Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Митингдер мизин кантип кайтарса болот?


Былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки митингдердин бири, 2010-жылдын 18-октябры.
Былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки митингдердин бири, 2010-жылдын 18-октябры.

Кыргызстанда бийлик коомдо акыйкаттыкты камсыз кылбаса, ар кандай нааразылык аракеттерге алып келээрин эксперттер эскертүүдө.

Алдыдагы шайлоонун жыйынтыктары каршылык акцияларын шарттабас бекен? Нааразылык акцияларын агрессивдүү түргө жеткирбестин айла-амалы барбы? - жарандык коом өкүлдөрү мына ушул суроолорго жооп издеп жатат.

Эл үнүнө кулак тоспой калганда...
Биз 7-апрель алдында Бакиев бийлигине буга чейин кабыл алынган бардык чечимдерден баш тартуу сунушун киргизгенбиз. Бул кырдаалды сактап калуунун жалгыз жолу болчу...
Сергей Масаулов

Стратегиялык изилдөөлөр институтунун 2010-жылдын февраль айындагы изилдөөсү коомчулукта бийлик режимине каршы чыңалуунун деңгээли жетимиш эки пайызга жеткендигин көргөзгөн. Бирок мындай абал менен ал кездеги бийлик эсептешкен эмес. Саясий, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү нааразычылыктардын топтому биригип отуруп жапырт кыжырданууга өсүп кеткен.

7-апрелдеги митинг, 2010-жыл.
7-апрелдеги митинг, 2010-жыл.
​Бирок серепчи Сергей Масауловдун айтымында, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев мындай эскертүүлөргө кулак салган эмес:

- Социалдык чыңалуу өкмөттүн “Түндүк электр”, “Чыгыш электр” ишканаларын сатуу, мобилдик байланышка алтымыш тыйындан кошуу, коммуналдык тейлөө акыларын жогорулатуу чечимдеринен улам чыккан. Биз өкмөт башчысын кызматтан алуу, өзүнүн жүргүзүп жаткан саясатынын туура эмес экендигин мойунга алуу жана буга чейин кабыл алынган бардык чечимдерден баш тартуу сунушун киргизгенбиз. Бул кырдаалды сактап калуунун жалгыз жолу болчу.

Эрегиштен эр өлөт

Каршылык акциялары айрым учурларда жапырт башаламандыктарга жана кан төгүүгө алып келээрин өткөн жылкы 7-апрель окуясы ырастайт. Мындай кесепеттерди серепчилер бийлик менен оппозиция жана жарандык коом ортосундагы келишимге келүүнүн жоктугу катары сыпатташат. Тынч митингдер көпчүлүк учурда бийликтин жоопкерсиздигинен улам, агрессивдүү мүнөзгө өтүп кеткен учурлары аныкталган.

7-апрелдеги кандуу булоон, 2010-жыл.
7-апрелдеги кандуу булоон, 2010-жыл.
"Жарандык коом жана демократия үчүн" биримдигинин жетекчиси Динара Ошурахунова бийлик нааразы тарапты күч менен жайгаруудан мурун анын талаптарына көңүл бурушу абзел деп эсептейт:

- Митингге чыккандар адатта башында тынч эле турушат. Бирок аларга карата бийликтин мамилеси, же күч түзүмдөрүнүн аракети акциянын катышуучуларынын карама-каршылыгына туш болушу мүмкүн. Бийлик көп учурда койулган талаптарды угуп, аны менен эсептешкиси келбейт. Жоопкерчиликти алып, сүйлөшкүсү келбегендиктен митингчилер андан ары күчөп кеткен учурлар болот. Ошондуктан бийлик барып, сүйлөшүп, койулган талаптар боюнча талкуу жүргүзсө митингдеги агрессиянын деңгээли азаят.

Өткөн бир жыл ичинде Кыргызстанда миңден ашуун нааразылык акциялары уюштурулган. Алардын элүү пайызга жакыны саясий мүнөздө болгон. Талкууда коомдогу нааразычылыктын деңгээлин эске албоо жана бийликтин саясий атаандаштар менен мунасага келүү тажрыйбасынын жоктугу карама-каршылыктын тереңдешине алып келери айтылды.
Азыр митингдин жаңы түрлөрү пайда болгон. Бул басым көрсөтүү, кысым кылуу аркылуу кандайдыр бир чечим кабыл алдырууга жетишүү...
Динара Ошурахунова


Бирок ошол эле учурда жасалма жол менен чыңалууну уюштуруу менен айрым саясий күчтөр нааразычылыкты өз кызыкчылыгына колдонгон учурлар да бар экендиги байкалган.

Динара Ошурахунова басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коштолгон каршылык акцияларына карата токтоосуз чара көрүү зарылдыгын айтып чыкты:

- Азыр митингдин жаңы түрлөрү пайда болгон. Бул басым көрсөтүү, кысым кылуу аркылуу кандайдыр бир чечим кабыл алдырууга жетишүү. Ошондуктан кыйкырык, бакырык менен кээ бир учурларда күч колдонуу аракеттери катталган учурлар аз эмес. Укук коргоо органдары мына ошондой учурларда тез арада чара көрүп, кысымга алууга же бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгын таңуулоо үчүн күч колдонууга барган каршылык акцияларынын уюштуруучуларына чара көрүшү керек.

Мыйзам бузгандарга катаал болуш керек

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон айрым талапкерлер өздөрүнүн жактоочуларын каршылык акцияларына алып чыкпайбы деген маселе кабыргасынан койулду. Кайсы бир талапкерлердин жактоочулары митингге негиздүү талаптар менен чыгышса, экинчилериники жөн гана кырдаалды курчутууга кошумча болушу мүмкүн деген божомолдор айтылды. Мындай учурларда күч түзүмдөрү кандай аракет кылыш керек экендиги белгиленди.

Буга чейин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милиция шайлоо учурунда мыйзам бузуулар орун алса, ага кескин чара көрө тургандыгын эскерткен болчу:

- Митингдер болушу мүмкүн. Бирок биз кандай митингдер болсо дагы даярбыз. Митингди уюштурган тарап ага жооп берет. Кайсы талапкердин жактоочулары митингге чыгышса дагы кандайдыр бир мыйзам бузуулар үчүн ошол уюштуруучулардын жоопкерчилиги болот. Алар жактоочуларын чыгарып, өздөрү калып кала албайт. Мыйзамдын алдында жооп беришет. Керек болсо митинг бүткөн учурда да шыйрагынан сүйрөп келип, камап койобуз.

Жаңы баш мыйзам боюнча жарандар нааразылык акцияларына бийликке эскертүүсүз чыгууга акылуу. Бирок жарандардын тынч чогулуусу боюнча мыйзамда митинг, пикет жана нааразылык акцияларын өткөрүүнүн тартиби көрсөтүлгөн.

Динара Ошурахунова милиция митингке чыгууга эмес, анда болуп кетүүчү чагымчыл аракеттерге каршы чара көрүш керек деген оюн ортого салды:

- Министр минтип коркутканы эч кандай натыйжа бербейт. Андан көрө ал мыйзамдын тили менен айтса жакшы болмок. “Митингге чыкканга ар бир жарандын укугу бар, бирок анда кандайдыр бир мыйзам бузууларга барсаңар жооп бересиңер” десе туура болмок. Ким митингге чыкса анын укугу. Бирок бирөөлөр митинг деп коюшуп, курал-жарак менен келишип, коомдук-саясий абалга таасир этсе ага албетте чара көрүлүшү керек.

Ошол эле кезде шайлоонун жыйынтыктары бурмаланбай, добуш берүү мыйзам чегинде жүрсө жеңилип калган талапкерлер өздөрүнүн жактоочуларын көчөгө чыгарууга негиз болбой тургандыгы баса көрсөтүлдү. Андыктан мына ошол шайлоо жараяндарына көз каранды эмес байкоочулардын калыс баа берүүсү өтө маанилүү экендиги белгиленди.

XS
SM
MD
LG