Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кыргызстанды айың кеп аралап жүрөт


Эл ичинде жазында өлкөдө кырдаал курчуп, тирешүүлөр күч алат экен деген мазмундагы ушак-айыңдар көбөйдү.

Comment.kg деген интернет сайты “жаңы төңкөрүш парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үйүн өрттөөдөн башталат” деген аталыштагы булактары тастыкталбаган маалыматты жарыялады. Бул тууралуу тиешелүү бийлик органдары жеткиликтүү комментарий берише элек.

Имиштердин изи менен

Comment.kg интернет сайтында жарык көргөн ал макала “радикалдык күчтөр Кыргызстанда жаңы төңкөрүш уюштурууну көздөп жатышат” деп башталат. Макаланын автору башаламандык уюштуруу аркылуу мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн топтор учурда даярдык көрүшүп, жолугуша башташкандыгын эскертет. Ошондой эле чагым депутат Ташиевдин үйүн өрттөө менен башталып, ал жагдай анын жактоочуларынын көтөрүлүп чыгышына өбөлгө түзөт деп жазылган. Аталган маалымат агенттигинин жетекчиси Кирилл Степанюк чалууларга жооп бербегендиктен маалыматтын чыныгы булагын тактоо аракетинен майнап чыкпады.

Саясий серепчи Турат Аким болсо аталган макаладагы аша чапкандыкты айтпаганда, өлкөдө чынында эле саясий туруксуздукка түрткү берген өбөлгөлөр бар экендигине токтолду:

- Кыргызстандагы абал азыр чынында эле кооптуу. Анткени эки жылдан бери убактылуу бийлик бир катар өзгөрүштөрдү таңуулаганы менен анын жыйынтыгы байкалбай жатат. Мына ошондуктан саясий кризистен чыга албай, ал улам күчөп кеткен учурлар чынында эле кооптуу. Анткени биз укуктук талаага толугу менен кире элекпиз.

Чагымчылар “чаң салып” жатабы?

Comment.kg интернет сайты 2010-жылы ачылып, “Мегаком” чатагы боюнча камакка алынган орусиялык Penwell компаниясынын өкүлү Раушан Рыкунованын кызыкчылыгын коргоп чыккандыгы менен коомчулукка таанымал. Сайт башында бийликти сындаган материалдарды чагылдырып келген. Бирок өткөн жылкы президенттик шайлоодон соң, редакциялык саясатын өзгөртүп, бийликке лоялдуу позицияга өткөн.

“Ата-Журт” партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов сайтта жарыяланган макаланы атайын кызматтын оппозицияга арнаган чагымчыл буйрутмасы катары баалады:

- Мунун бардыгы эч кандай чындыкка коошпогон чагым экендиги көрүнүп турбайбы. Мунун артында азыр түзүлүп жаткан оппозициялык кыймылдын беделине шек келтирүүгө аракет жасалгандыгы байкалып турат. Биз муну жөң калтырбайбыз. Мына ушундай чагымчыл маалымат тараткандар жана ага буйрутма бергендер бул үчүн жооп берүүгө тийиш.

Адатта улуттук же аймактык араздашууга багытталган маалыматтарды баса калып териштирчү атайын кызмат менен ички иштер органдары бул туурасында азырынча үн ката элек. Ошол эле кезде серепчилер арасында атайын кызматка ушак-айыңдарды таратуу менен коомчулукка бүлүк салууну көздөгөн көмүскө күчтөрдүн бетин ачалбай келатат деп сын тагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат борборунун өкүлү Жоодар Исакулов коомчулукка бүлүк салган ал макаланын мазмунуна азырынча баа бериле электигин белгиледи:

- Ал макаланы биз дагы окудук. Эми “коммент.кж” сайты дайыма эле мына ушундай маалыматтарды таркатып жүрбөйбү. Азырынча бул боюнча текшеришип, иштеп жатышкан чыгаар, бирок бул боюнча азырынча кандайдыр бир маалымат бере албайбыз.

Оштогу шайлоо санаасы

Коомдук-саясий кырдаал туурасындагы ар кандай айың-кептер Ош шаарында да күчөдү. Анын көпчүлүгү быйыл 4-мартка белгиленген шаардык кеңешке шайлоого байланышкан. Шайлоого талапкерлер беш партиядан көрсөтүлгөнү менен серепчилер шаардык бийлик үчүн күрөш бийлик менен оппозициянын ортосунда гана жүрө тургандыгын божомолдошууда.

Талдоочу Руслан Ташанов тирешкен эки топтун ортосундагы саясий күрөштүн жыйынтыгы шаардыктарды санааркатып жаткандыгын айтты:

- Азыр эми ал жактан Мелис Мырзакматовду алып түшкүлө деп бир катар саясий күчтөрдү айдактаган жагдайлар байкалып эле турбайбы. Ошондуктан алар ар кимиси ар башкача аталыштагы партия болгону менен бардыгы биригип, шаардык кеңештен көп орун алууну көздөшүүдө. Ошол эле кезде оппозиция дагы бирдиктүү күчүн Ош шаардык кеңешиндеги шайлоого багыттап жатат.

Байкоочулар шаардык кеңешке талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партиялар акчалуу ишкерлерге жана кара күчү менен таанылган адамдарга басым жасап жаткандыгын айтышууда. Мына ошондуктан шаардык кеңештеги көпчүлүк орунду камсыздап, калаа башчылыкты ээлөө үчүн болгон күрөш абалдын курчушуна алып келбейби деген суроо кабыргасынан койулууда.

XS
SM
MD
LG