Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:25

Арай көз чарай

Байкоочу кеңештердин иши байкалабы?

Мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыздоо максатында түзүлгөн Коомдук байкоочулар кеңеши максатына жеттиби?

Президент Роза Отунбаева Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен жолугушууда. 2011-жылдын 25-июну.
Текст көлөмү - +
Бул маселе “Арай көз чарай” талкуусунда талдоого алынды. Талкууга Транспорт министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Азиз Абакиров, мүчөсү Талант Саадакбаев жана Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жедигер Саалаев катышты.

Талкуунун биринчи бөлүгү




“Азаттык”: Азиз мырза, мына сиз жетектеген байкоочу кеңеш тароо алдында турат. Буга эмне себеп болду?

Абакиров: Биздин байкоочулар кеңешинде сегиз мүчө бар, кеңештин кылган иши, чечкен чечимдердин баарын министрликке көрсөттүк, айрым талаптарды койдук. Алардан эч кандай жооп болгон жок, тескерисинче бизге ишеним көрсөтпөө башталды.

“Азаттык”: Байкоочу кеңештер тууралуу жободо кеңештин куралышы тууралуу эреже бар, ал эми таратуу тууралуу жобо жок экен. Коомдук байкоочу кеңешти ким тарата алат?

Садакбаев: Президент гана тарата алат.

“Азаттык”: Айрым өзү көзөмөл кылуучу ведомстволордун жетекчилиги менен тил табышып, жакшы иштеп жаткан байкоочу кеңештер да жок эмес. Алардын бири Коомдук телеканалдын байкоочу кеңеши деп айтсак туура эле болор. Жедигер мырза, ошентсе да, сиздердин ишиңиздерге деле тоскоолдуктар болбой койгон жок окшойт?

Саалаев: Мамлекеттик органдардын алдындагы байкоочу кеңеши тууралуу жобо өткөн жылы сентябрь айында кабыл алынган, биз ага чейин эле түзүлүп, иштеп калганбыз. Мындан сырткары бизде Коомдук телеканалдын жетекчисин жана орунбасарларын шайлоо укугу бар, буларда жок. Ошондуктан, кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештери көз каранды болуп калып аткансыйт.

Абакиров: Мен өзүм ишкермин, салык төлөйм. Мен ошол салыктар кайда жумшалып жатканын көрүү үчүн коомдук байкоочу кеңешке киргем. Байкоочу кеңеш түзүүнүн идеясы ишке ашпай атат.


Талкуунун экинчи бөлүгү




“Азаттык”: Байкоочу кеңеш тууралуу жободо “Байкоочу кеңеш аткаруу бийлик органынын ишине коомдук көзөмөл кылууга жана аткаруу бийлик органдарынын мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана жүзөгө ашырууда коомдук пикирди эске алышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү” деп жазылып турат. Дээрлик бир жылдан бери иштеген учурда мына ушул милдеттер аткарылдыбы?

Абакиров: Жарандык коом салыкты төлөп аткан соң, анын кайда жумшалып жатканын талап кылуу да милдетибиз. Ар кайсы мамлекеттик орган ошондуктан ачык болууга тийиш. Байкоочу кеңештерди коррупцияны ооздуктоо максатында түзүлгөнү менен бүгүнкү күндө тескерисинче коррупция бийлик тарабынан корголуп атат деп айтууга аргасызбыз.

Саалаев: Байкоочулар кеңешинин толук кандуу иш алып баруусуна ошол Жободогу айрым эрежелер бут тосуп аткансыйт. Биздин байкоочу кеңештин артыкчылыгы - биз сунуштаган сунуштарды ишке ашырбаса, КТРКнын ишин жакшыртууга аракет кылбай турган болсо, биз Коомдук телеканалдын жетекчисин кайра чакыртып алууга укугубуз бар. Бирок мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештеринде мындай укук жок. Мына ушул нерсе булардын колдорун байлап аткансыйт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)