Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Камалган депутаттарга президент ырайым берүүгө даяр


Депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012.
Депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилер Ак үйдү көздөй келатат. 3-октябрь, 2012.

Бийликти күч менен алууга аракеттенген деп айыпталган үч депутатка президент кечирим берүүгө даяр экенин акыйкатчы айтып чыкты.

Бул тууралуу билдирген акыйкатчы Турсунбек Акун бирок мамлекет башчысы сот ишине кийлигише албастыгын белгиледи. Буга чейин аталган саясатчыларды бошотуу талабы менен Жалал-Абадда ачкачылык акциясына чыккан баатыр энелер президентке кирүүнү суранышкан болчу.

Кечирим болот, бирок соттон кийин...

Акыйкатчы Турсунбек Акун президент Атамбаев менен жолугушуу учурунда
камакта отурган депутаттардын абалы тууралуу айтып, аларды боштондукка чыгаруу талабы менен өтүп жаткан нааразылык акциялары боюнча маселе көтөргөнүн белгиледи.

Жалал-Абаддагы митингден, 4-октябрь.
Жалал-Абаддагы митингден, 4-октябрь.
Турсунбек Акун жолугушуу учурунда президент Атамбаев сотко таасир көрсөтүүгө акысы жок экенин айтып, бирок кармалган саясатчыларга карата айыптоо өкүмү чыккан учурда да аларга кечирим берүүгө даяр экенин белгиледи:

- Президент алар соттон акталып чыгышса ага каршылыгы жок экенин, бирок айыптоо өкүмү болуп, эгер ырайым кылууну суранышса кечирим берүүгө даяр экенин айтты. Анткени ал муну бирөөнүн үстүнөн жамандык издегиси келбегендиги менен түшүндүрдү. Ошондуктан соттук териштирүү аягына чыкмайынча тергөө жана сот органдарынын ишине кийлигише албастыгын айтты.

Парламент депутаттары Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдун, мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевдин жана башка кармалган активисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча нааразылык акциялары ушу күндөрү Жалал-Абад менен Түптө уланууда.

Ачкачылыктын дооматы

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Жалал-Абадда ачкачылык кармаган адамдардын президент менен жолугушуу талабы четке кагылып, саламаттыгы начарлаган аялдарга медициналык жардам берүүдө кайдыгерлик болуп жатканын белгиледи:

Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад, 9-октябрь
Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад, 9-октябрь
- Ачкачылык кармап отурган энелер президент жарым саат убактысын бөлүп кабыл алып койсо болот эле деген арыз-армандарын айтышты. Алардын мындай өтүнүчү четке кагылган экен. Азыр алардын көбүнүн абалы оор. Мурда күнү үчөөнүн, кечээ эртең менен экөөнүн абалы начарлап, дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушту. Бирок дарыгерлер кан басымы өтө жогорулаган ооруларга бир жолку дарысын сайып эле үйүнө кетирип жатат. Эми ошондой абалдагы оору адамдар жыгылып түшүшү мүмкүн да. Аларды кыймылдатпай ооруканада караш керек эле да.

Ошол эле кезде өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов ачкачылык кармаган адамдарга карата мамиле боюнча койулган дооматтарды четке какты. Ал ачкачылык кармаган адамдардын саламаттыгын кароодо жана алардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүдө эч кандай маселе жок экенине токтолду:

- Мен өзүм ачкачылык кармаган адамдар менен күнүнө бир маал жолугуп турам. Ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу улам келип отургандардын саламаттыгын текшерип кетип турушат. Андан башка ал жерде тез жардам машинеси күзөттө турат. Өткөндө ачкачылык кармагандардын өкүлдөрүн премьер-министр менен жолугушууга Ошко алып барып келдим. Анан аларга көңүл бурулбай жатат деген маалымат болбогон сөз.

Ак үйдүн тосмосун ашкан бейбаштыкпы?

3-октябрда баш калаадагы борбордук аянтта Кумтөр алтын кенин мамлекеттин карамагына алуу боюнча өткөрүлгөн митингден кийин тополоң чыгып, депутат Камчыбек Ташиев баштаган бир канча адам Ак үйгө кирип барууга аракет кылган болчу. Мындан улам окуянын чордонунда жүргөн жана митингди уюштурган бир нече адам камакка алынган.
Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков
Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков бийлик майда бейбаштыкты мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары бааласа аша чапкандык болот деп мүнөздөдү:

- Бул ишти саясий жагын карап, укуктук чен-өлчөм менен чечем десе анда маселени ырбатпай жакшынакай эле жол менен чечип коюш керек. Мында тергөө органдары айтып жаткан төңкөрүш жасап жибергидей деле кандайдыр бир олуттуу жагдай болгон жок. Тергөө органдары иликтеп чыгып, буга жөнөкөй эле бейбаштык катары баа бериш керек. Эгерде андай болбой маселени татаалдаштыра беришсе, анын аягы жакшы болбойт. Биз бул маселени фракциянын жакынкы жыйындарында талкууга алабыз.

17-октябрда Бишкек шаардык соту камакка алынган саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карамакчы. Мына ушуга байланыштуу камакка алынган тараптын жактоочулары алардын бошотулушун талап кылган митингдер кайрадан уюштурула турганын жарыялашууда.


Тасмада: тополоңго айланган митинг, Бишкек, 3-октябрь

Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00

XS
SM
MD
LG