Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Ташиев: Чындыкты бетке айтабыз


"Ата-Журт фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш төрагасына карата айтылып жаткан сын-пикирлерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин төрагасы Келдибековдун айланасында ар түрдүү сын-пикирлер айтылып жатат. Буга байланыштуу сиздердин позицияңыздар кандай?

Ташиев: Биз “Ата Мекен” фракциясы айтып чыккан айыптоолордун кайсынысы так, кайсынысы так эмес, кайсыл фактылар чын, же кайсынысы жалган деп иликтөө жүргүзүп жатабыз. Чынын айтканда айрым маселелер боюнча көбүртүп-жабыртылган жагдайлар бар. Ошол эле кезде айрым бир фактылар боюнча так мисал келтирилген жерлери дагы бар. Мына ошолордун бардыгын талдап, иликтеп чыгып туруп анан мамлекеттик башкаруучунун адебине туура келбеген жагдайлар болсо, ал биздин партиялашыбыз жана досубуз болгондугуна карабастан ага ачуу айтканга даярбыз. Жакынкы күндөрү ушул маселени көтөрүп чыкканы турам.
Мыйзам бузулган болсо, чын эле туура эмес иштер жасалган болсо анда төрага бизге дос экендигине карабастан, партиялаш экендигине карабастан мыйзам чегинде жазага тартылышы керек...


"Азаттык": Эгерде төраганын ишмердүүлүгүндөгү туура эмес иштер далилдене турган болсо, сиздин кадамыңыз кандай болмокчу?

Ташиев: Мыйзам бузулган болсо, чын эле туура эмес иштер жасалган болсо анда ал бизге дос экендигине карабастан, партиялаш экендигине карабастан мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. Эгерде биз андайга барбай турган болсок, мен өзүмдүн жакыныма тартсам, башка дагы бирөө өзүнүн жакынына тартса анда биз ошентип олтуруп чырмалышып, коррупциялашкан криминалдык коомго айланып бара жатпайбызбы. Мен мына ушул илдетти тез арада токтотуп, тазалануу жараянына активдүү катышканга даярмын.

"Азаттык": Мына тазалануу туурасында айтып жатасыз. Аны мына өзүңүздүн чөйрөңүздөн баштап, жеке сиз өзүңүз жакын санаалаштарыңыздын арасындагы мыйзамсыздыктар жана коомго жат көрүнүштөр менен күрөшүп, мына ошолор туурасында коомчулукка ачык айтып чыкканга саясий эркиңиз жетеби?

Ташиев: Сөзсүз жетет. Анткени биз ар кимибиз ушул жакка багыт албасак, анда бул нерсе коомубузда өзүнөн-өзү эле жоголуп кетпейт. Бул бир илдет. Биз аны өзүбүз дарылашыбыз керек. Жеке мен өзүм мамлекетке, коомго зыян келтирген, мамлекеттик башкарууга туура келбеген көмүскө иштерди жасаган болсом, мыйзамдын алдында жооп берүүгө даярмын. Ошол эле кезде партиялаштарыбыздын, досторубуздун же фракциялаштарыбыздын арасында мамлекеттик кызыкчылыкка каршы иштеген жетекчилерди ал жактан тазалоого биз милдетүүбүз.
Төраганын айланасындагы маселелер коалиция боюнча сүйлөшүүлөргө кошул-ташыл талкууланат окшоп калды. Андай болсо, башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бир топ эле оор болот го...

"Азаттык": Өткөн жолку парламенттик башкаруу коалициясын түзүү бир кыйла татаал болуп, бир кыйла убакытка создукту эле. Бул иреет кандай болчудай?

Ташиев: Бул жолку сүйлөшүүлөр мурдагысынан дагы оор болчудай. Анткени баштапкы коалиция түзүүдө бир дагы мыйзамдуу бийлик органдары жок болгондуктан бардыгын башынан баштаган болчубуз. Азыр болсо парламент бар, төрага бар. Мына ошол төраганын айланасындагы маселелер дагы мына ушул коалиция боюнча сүйлөшүүлөргө кошул-ташыл талкууланат окшоп калды. Андай болсо, башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бир топ эле оор болот го.

"Азаттык": Мамлекеттик гезиттерге, ишканаларга жана облустарга чейин башкаруучу коалицияга кирген фракциялар бөлүшүп алышты деп мурдагы коалициялык макулдашууну коомчулук сынга алган болчу. Сүйлөшүүлөрдүн бул жолку өзөгү мурдагысынан айрымаланабы?

Ташиев: Биз биринчи жолу коалициялык келишим түзгөндүктөн кандайдыр бир кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок бул жолу мурдагы өксүктөр жана кемчиликтер кайталанбашы керек. Облустардын губернаторлугун, райондордун акимчилигин, мамлекеттик ишканаларга чейин өз ара бөлүшкөн учур өттү го деп ойлойм. Биз кайсы гана фракциядан болбосун, коалициялык келишим түзүүдө жеке кызыкчылыктарга, же кайсы бир топтордун кызыкчылыктарына караган саясатчыларды чекеге сүрүп чыгарышыбыз керек.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG