Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Мурзубраимов: Ассамблея "дүжүр" болбойт


Эл ассамблеясынын кезексиз VII курултайы. Бишкек, 18-июнь.
Эл ассамблеясынын кезексиз VII курултайы. Бишкек, 18-июнь.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчилигине жаңыдан шайланган академик Бектемир Мурзубраимов уюмдун коомдогу орду тууралуу кеп салат.

- Бектемир мырза, Кыргызстан элинин ассамблеясынын башкы мүдөө-максаты кандай? Ассамблеянын өлкөдөгү этностор, улуттар аралык чыр-чатактарды басуудагы ролу канчалык?

- Кыргызстан үчүн эң биринчи маселе - тынчтык. А тынчтык болуш үчүн ынтымакчылык, Кыргызстанда жашаган бардык элдердин биримдиги болушу керек. Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын башкы максаты, өлкөдө жашаган бардык элдин ынтымакчылыгын, биримдүүлүгүн, достугун бекемдөө.

Ар бир калктын өзүнүн тили, маданияты, каада-салт, үрп-адаты бар. Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлү бар деп жүрбөйбүзбү. Ошолордун бардыгы тең каралса, тең укуктуу болсо Кыргызстандын келечеги да бар.

Өткөндөгүдөй окуялардын болушу дагы биздин жалпы жүргүзүп аткан саясатыбыздын, идеологиябыздын мүчүлүштүгү.

- Президент бул ассамблея былтыркы июнь коогалаңында өзүнүн милдеттерин так аткара албай койду деген кине такты. Чын эле ушундай болуп калдыбы?

- Туурасын айтканда, ушундай оор мезгилде Кыргызстанда жашаган жалпы элдин биримдигинин ассамблеясы чыгып, же радио, же теледенби, же башка маалымат булактарынанбы кайрылуу жасабаптыр да. Ал эми элдерге барып, элдердин арасында жүрүш деген өзүнчө маселе. Ал дагы аткарылбаптыр. Бул эми чынында чоң мүчүлүштүк.

- Ассамблеяга мурда жалаң гана этникалык топтордун өкүлдөрү кирчү эле. Эми анын курамына Кыргызстандагы башка, элге кадыры бийик делген адамдар кирип атыптыр. Мына ушундан кийин эле Эл ассамблеясынын кадыр-баркы өсүп, айткан сөзү элге алымдуу, угумдуу болот деп ишенсе болобу?

- Эми ушуга аракет жасалат. Негизги максаты дагы ошол да. Азыр эми Кыргызстанда башы көрүнгөн, жооптуу кызматтарда иштеген, мисалы Абдуразаков, Чыңгышев, Акималиев сыяктуу адамдар курамга кирип атат. Мурдагыга караганда бир топ алгылыктуу, керектүү, пайдалуу иштер жасалат деген үмүттөбүз.

- Массалык маалымат каражаттарында Кыргызстандагы кадыр-барктуу кишилерди дүжүр чалдар, булар элдин башын бириктиргенге күчү жетпей жатат деп айтып атышат. Анан анча мынча ынтымакка келбеген тараптар ушул Ассамблеянын сөзүн угабы?

- Эми ошого аракеттер жасалат да. Бир жагынан эми жанагы "дүжүр" дегенде өзүбүздөн да кетти го сыягы. Жалпы эле интеллигенция, улуу жаштагылар акыл-насаатын айтып, элге мисалы, Чыңгыз Айтматовдой таасирин тийгизген лидерлер калбай калыптыр да.

Азыр эми максат ушул кемчиликти эске алып, элге болгонун болгондой айтып, бийликке жагына бербей, колдон келишинче калыстык менен иш жасалса жакшы болот эле. Бул эми бир күндө эле оңолуп кетет деп айтыш кыйын. Ушу дүжүр деген атты акырындап-акырындап башкага буруш керек да.

- Буга чейин Эл ассамблеясын президенттин аппаратынын жетекчиси убактылуу башкарып келди. Мындай болгондо мурдатан эле эле бийликтин камчысын чаап келген Эл ассамблеясы эми деле бийлик жетегинен чыкпайт деген сындар айтылды. Эми Президенттин өзүнүн ассамблеяга ардактуу төрайым катары шайланышы дагы деле ассамблея бийликтин ыгы менен болот дегенди билдирбейби?

- Ассамблеянын кеңеши 65 адамдан турат. Президиуму бар 21 адамдан турган. Эми бийликтин камчысын чапкыдай ассамблея кадр маселесине аралашпайт. Ошондуктан бийликтин айтканын аткара бере тургудай негиз жок.

А бирок, Президенттин жалпы жүргүзүп жаткан саясаты туура болсо, анан каржылоо жагына белгилүү деңгээлде жакшылап көңүл бөлүнсө, жалпы кыргызчылык үчүн туура эле пайдаланыш керек го. Андай камчысын чабуу, тиги-бу деген болбойт.

- Жогорку Кеңеш төрагасы курултайда буга чейин ассамблея саясий чайкоочулукка, ал эми диаспора жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланып, өз бизнесин коргогон деңгээлге жеткен деп айтып кетти. Сиз жаңы жетекчи катары мындан ары ушундай көрүнүштөргө жол койбойм деп так айта аласызбы?

- Жол койбошко аракет кылабыз. Бул сын-пикир абдан туура айтылды. Түштүктөгү окуялардын себептеринин бири ушуга түздөн-түз байланышып атпайбы. Диаспораны айрым адамдар чынында эле бизнес борборго айлантып жиберишкен.

Мен эми азыр эле келип алып, мындай-андай кылам деп айтышым кыйын. Бир жуманын ичинде болгон маалыматтар менен толук таанышып, мүмкүн болушунча жанагы сын-пикирден толук арылууга аракет кылабыз. Ынтымакчылыкка, биримдикке жетишүү - биздин эң негизги максат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG