Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Өзбекстан Сохко коридор ачууну кайра козгоду


Сохко гуманитардык жардам алып бараткан Өзбекстандын унаалары. Кадамжай району, 25-январь, 2013
Сохко гуманитардык жардам алып бараткан Өзбекстандын унаалары. Кадамжай району, 25-январь, 2013

Өзбекстан Оштогу газ кризисин чечүү үчүн Сох эксклавына коридор берүү жана Нарын дарыясындагы ГЭСтердин курулушун токтотуу талабын койгону айтылууда.

Бул арада Кыргызстан Өзбекстандын газ басымынан чыгуунун жолун издей баштады. Президент Атамбаев газсыз калган аймакка суюлтулган газ жеткирүүнү тапшырды.

“Көбүгү” калкыган көмүскө протокол

Кыргыз өкмөтү Өзбекстан берчү газдын үзгүлтүккө учурашынын чыныгы себебин коомчулукка жарыялай элек. Анын расмий себеби катары газ берүү боюнча келишимде каралган “Кыргызгаздын” кожоюнунун алмашканы гана айтылууда. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактын айтымында, расмий Ташкен газ маселесин чечүү үчүн Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келген жогорудагы эки талапты таңуулаган. Анткени буга 2013-жылы кол коюлган чек ара, газ жана суу сыяктуу маселелерди биргеликте кароо боюнча протокол негиз болгон. Бирок мына ушундай мазмундагы проктолго кол коюлганын өкмөт былтыр коомчулукка жарыялаган эмес.

Өкмөттүн чек араларды тактоо жана аймактык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров чарбалык маселе менен чек ара маселесин аралаштырып кароодон кыргыз тарап жакында баш тартканын белгиледи:

- Чек араны тактоо менен чарбалык маселелер эки башка каралууга тийиш. Газ, суу жана мүлк сыяктуу чарбалык маселелер өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында каралыш керек болчу. Бирок былтыр Токон Мамытовдун маалында вице-премьер-министрлердин деңгээлинде чек араны тактоого жанагы чарбалык маселелерди аралаштырып, алардын бардыгын биргеликте кошуп кароо жагы чечилген. Бирок биз андан кайтып, азыр чек ара маселеси боюнча гана сүйлөшөбүз деп турабыз. Өзбекстан Сох анклавына коридор сурап жатат. Биз ага карманча каршыбыз. Ага макул болсок, Баткен облусунун жарымы эксклав абалында калып, ары-бери өтө турган эл кыйналып калат.

Басым көрсөтүүнүн куралына айланган газ

Өзбекстан Сох анклавын өзүнүн негизги аймагы менен туташтыра турган коридор берүү талабын Кыргызстанга мурдатан бери эле коюп келген. Андай талапты аткарууга расмий Бишкекти мажбурлап, 2001-жылы кыштын чилдесинде газды өчүрүп койгон учурлар катталган. Ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев бул боюнча жашыруун меморандумга кол коюп жиберип, бирок ал коомчулукка чыгып кеткенде колун кайра артына чакыртып алууга мажбур болгон.

Эми чек ара менен чарбалык маселелерди биргеликте чечүүнү караган былтыркы протоколго ылайык, Сохко коридор берүү жана Нарын дарыясындагы ГЭСтердин курулушун токтотуу талабы коюлган. Бул үчүн расмий Ташкен учурда газды көзүр катары көтөрүүдө.

Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов өкмөт былтыр чарбалык маселелерди чечип алуу үчүн мына ошол протоколго кол койгонун тастыктады:

- Өзбекстандын пайдалануусундагы Бүргөндүдөгү (Баткен) газ жана мунай сактоочу жайды өзүбүзгө кайтарып алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстан бир нече курдай Ташкенге суроо-талап койгон. Бирок ага ал жак көпкө чейин жооп бербей келген. Анан былтыр декабрда мына ошол маселелерди карайлы деп протоколго кол коюп берген да. Эми чынын айтканда азыр мага деле алардын кадамы түшүнүксүз болуп турат. Президент жана премьер-министр ошондо чек ара маселеси менен кошо газ маселесин, анан жер семирткич алуу жагын чечип келесиң деп жөнөткөндө бизге газ берген. Мен ошондо кол коюп келгемин.

Өзбекстандын Сох эксклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан. Сох - Фергана облусуна караган өзүнчө район, 60 миңдей калкы бар.

Атамбаев кырдаалдан чыгуунун жолун көрсөттү

Кыргызстан Өзбекстандын коюп жаткан мына ошол талаптарын аткаруудан баш тартып, ошол эле кезде газ блокадасынан чыгуунун жолдорун издей баштады. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиянын каржылык жардамынын эсебинен өлкөнүн түштүк аймагына суюлтулган газ жеткирүү жана ага керектелчү жабдуулар менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Атамбаев бул туурасында каржы министрин кабыл алуу учурунда билдиргенин айтты:

- Президент Атамбаев мына ошол каржылык жардамдын бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү газ колдонуучуларын суюлтулган газга которууга жумшоо зарылдыгын белгиледи. Эскерте кетсек, өткөн жуманын аягында президент Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысы Медведьев менен телефондук сүйлөшүүдө Ошко каржылык жардам көрсөтүүнүн шарттарын талкуулаган болчу.

Өкмөт суюлтулган газды өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү жана анын караламан калкка берилчү жеткиликтүү баасын аныктоонун үстүндө иш алып бара турган болду. Бирок адистер атайын идиштеги суюлтулган газды өлкөнүн түштүгүнө жеткирүү жана таратуунун наркы кымбатка түшөрүн белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG