкоо салган Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, парламенттеги фракциялар сотторду тандоо кеңешине ат салышып жаткан талапкерлер тууралуу маалыматтарды ачык жарыялабай турат. Бул жагдай талапкерлерди иргеп алуудагы көмүскө иштерге көмөкчү болот деген тынчсыздануу бар. Парламенттеги фракциялардын катчылыктары талапкерлердин документтери текшерилип бүткөндөн кийин гана тизме коомчулукка жарыялана турганын эскертишти.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү 10-августта аяктады. Жогорку Кеңеш эс алууга кетерден мурун сотторду тандоо кеңешине мүчөлүккө сынак жарыялап, сентябрдын башында анын курамын бекитмек. Бирок документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөнүнө карабастан парламенттеги тиешелүү комитет менен фракциялар бул боюнча маалыматтарды коомчулукка жарыялай элек. Сотторду тандоо кеңешининин ишине байкоо салган Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова талапкерлер жана алардын каяктан көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар ачыкка чыгарылбай жатканына токтолду:

- Мен парламенттин Сот иштери боюнча комитетине чалсам, ал жактан “бул маселенин бардыгын фракциялар чечет, анан фракциялар талапкерлерди тандагандан кийин алардын аты-жөнүн илип коёбуз” деп айтты. Бул өтө туура эмес да. Негизи комитет башынан баштап эле канча талапкер, каяктан жана кантип көрсөтүлгөнүн ачык-айкын жазып, илип коюшу керек эле. Анткени биз жарандык коом катары кайсыл коомдук уюм же мекеме кандай талапкер көрсөткөнүн билүүгө кызыкдарбыз. Бул жерде мына ошол талапкер көрсөткөн тараптын дагы жоопкерчилиги болушу керек да.

Мыйзам боюнча сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. Анан аларды Жогорку Кеңеште парламенттеги көпчүлүк менен азчылык өз алдыларынча бекитет. Он алты мүчө парламент тарабынан тандалып, калган сегизи Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов тиешелүү документтер текшерүүдөн өткөндөн кийин тизме коомчулукка жарыяланат деп ишендирди:

- Ар бир фракциянын катчылыктары кабыл алынган документтерди маалымат борборлору аркылуу текшеришет. Анан ошондон кийин гана он күндөн соң даяр документтерди депутаттардын кароосуна сунушташат. Биз бир сыйра карап чыккандан кийин гана талапкерлер каяктан көрсөтүлгөнүн жана алардын ким экенин белгилеген маалыматтарды коомчулукка чыгарабыз.

Парламентте Cотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүүнү жаңы талаптар менен жүргүзүү демилгеси көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Cотторду тандоо кеңеши тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр да киргизилген. Аталган кеңештин мурдагы төрагасы Шамарал Майчиев жаңы мыйзамдагы болгон айырмачылык туурасында мына буларды айтып берди:

- Негизи жаңы мыйзам кабыл алынганы менен анын мурдагыдан анчейин деле айырмасы жок. Болгону мурда биз үчүнчү турда талапкерлерди добуш берүү аркылуу тандасак, эми жөн гана бал коёбуз. Анан президент ошол балга карата өзү тандап алат.

Сотторду тандоо кеңеши сотторду шайлоодо кетирилген калпыстыктар жана андагы көмүскө иштерге байланыштуу былтыр президенттин жарлыгы менен ишин токтоткон болчу. Быйыл июль айында мыйзам боюнча иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Cотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына сынак жарыяланган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Алымбеков соттун көз каранды эместигин камсыздоодогу негизги өксүктөргө токтолду:

- Мыйзам жакшы болуп, Cотторду тандоо кеңешинин татыктуу мүчөлөрү шайланып, андан кийин татыктуу соттор тандалган күндө да президенттик аппарат менен парламент тарабынан саясий буюртма менен сотторго тапшырма берүү механизмдери токтомоюнча эч качан адилеттүү жана акыйкат сот чечимдери болбойт. Бул боюнча мыйзамды канчалык өркүндөтпөйлүк Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү парламент менен президенттен көз каранды болуп турган соң, ошолордун ырын ырдабай коё албайт.

2010-жылы сотторду ачык-айкын жана таза жол менен тандап алуу менен тармакта тазалануу жүргүзүү демилгеси көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сотторду тандоо кеңешин түзүү жана анын ишине коомчулукту аралаштыруу аракеттери байкалган болчу. Бирок сот тармагында ачык-айкындыкты камсыздоо менен тандоо жүргүзүү жагы аксап келатканы боюнча коомчулукта сын-пикирлер көп.

XS
SM
MD
LG