Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Айдар Акаевди жоопко тартуу аракети


Мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев.
Мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев.

Сыртынан айыпталган мурдагы президенттин уулу Айдар Акаев менен мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев баштаган кызмат адамдарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча Орусияга экинчи жолу өтүнүч жөнөтүлдү.

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аталган адамдарга “Кумтөр” иши боюнча коррупцияга байланыштуу айып коюп, эл аралык издөө жарыялаган болчу. Орусиянын бийлиги буга чейин башка мамлекетте кылмышка шектелген өзүнүн жарандарын өткөрүп бербестигин эскерткен. Талдоочулар расмий Москва кийлигишсе бул жолу айыпкерлерди алып келүүгө болот деп үмүттөнүшсө, айрымдары муну азыркы бийликтин курулай акциясы катары мүнөздөшүүдө.

Экинчи жолу жөнөтүлгөн өтүнүч

Ошол кездеги каржы министринин кеңешчиси жана “Камеконун” директорлор кеңешинин мүчөсү Айдар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаевге, өнөр жай министри Садридин Жээнбековго жана өкмөт аппаратынын укук бөлүмүнүн башчысы Елена Белковскаяга байланыштуу материалдар Орусиянын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү. Аталган кызмат адамдарынын иши башкаларынан бөлүнүп, алар 2003-жылдагы “Кумтөр” келишимин түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы иштеген деген негизде сыртынан айыбы угузулган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу учурда Орусиядан экинчи ирет жооп күтүп жатышканын айтты:

- Алар Орусиянын жарандыгын алып алышкан. Орусия негизи өзүнүн мыйзамына жараша жарандарын өткөрүп бербейт. Бирок биз буга чейин аларды кайтарып берүү боюнча келтирилген өтүнүчтөрдө Минск конвенциясына таянып, биздин мурдагы жарандардын кылмыш иштерин негиздеп бергенбиз. Мурда “берилбейт” деген кескин жооп келген экен. Бул жолу болсо жаңы жагдайлар менен козголгон оор кылмыш ишин мисал келтирип, аларды Кыргызстанга кайтаруу, же ал жактан жоопко тартуу чарасын сунуштадык. Азырынча жооп келе элек.

Тергөөнүн материалдары боюнча Айдар Акаев 2003-жылы Торонтодо “Камеко” менен жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган. Анын негизинде “Кумтөр” долбоору “Центеррага” бириктирилип, андагы Кыргызстандын үлүшү 33 пайызга түшкөн. Кийин анын он жети пайызы да сатылып кеткен.

“Үйүрү” бузулбаган “үлкөндөр”

Бул макулдашууга ошол кездеги өкмөт башчысы Николай Танаев кол койгон. 2005-жылы өлкөдөн качкан президенттин уулу Айдар Акаев Москвага жайгашып, ал жактан бизнеске аралашканын айрым гезиттер жазып чыккан. Танаев болсо Пенза облусунда иштеп туруп, 2006-жылдан бери «Газпром Инвест» компаниясын жетектей баштаган. Садридин Жээнбеков 2011-жылга чейин Эл аралык Реконструкция жана Өнүктүрүү банкынын аткаруучу директорунун кеңешчиси болуп иштеп турган.

Ардагер-чекист Талант Раззаков Кыргызстан аталган кызмат адамдарын жоопко тартуунун зарылдыгын негиздеп берүүгө тийиш деп эсептейт:

- Анан буга чейин Орусия бул маселени саясий куугунтук катары карап келген. Ошондуктан эки тараптуу сүйлөшүүдө аларга мыйзамдын алы жетпей жатканын айтып, кылмыш ишинин оордугун түшүндүрүш керек. Негизи Орусия бизге дос мамлекет болгону менен аталган адамдарды канатына калкалап келди. Чыныгы дос болсо эми аларды бизге өткөрүп берүүгө тийиш.

Ошол эле кезде коомчулукта Орусиядан баш калка табышкан мурдагы кызмат адамдардын жоопко тартылышына ишеним аз. “Акыйкат” саясий партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов муну азыркы бийликтин PR-акциясы катары баалады:

- Мунун бардыгы жөн эле саясий жарнама. Биринчиден, аларды Орусия эч качан кайтарып бербейт. Экинчиден, аларды кайтарып келип, жоопкерчиликке тартууга азыркы бийликтин дарамети жетпейт. Болгону мына ошентип маал-маалы менен аларды жоопко тарталы дедик эле деп калп эле коомчулуктун көңүлүн негизги көйгөйдөн алаксытуу аракети бар.

“Кумтөр” келишими боюнча ондогон мурдагы кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Алардын ишин мекемелер аралык тергөө тобу иликтеп чыгып, жакында кылмыш иши сотко өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG