Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Апрель окуясынан кандай сабак алдык?


Апрель курмандыктарын эскерүү. 7-апрель, 2013-жыл. Ата-Бейит.
Апрель курмандыктарын эскерүү. 7-апрель, 2013-жыл. Ата-Бейит.

Апрель окуясынын 4 жылдыгына карата президенттин катышуусундагы эскерүү иш-чаралары Ала-Тоо аянтында жана “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп өттү.

Мындан 4 жыл мурдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы алгач Ала-Тоо аянтындагы маркумдардын элесине арналган эстеликке гүл коюп, куран окуу менен башталды. Апрель курмандыктарын эскерүүгө президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү, Апрель ыңкылабынын катышуучулары жана шейиттердин жакындары катышты. Эскерүү иш-чарасы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде уланды.

Эскерүү маалында негедир тынч турган аба ырайы кескин өзгөрүп, кар аралаш жаан да жаап өттү. Жакынын жоготкондор аба ырайынын чукул өзгөрүшүн маркумдардын арбагы тынч албай жатканы менен байланыштырып жоруп жатышты.

Бурмагүл Кенжееванын 4 жыл мурун 27 жаштагы уулу Алымбек Бакиевдик бийликтин огунан каза тапкан. Алымбек ошол учурда жогорку окуу жайды аяктап диплом алам деп дегдеп жүргөн. Ал баласынын бейитине 5 жаштагы медер туткан небереси Байэлди ээрчитип келип көз жашын төгүп жатты.

- Уулум эл үчүн күлгүн курагында каза тапты. Бул кайгы ата-эненин жүрөгүнөн эч кетпейт экен. Мындан көрө ал бизди жоктоп ыйласа болот эле. Биз болсо ботобузду жоктоп кала бердик. Баласы жетим, аялы жесир калды. Эмдигиче ошол балабыздын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланбай келет. Тоок уурдагандарды соттошот да, жүздөн ашык баланы атып өлтүргөндөрдү 4 жылдан бери жоопкерчиликке тартышпайт. Үмүтү акталган жок. Балдарыбыздын каны менен келген бийликке нааразыбыз, акыйкаттыкты күтө берип чарчадык.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын башында тургандардын бири Топчубек Тургуналиев бул окуя боюнча күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына тартуу керектигин айтууда. Болбосо маркумдардын жакындарынын көксөөсү суубайт.

- Мына Апрель революциясына 4 жыл болду. Өткөндө прокурорлор ок аткандарга өтө жумшак жаза сурашты. Парламенттен суранар элем, мына ушул окуяга байланыштуу гана өлүм жазасын кайра киргизип, күнөөлүүлөрдү өлүм жазасына тартуу керек. Болбосо канкорлор жазадан оңой кутулуп кетиши мүмкүн.
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. 7-апрель, 2014-жыл
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү. 7-апрель, 2014-жыл


​Кандуу апрель курмандыктарын эскергени келген мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү маркумдарды жерге берип жатып күнөөлүүлөр сөзсүз жазаланат деген убадасы 4 жылдан бери аткарылбай келатканын эске салды.

- Биринчиден, бийлик ошондо элге каршы ок аткандар жазаланат деп ант берген. Бирок арадан 4 жыл өтсө да жыйынтык жок. Ата-энелердин көз жашы дагы деле тыйылбай келет. Эми Апрель окуясын бир жылда, ашып кетсе эки жылда тергеп бүтсө болот эле. Азыркы бийлик анте алган жок. 2 жылда концлагердеги ишти териштирип койсо болот. Эми биздин азаматтарды алыстан келип аткан жок да. Азыркы бийликтин эң чоң кемчилиги ушунда.

Элдин жеңиши уурдалдыбы?

2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларындагы бийлик алмашуу элдин мүдөөсү, талабы менен ишке ашкан деп айтылып келет. 2005-жылы да, 2010-жылы да кыргызстандыктар үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлгөн болсо, айрым пикирлер боюнча Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу толугу менен жоюлду. Ошентсе да, эки жолу тең эл өз күчүнө ишенип, авторитардык коомдо жашабаса болорун далилдегени менен, эки ирет тең качып кеткен бийликтин ордуна келген жаңы бийлик элдин жеңишин уурдап кетти дейт март, Апрель ыңкылабынын активисти Самсаалы Четинбаев:

- Бакиев да, Атамбаев да катарында жүргөн оппозициянын талаптары: таза шайлоо, саясий куугунтукту токтотуу, коррупцияны тыюу, Кумтөрдү элдин пайдасына иштетүү болчу. Эл оппозициянын ана башчыларын жеңишке жеткирип берди, ошол эле Атамбаев, Отунбаева, Бекназаров, Текебаев жана башкалар. Бирок келечегинде эл эмнеге ээ болду? Парламенттик башкаруу системасында жашап атабыз дегенибиз менен, президент гана башкарып жатат. Бүгүнкү күнү баарын президент чечет, бардыгы президенттик аппараттын колунда. Өкмөт менен парламент эч нерсе чече албай калды.

2005-жылы март ыңкылабынын ишке ашуусуна ошондогу парламенттик шайлоолор, андагы мыйзамсыздык да чоң түрткү болуп, элдин бийлик эмес, өзү каалаган талапкерин парламентте көргүсү келгени жер-жерлерде нааразылык отунун тутануусуна себеп болгону белгилүү. Кийинчерээк Бакиев бийликте турган тушта өткөн парламенттик, президенттик шайлоолор да эл каалагандай ачык-айкын эмес, түрдүү бурмалоолор менен бийликтин кызыкчылыгына жараша өткөрүлгөн. Муну баса белгилеген “Адилеттүү шайлоо” демилге тобунун мүчөсү Гүлжигит Исаков азыркы бийлик да мурункулардын катасын кайталоодо деп эсептейт:

- Шайлоо тууралуу сөз кылууга да мүмкүн эмес. Анткени ошол Бакиевдин тушунда иштеп, шайлоолордо элдин нааразылыгын туудуруп жүргөн БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов бүгүн деле Боршайкомду жетектеп турат. Мына жооп! Ушундан эле өзгөрүү бар-жок экенин билсе болот. Эгер Атамбаев принципиалдуу киши болсо, аны кетирип, ордуна башка таза иштеген бирөөнү алып келмек. Биз айтылган сөздөргө эмес, жасалып жаткан иштерге ишенебиз. БШК буга чоң мисал. Азыркы бийликтин тушунда өткөрүлгөн эки шайлоо аны далилдеп, Кыргызстанда шайлоо жаатында эч кандай жакшы жагына өзгөрүү болбогонун көрсөттү. Революция болду, бирок анда чаң-будуң гана болуп, чаң тарагандан кийин карасак, бир-эки кишинин орду өзгөргөнү болбосо, башка эч кандай өзгөрүү болбогонун көрдүк

Ата-Бейит. 2013-жыл.
Ата-Бейит. 2013-жыл.



Ишкерлик жаатында болсо, Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанга инвестиция алып келип, иш ачуу оңой болуп калганы тууралуу арбын айтыла баштады. Айрым пикирлер боюнча тийиштүү мыйзамдарды билген кишиге ишкерлик кылып, бизнес жасоого мурдагыдай бут тосуулар жок. Бирок ошол эле учурда салык түрлөрүнүн улам көбөйтүлүүсү менен ишкерлерге жана экономикага кыйынчылыктар болуп жатат деген пикирин өз карандысыз экономист Искендер Шаршеев билдирди:

- Адатта экономика саясий стабилдүүлүк же авторитаризм орноп турган учурда өнүгөт. Анткени 2009-жылдагы ИДП менен андан кийинки ИДПларды салыштырсак, төмөндөө бар. Ошентсе да, ыңкылаптын болгону ишкерликке пайдасын тийгизди, өнүгүү бар. Бирок азыркы бийлик улам салыкты көтөрүү менен ишкерликти бир жагынан кыйынчылыкка такап жатат. Буга эми дүйнө жүзүндөгү экономикалык өзгөрүүлөр да таасирин тийгизбей койбойт.

Кыргызстан Борбор Азиядагы башка коңшуларынан айырмаланып, авторитардык бийликти бир эмес эки ирет алмаштырууга жетишти. Бул өз кезегинде башка мамлекеттерге салыштырмалуу демократиялык жактан өсүп-өнүгүүлөргө алып келүүдө дейт саясат таануучу Марат Казакбаев:

- Баары бир жылыш бар. Демократия өнүктү. Митинг, акциялар кенен өтүүдө. Маалымат эркиндиги бар. Бийликтен азыр эч ким коркпойт. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстанда демократия өнүгүп жатат. Жаңы элита зарыл деген пикирлерге кошулам, саясий-экономикалык жактан реформалар жүргүзүлүшү керек. Мезгил келип жетти буга.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанды эгемендикке жетишкенден бери башкарып келген Аскар Акаев бийликтен четтетилип, үй-бүлөсү менен Москвага качууга аргасыз болгон. Анын ордуна мамлекет башчылыкка келген президент Курманбек Бакиев туура беш жылдан кийин, 2010-жылы 7-апрелде бийлигинен кол жууп, ал да үй-бүлөсү менен Беларуска барып баш калкалоодо. Эки экс-президент тең азырынча мекенине кайтып келе элек. Курманбек Бакиев Апрель окуясында куралсыз элге ок атканы үчүн сыртынан соттолуп, прокурор өмүр бою эркинен ажыратууну суранууда.
Бишкектеги нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Бишкектеги нааразылык акциясы: 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00
XS
SM
MD
LG