Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Кадр саясаты: өкмөт башчы өзү билеби?


Өкмөттөгү өзүм билемдик кадр саясаты мурдагы бийлик режими учурундагыдай эле кемчиликтер менен коштолуп жатканы коомчулуктун сынына кабылды.

Буга мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Марат Аманкуловдун кызматтан четтетилиши мисалга алынууда. Өкмөт башчысынын маалымат саясаты бөлүмү ал мыйзамдын чегинде кызматтан алынганын жарыялап чыкты.

Кайчы билдирүүлөрдүн “кармашы”

Жакында өкмөт башчысынын буйругу менен мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Марат Аманкулов өз арызынын негизинде кызматтан кеткени жарыяланды. Бирок ага удаа эле Марат Аманкулов өз ыктыяры менен кызматтан кетпегенин айтып, аны себептерин түшүндүрбөстөн эле кызматтан четтетишкенин билдирген болчу. Буга ал өкмөт башчысы Бабановдун "Кыргызтелекомду" сатуу демилгесине каршы чыкканы себеп болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова Аманкуловду кызматтан алууга көшөгө артындагы саясий оюндар негиз болгон деген ойдо:

- Ал адам кызматта отургандан баштап анын ишине байланыштуу эч кандай сын-пикир болгон эмес. Анан бул тууралуу парламентке кандайдыр бир арыз даттануу түшпөсө деле шашылыш түрдө эле өкмөт башчысы аны кызматтан алышы ар кандай күмөн саноолорго түртүп жатат. Анткени дал мына ушул учурда мамлекеттик мүлк фондундагы мурдагы иштер, “Альфа-Телекомдун” айланасындагы ызы-чуу орун алып жатат. Ошондуктан анын кызматтан кетирилиши мына ушуга байланыштуу эмеспи деген маселе чыгып атат. Болбосо аны себепсиз эле шашылыш түрдө кызматтан алууга негиз жок эле да.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү Аманкуловдун "өз ыктыярым менен кеткен эмесмин" деп айтканына байланыштуу маалымат каражаттарына комментарий таратууга шашты. Анда Аманкуловдун кызматтан алынышына ишинин жыйынтыгы негиз болгон деген жалпылама түшүндүрмө берилген. Ошондой эле “Кыргызтелекомду” сатыкка чыгарууга Аманкулов макулдугун бергени эскертилип, ал анын кызматтан алууга себеп боло алмак эмес деген шилтеме келтирилген.

Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамда болсо кызматтан алууга негиз боло турган жагдайлар кандайча аныктала турганы так көрсөтүлөн эмес.

Бирок кандай болгон күндө да өкмөт башчы бирөөнү кызматтан алуунун себептерин түшүндүрүүгө милдетүү эмес деп эсептейт Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бегматов:

- Буга окшогон дооматтар дайыма эле болуп келген. Айрым кесиптештердин кызматтан алуунун себептерин түшүндүрүп берсин, биз менен кеңешиш керек болчу дегендери туура эмес. Мыйзам боюнча өкмөт башчысы бул боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес. Ал кадимки эле кадрдык өзгөрүүлөр. Ага анчейин маани берип, талкууга алууга негиз жок. Бардык тармактар боюнча өкмөт башчысы жооп берет. Демек ал өзүнүн командасындагы ылайык көрбөгөн жетекчилерди кызматтан алууга толук акысы бар.

Биринчи жарака

Марат Аманкулов мамлекеттик мүлк фондунун төрагалыгына Социал-демократтар фракциясы тарабынан сунушталган болчу. Башкаруучу коалицияга кирген аталган фракциянын айрым мүчөлөрү анын кызматтан алынышынын себептерин түшүндүрүп берүүнү өкмөт башчысынан талап кылууда.

Жогорку Кеңештеги Социал-Демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров өкмөт башчысы өзүнө жакпаган жетекчини өзүм билемдик менен кызматтан алууга акысы жок болчу деген ойдо:

- Негизи өкмөт башчысынын бирөөнү кызматтан алууга акысы бар. Бирок ал кандайдыр бир себептерге негиздеп туруп, анан кызматтан алыш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан биздин фракция мына ошол кызматтан алуунун себептерин түшүндүрүп берүүнү талап кылып өкмөт башчысына сунуш киргиздик. Бизде Аманкуловдун “Кыргызтелекомду” сатууга каршы чыкканы үчүн эле өкмөт башчысы аны кызматтан алды дегенден башка божомол болбой жатат.

Буга окшогон жагдайлар келечекте башкаруучу коалициянын ынтымагына дагы терс таасир этиши мүмкүн экени айтылууда. Аталган маселени парламенттин күн тартибине койуу демилгеси көтөрүлүп, бирок ал маселе белгисиз себептер менен талкууланбай калды.

XS
SM
MD
LG