Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:24

Саясат

Жээнбеков: Президенттин чыгымдарына көп акча сарпталууда

"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештеги жыйында президенттин милдеттери кыскарганына карабастан, президентке жана анын администрациясына сарпталган чыгымдар көбөйгөнүн айтып, президенттик администрацияга үлөштүрүлгөн каражатты кыскартуу зарыл экенин белгиледи. Депутат Равшан Жээнбеков мындай демилгенин көтөрүлүш себептери жана негиздери тууралуу “Азаттыкка” кеп салып берди.

Текст көлөмү - +
Жээнбеков: Жаңы Конституцияга ылайык, президент негизинен бир гана коопсуздук маселеси менен иштейт. Мурдагы президенттин ыйгарым укуктарынан азыркы күндө ашып кетсе он-он беш пайызы гана президентте калып жатат. Ошого карабастан өткөн жылы президенттин ишмердүүлүгүнө 606 миллион сомдун тегерегинде акча кеткен болсо, бул жылы 829 миллион сом мамлекеттик бюджеттен каралып жатат.

Жаңы Конституциянын негизинде биз парламенттик мамлекет болгондон кийин президенттин ишмердүүлүгүнө жана анын аппаратын кармоого мамлекеттин бюджетинен мынча акча кароого эч кандай зарылчылык жок.

"Азаттык": Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар парламенттин бюджети да аз эмес экенин айтып жатышпайбы. Депутаттар бюджет таңсыктыгына байланыштуу акчаны үнөмдөө үчүн өзүңүздөр кандай конкреттүү чараларды көрдүңүздөр?

Жээнбеков: Бейөкмөт уюмдар болобу, же болбосо эксперттер болобу парламенттин бюджетинин чыгашасы көбөйүп атат деген сөздөрүнүн чындыгы бар. Азыркы күндө жаңы бюджеттин негизинде парламентке 416 миллион сомдун тегерегинде акча каралган. Бул да, чынын айтышыбыз керек, парламентти кармоого аябагандай көп акча деп айтсак болот. Мамлекеттин чыгашасын азайтышыбыз керек. Анын үстүнө биз мамлекттик кызматкерлердин иштөө эффективдүүлүгүн жогорулаталы деген сунушубузду берип келе жатабыз.
 
"Азаттык": Сунуштар айтылып эле келе жатат. Ал эми иш жүзүндө эмне иш-аракеттер жасалды? Мисалы сиз өзүңүз унаадан, үйдөн баш тарттыңызбы?

Жээнбеков: Биз башынан эле “Ата Мекен” партиясы батирлерди албайбыз деп идея көтөргөнбүз. Азыркы күндө биздин фракциядан төрт гана депутат мамлекеттик үйгө ээ. Биз ар бир депутаттын бир гана жардамчысы болсун деп сунуш бергенбиз. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк коалициянын ар бир депутаттын экиден жардамчысы болуш керек деген сунушу колдоого алынып калды. Андан тышкары биз эки депутатты бир машине тейлесин деген сунушту айтканбыз, биз бул позицияны аягына чейин карманабыз.

"Азаттык": Президенттик администрацияга сарпталган акчаны кыскартуу демилгесине кайрылсак. Апрелдеги ыңкылаптын алдында “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Роза Отунбаева менен бирге санаалаш болуп, ыңкылапты бирге жасаганы маалым. Бирок соңку мезгилде президент менен фракциянын ортосун "кара мышык" аралап кетип, мамилелери сууп калды деп айтылып жатат. Анан сиздер көтөрүп жаткан президенттин бюджеттин кыскартуу демилгесин президентке кыр көрсөтүү аракети катары бааласа болобу?

Жээнбеков: Жок. Мен жалпысынан биздин фракция, анын жетекчиси Текебаев менен президенттин мамилеси жакшы экендигин билем. Ал коомчулук тарабынан деле бир топ көрүнүп турат. Бирок чындыкты убагында айтпасак туура эмес болуп калат. Ошондуктан мен өзүмдүн позициям катарында айтып жатам.

Азыркы күндө президенттин жасап аткан ишине жараша мамлекеттин ага берген чыгымы бул бири-бирине туура келбеген нерсе. Ошондуктан биз өз убагында чындыкты айтып, эгер туура эмес болсо туура эмес деп айтышыбыз керек. Бул бир гана президентке гана эмес, бул Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да тиешелүү.

"Азаттык": Жакында эле президент Роза Отунбаева мамлекеттик "Кабарлар" радиосуна курган маегинде өзүнүн, премьер-министрдин жана парламент төрагасынын айлык маянасы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, алар отуз миң сомдун тегерегинде айлык алышат экен. Сиз ушуга ишенесизби?

Жээнбеков: Биз Жогорку Кеңеште бул маселени талкуулаганбыз. Парламентте атайын ушул айлык акылар боюнча изилдөө жүргүзгөн комиссиянын башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин алган маалыматына таяна турган болсок, президенттин айлыгы бүгүнкү күндө отуз миң сом эмес, сексен, жүз миң сомдун тегерегин түзөт. Президент өзү туура эмес маалымат берген, же болбосо ал кишиге туура эмес маалымат берип коюшкан.

Ошол жыйында талдаган маалыматка ылайык, президенттин расмий айлык маянасы 50-60 миң сомдун тегерегинде болчу. Ал эми андан башка бизде мамлекеттик чин, мамлекеттик кызматта иштеген убакыт, илимий кандайдыр бир көрсөткүчтөр ушуга окшогон төлөмдөр бар да, ошону менен биригип келгенде президенттин айлыгы 80-100 миң сомдун тегерегинде болот болуш керек деп ойлойм.

"Азаттык": Эми министрлер тууралуу да кеп уласак. Учурда министрлердин орточо айлык акысы 16-18 миң сомдун тегерегинде болот экен. Кандай деп эсептейсиз, эмне үчүн мындай аз айлык маяна үчүн айрым адамдар мамлекеттик мекемени жетектегенге ашыгышат?

Жээнбеков: Кыргызстанда билесиңер да, бардыгыбыз эле ушул убакытка чейин көрүп келбедикпи, мамлекет көп экономикалык чечимдерди кабыл алганга аракет кылат. Биздин мамлекетибиз кандайдыр бир мамлекеттик монополияны уюштурганга аракет кылат. Ал эми мамлекеттик монополия уюшкан жерде, мамлекеттик кызматкерлерге, министрлерге бир топ пайдалуу. Анткени ошол чечимдер аркылуу биздин мамлекетибизде коррупция өнүгөт. Ошон үчүн биздин мамлекетибиз дүйнөдөгү эң коррупциялашкан төрт мамлекеттин катарына кирген үчүн биздин көп адамдарыбыз министр болгонго аракет кылат, мамлекеттик кызматка барганга аракет кылышат.

"Азаттык": Демек ушул министр болом деп ашыккандар, коррупциялык схемалар аркылуу өз капчыгын толтурууга ниеттенгендерби?

Жээнбеков: Жок, мен эми антип айта албайм, министр болгондордун бардыгы эле өз капчыктарын толтурууга аракет кылат деп. Бирок министрлерде, мамлекеттик кызматкерлерде коррупция менен аралашууга бир топ жеңил жолдору бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Айылскийге
07.02.2011 12:12
А балким ал тыякта бир киши менен жолугушкусу келгендир?

кимден: кыргыз шок бала каяктан: айылский
04.02.2011 15:42
Чукулда бир кызык корунуш болду Кыргызстан деген мамлекетте. Роза Отунбаева эс алууга Европага барып келди. Элдин айканына караганда болгону бир эле жансакчы коштоп журуптур! Эй кыргыз элим, уят силерге! Президентти кантип коркпой, намыстанбай жалгыз бир жансакчы менен жибердинер? Президент деген мамлекеттин биринчи адамы, жашыруун мамлекеттик сырларды билген саналуу адамдардын бири, анан силер аны жалгы кое бердинер! Ушу силер ыжылдап атып тас кейпибизди кийдик! Уят, уят, уят! Намыс жок!

кимден: Aldar Koso каяктан: eski europe
03.02.2011 04:58
Azamat, Ata meken! Achuu, yrairy suuk chyndygyngar jagat da!!! kanchalyk ata-mekenchilerdi jamandashsa dagy - alar kaira ele kozduu ijnedei bolup jyltyrap chygyp kalyshat...
Kancha kalgan kyiyn myrza-aiymdar dagy ushundai tak, daana maalymat aityp chykapiby? Oi, gana alar....jok go... ech kim korunboit! Oomiiin!!!!!!!

кимден: Ак-47
02.02.2011 17:12
Алга Ата-Мекеним!

кимден: ravik
02.02.2011 17:09
ozum da ubagynda aralashyp yssyk koldon kop pansionattardy menchikteshtirip algam deniz.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)