Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Журт башчылары бир жылда тапканын ачыктады


Кыргызстандын саясий жетекчилигинин иштеп тапкан кирешелери жана мүлкү боюнча маалымат жарыяланды.

Алардын декларацияларына көз жүгүрткөн байкоочулар мамлекет жетекчилердин материалдык абалы өлкөбүздөгү жупуну жашаган жарандардын катарында экендигине күбө болушту. Бийлик сересиндегилердин кирешелери канчалык деңгээлде ачык-айкын жарыяланды?

Бабановдо үй жокпу?

Декларацияга ылайык, мамлекет башындагылардын эң эле жупуну жашаганы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов болуп чыкты. Анткени ал жеке менчик автомашинасы турмак өзүнө таандык турак үйү жок экендигин көрсөткөн. Болгону бир жыл ичинде өкмөт башчысы маянасынын эсебинен үй-бүлөлүк бюджеттине 879 миң сом киреше киргизген. Анын жакын адамдары иштеп тапкан кирешенин көлөмү бир миллион эки жүз миң сомдун айланасында.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров берилген маалыматтын тууралыгы боюнча мына буларды билдирди:

- Эмнеге чындыкка дал келбейт экен? Үйү жок болсо жок да. Анткени декларация тиешелүү мамлекеттик кызматкер тарабынан мыйзам чегинде толтурулат. Ага ылайык тиешелүү маалыматтар текшерилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн маалыматтын туура же туура эместиги боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзам алдында жооп берет.

Бирок коомчулукта “АКБ - Кыргызстан” банкы, РИО автобазары, НТС телеканалы, мунайзат базасы сыяктуу ири мүлктөр Бабановго караштуу деген маалыматтар айтылып жүрөт. Бирок алардын юридикалык ээси болуп башка адам катталган болушу мүмкүн деген күмөн саноолор да бар.

Эң эле кызыгы өкмөт башчысынын өткөн жылы толтурган декларациясы менен быйылкысынын ортосунда бир кыйла айырмачылык чыкты.

Серепчи Жыргалбек Турдукожоев көрсөтүлгөн маалыматтарды салыштырып отуруп, Бабанов бийликке келгенден бери бир топ эле жону жукарганын байкаптыр:

- Былтыркы декларациясында Бабанов эки бөлмөлүү батири жана автоунаасы бар экендигин көрсөткөн эле. Быйылкысында “деги эле эч кандай мүлкүм” жок деп жазыптыр. Жарандарыбыз Кыргызстандагы бай адамдардын бири деп жүргөн Бабанов ушунчалык жарды турбайбы деп таңкалышууда. Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар өздөрү мүлкүн ачык көрсөтпөгөнү бул жакшы эмес. Анткени мына ушуга карап да бийликке болгон ишеним төмөндөйт.

Президенттин эски эки машинеси бар экен

Президент Алмазбек Атамбаев качантан бери эле бай экенин, кудай ага берээрин, керек кезде оппозициячыл шериктерине да жардам көрсөтүп келатканын ачык айтып келатат. Былтыркы жыл ичинде негизги кызмат орду боюнча бир миллион 213 миң сом айлык акы алса, анын туугандары 89 миң доллардан ашуун киреше табышкан. Ага таандык 100 миң долларлык турак үйү көрсөтүлүп, жалпы баасы беш миллион доллардан ашуун жер участогу менен имараты башка бирөөнүн башкаруусунда экендиги белгилеген. Ошондой эле ал өзүнө караштуу эки миң долларлык жана төрт миң доллардын айланасындагы эки менчик автоуунасы бар экендигин көрсөткөн.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Атамбаев өзүнүн мүлкү боюнча маалыматтарды жашырган жок деп эсептейт:

- Президент канча акча киреше тапкандыгын жана кандай мүлкү бар экендигин жашырбастан ачык көрсөттү. Декларацияны өзү толтурду. Ал эми сиз айткан эки автомашина 2007-жылы алынган. Шайлоого чыкканда дал ошол автоунааларын колдонду. Миллиондорду ачык көрсөтүп, анан эки машинасынын баасын атайылап азайтып көрсөтмөк беле. Бул атайын шкала аркылуу бааланган.

Төраганын 350 миң сомдук үйү бар

Серепчилер Кыргызстанда жогорку даражалуу аткаминерлер мүлкүн жана кирешесин жашыруу өнөкөтү күч экендигин белгилешти. Мунун себептерин Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу төмөндөгүдөй жагдайлар менен байланыштырды:

- Биздин “тырнакчадагы” акылдуу саясатчылар Кыргызстанга ишенбей бүт байлыгын чет өлкөгө алып чыгып кетишкен. Алардын байлыгы Түркияда, Казакстанда, Араб Эмиратында, жадакалса алыскы Малайзияда. Алардын мүлкү мына ошол жака кызмат кылып жатат. Бул мамлекетке ишенбөө. “Эртең бир нерсе болуп кетсе мүлкүмдүн бардыгын тартып алышат” деп коркушат. Анткени бизде 20 жылдан бери ошондой болуп келеатат. Экинчиден, мамлекеттик кызматта же саясатта жүрүп жанагыдай байлыкты каяктан таптың деп суроо бере беришет деген максатта мүлктөрүн жашырып жабышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өткөн бир жылда негизги жумуш ордунан 616 миң, башка киреше булагынан 2 миллион 2 жүз миң сом каражат тапкан. Ошондой эле ал декларацияда баасы үч жүз элүү миң сомго барабар менчик үйү бар экендигин көрсөткөн. Мындан сырткары төрага наркы он миллион сомдон ашкан жер тилкеси менен кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси жакын адамдарынын башкаруусуна өткөрүлгөндүгүн белгилеген.

Кыргызстанда аткаминерлердин кирешесин жана мүлкүн жарыялоо жагы атайын мыйзам менен милдеттендирилгени менен анын аныктыгын текшерүү жагы азырынча колго алына элек.

XS
SM
MD
LG