Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Ош: мэр шайлоонун “мээнети”


Ош шаардык кеңешинин жыйыны. 8-январь, 2014-жыл
Ош шаардык кеңешинин жыйыны. 8-январь, 2014-жыл

Ош шаарынын мэрлигин шайлоонун алдында бийлик саясий атаандаштарга карата ыплас саясий технологияны пайдаланууда.

Бул тууралуу мэрликке Мелис Мырзакматовдун талапкерлигин көрсөткөн “Улуттар биримдиги” саясий партиясынын штабынан билдиришти. Анда партиянын лидерлерине карата кысым көрсөтүлүп, негизсиз ушактар аркылуу каралоо аракеттери жүрүп жатканы белгиленген. Ошол эле кезде бийлик партиясынын өкүлдөрү мындай дооматты четке кагып, “Улуттар биримдиги” чагымчыл билдирүү менен шайлоонун алдында коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга кызыкдар болуп жатканын билдиришти.


Жаныш Бакиевдин “карааны”

“Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, “Жаныш Бакиев жакында Ошто тополоң уюштурат” деген маалымат таратты. Анда атайын кызмат учурда Кытайда Үрүмчүдө жүргөн Жаныш Бакиев Мырзакматов мэрлик шайлоодон утулса, анын шылтоосу менен Ошто башаламандык уюштурушу мүмкүн деген маалымат алганы эскертилген.

Жаныш Бакиевдин Минскте тартылган сүрөтү. 17-август, 2012-жыл
Жаныш Бакиевдин Минскте тартылган сүрөтү. 17-август, 2012-жыл
Бирок бул маалыматты улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет расмий түрдө тастыктаган жок. “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов бийлик мына ушундай мазмундагы маалыматтарды атайын таратып жатат деп айыптады:

- Жаныш Бакиевди биздин партиянын атына байлап, буга байланыштуу атайын кара пиар уюштуруп жатышат. Максат бирөө эле. Ал биздин талапкерди чалып жыгып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча биздин жактоочулар өзүнүн оюн айтып чыга турган болсо “бул Жаныштын адамдары тынчтыкты бузганы жатышат” деп дүрбөлөң салып, коркутууга камданышууда. Бакиевдер менен азыр эч ким сүйлөшпөйт. Муну буга чейин да колдонуп келишкен эле. Эми азыр айла таппай эски күүнү кайра чала башташты.

Катардан чыккан команда

Мындан сырткары Ош шаарынын мэрлигине талапкер Мелис Мырзакматовдун командасына карата саясий кысым күчөп жатканы белгиленди. Учурда Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” партиясынын беш депутатына кылмыш иши козголгон. Аталган партиянын катарынан эки чоң саясатчы - Жаныш Рүстөнбеков менен Таалай Сабиров кетти. Рүстөнбеков анын себебин президенттин саясатынын тууралыгына көзү жеткени менен түшүндүрсө, Сабиров бийлик сунуштаган кызматка макулдугун берген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бегалы Наргозуев бул аракеттер Мырзакматовдун командасын алсыратуу үчүн жасалды деп эсептейт:

Таалайбек Сабиров
Таалайбек Сабиров
- Мен так билем. Таалай Сабировду өкмөт башчысы өзүнө чакырып алып эки нерсени сунуштаган экен. Бири “Улуттар биримдигин” таштап кызматка баруу болсо, экинчиси ага карата иш козгоо. Сабиров толгонуп отуруп, биринчисин тандоого аргасыз болгон. Рүстөнбеков боюнча айта турган болсок, ага дагы бийликтен түрдүү басым болгон. Анткени өзүнүн саясий келечегин мына ошол партия менен байлап, алдыдагы парламенттик шайлоого аны менен барууга камданып жаткан адам, кокустан эле башкача сүйлөп калышы мүмкүн эмес. Мен ал кишинин мындан 2-3 ай мурун эле партиянын ишине баш-оту менен киришип, ага жаңы лидерлерди тартып жүргөнүн байкаган элем. Бул бийликтин көмүскө саясий оюну. Учурда мамлекеттик машина бүтүндөй Мырзакматовду мэрликке өткөрбөөгө аракет кылууда. Бул үчүн анын жанындагы адамдарга басым көрсөтүп жатышат.

Долуланган дооматпы?

Ошол эле кезде бийлик партиясы саналган Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү мындай доомат менен макул эмес. Ыплас технология менен саясий кысым кылууга жана ал аркылуу бийлик өзүнүн талапкерин мэрликке өткөрүүгө кызыкдар эмес дешет алар. Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Жусупалы Исаев “Улуттар биримдиги” партиясы ушундай жол менен шайлоонун алдында коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурууга аракеттенип жатканына токтолду:

Ош шаардык кеңешине төрага шайлоо. 8-январь, 2014-жыл
Ош шаардык кеңешине төрага шайлоо. 8-январь, 2014-жыл
- Таалай Сабиров көптөн бери мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбалуу жетекчи. Ал бул кызматка ойлонбой туруп эле келген жери жок. Эгерде бийлик ага басым көрсөтсө ушундай жоопкерчиликтүү кызматты ишенип тапшырмак эмес. Рүстөнбеков болсо, президенттик аппаратты жетектеп, Ош облусунун губернатору жана элчи болгон чоң саясатчы. Ал кандайдыр бир басымдан чочулап, жанагыдай кайрылуу жасамак эмес. Рүстөнбеков туура эмес партияга кирип алганын, анын жүргузгөн саясатынын туура эмес экенин көрүп туруп анан мына ушундай чечимге келди. Болбосо ал киши бийлик кысым кылса эле коркуп калган жаш саясатчы эмес.

Ош шаарынын мэрлигин шайлоо келе жаткан 15-январга дайындалган. Ага Ош шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалициянын атынан Айтмамат Кадырбаев менен оппозицияда калган “Улуттар биримдиги” партиясынан Мелис Мырзакматов ат салышканы турушат.

XS
SM
MD
LG