Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:21

Атайын баракчалар / Шайлоо

Кара-Суу: акимди шайлоо коркутуу менен коштолду

Кара-Суу районунда аким шайлоодо депутаттар коркутууларга дуушар болгонун айтып чыгышты.

Райондун 100дөй тургуну шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, акимчилик алдына нааразылыкка чыкты. 6-февраль, 2012.
Текст көлөмү - +
Шайлоого катышуудан баш тарткан 9 депутат жаңы келген аким Тилек Матраимов депутаттардын добушун кысым көрсөтүү жана сатып алуу аркылуу алгандыгын ачыктоодо. Ал эми райондун жаңы жетекчиси мындай маалыматтарды четке кагууда.


Аким шайлоонун азап-тозогу

  Коркконуман 2-3 күндөн бери жакшыраак уйку да жок, бир жерде олтура да албай жатам.  Ушу кезге чейин мындай кордукту көргөн эмесмин.


Кара-Суу райондук кеңешинин депутаты Тынара Артыкова аларга коркутуулар акимдик орунга сунушталгандардын бири Тилек Матраимов тарабынан болгондугун ачыктады:

- Килейген-килейген балдарын артыбыздан салып койду. Ишке да, үйгө да барышат. Жумушта турганыбызда эшигибизди тепкилеп кирип келишип, сөгүнүп сагынып, коркутушкан. Ал эмес үйгө чейин барып алышыптыр. Коркконуман 2-3 күндөн бери жакшыраак уйку да жок, бир жерде олтура да албай жатам. Мен депутат эле эмес, 10 баланын энесимин. Ушу кезге чейин мындай кордукту көргөн эмесмин. Биздин 3-4 депутат балдарды тепкилеп жибершити ал эмес. Ошолорду тепкилеп жатканын көрүп, мен эне катары жүрөгүм чыдабады.

Артыкованын белгилешинче, коркутуп-үркүтүүлөрдүн айынан бир нече депутат кызматтан кетип, 15тей депутат жашаган жерлерин убактылуу которууга аргасыз болгон:

​​- Булар бийлик үчүн бардык нерседен кайра тартпаган немелер экен. Атамбаев деле, Бабанов деле «шайлоо таза өтсүн, бийлик өкүлдөрү аралашпасын» деп айтканы менен иш жүзүндө шайлоо башкача. Бул шайлоодо Матраимовдун Ош облусттук бажыканасынын башчысы болуп иштеген, Түштүк аймак боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп иштеген бир тууган агалары киришип алышты.  Башкалар муну ачык айтыштан коркуп турушат. Бирок мен байлыгым да жок, кызматым да жок, эч нерседен коркпойм. Балдарымдын алдында абийирим таза болсун деп ушунун баарын кулактандырып атам.
 Матраимов бизге күч колдонуу же, сатып алуу аракетин көрсөткөндүктөн биз шайлоого катышпадык... 

Буга чейин маалым болгондой, 3-февралга белгиленген шайлоо 6-февралга жылып кеткен. Депутаттар мунун себебин да анын жыйынтыгын бурмалоого болгон аракет катары мүнөздөшөт.

Акимчилик район акимин шайлоо учурда милиция менен курчалып турду.
​​Каршылык билдирип, шайлоого катышпаган депутаттардын бири Шүкүр Арстанбеков буларга токтолду:

- Акимди шайлоого биз 9 депутат атайы каршылык билдирип катышкан жокпуз. Анткени Матраимов бизге күч колдонуу же, сатып алуу аракетин көрсөткөндүктөн биз ушундай жолго бардык. 24 депутат чогулган жыйында 2 депутат «бизге Тилек Матраимов 5 миң доллардан берди, албасаңар каалабаган нерселерди кылабыз» деп коркутту деп айтышты. Кудай акы, буга ошол жердеги депутаттардын баары күбө. Ал тургай, балаңды иштен кетирем, бир туугандарыңды кызматтан алам деп үркүткөнгө чейин барышты.


...Аким болуш бир паста


Бирок ошого карабай Тилек Матраимов шайлоого катышкан 21 депутаттын 20сынын добушун алып, аким болуп бекиди. Шайлоо журналисттердин катышуусунда ачык эле өткөн менен, милиция кызматкерлери акимиатты тегеректеп турду. Райондун 100дөй тургуну шайлоонун акыйкатсыз өтүп жатканын айтып, имараттын алдында нааразылыкка чыгышты.

​​
Алардын бири Минавар Саитова “Азаттыкка” мындай деди:

- Эгер бийликке акча чачып келип жаткан болсо, ал кайра сөзсүз ошол акчаны жыйнап алат. Ал кайдан алмак эле, мамлекеттик казынадан алат да. Бул жиндиге деле белгилүү нерсе. Демек көп акча менен келген киши ал коррупцияны гүлдөтө гана албаса, аны өмүрү да токтото албайт. Тескерисинче, бирөөнү ишке алса да, акча менен алып келет. Так ушундай көрүнүштөрдүн айынан биздин балдарда да 2 эле түшүнүк болуп калды: «Байлгны бар адам бийликке олтурат, бийлиги бар адам бай болот» деген. Биз мына ушуга каршы болуп атабыз.
  Далили жок эле сүйлөп атышат алар. Мен эч кимисине бир сом да берген жокмун. Депутаттардын өз укук-милдеттери бар...


Ал эми жаңы шайланган аким Тилек Матраимов өзүнө карата айтылып жаткан айыптоолорду четке кагууда. Анын айтымында, депутаттар ага жөн гана жалаа жаап жатышат. «Ошого карабай аймакта өз ишимди ынтымакты чыңдоодон баштайм» деп ачыктады жаңы аким:

​​
- Эми бул-кеп сөздүн бардыгы жалган. Далили жок эле сүйлөп атышат алар. Мен эч кимисине бир сом да берген жокмун. Депутаттардын өз укук-милдеттери бар. Аларга эч ким кирише албайт. Анан алар өз укуктарынан пайдаланып, акимдикке мени шайлап алышты. Демек, мага ишеништи. Так ушул ишенимди акташ үчүн эми мен да жакшы иштешим керек. Биз ишти алгач эле райондун экономикасын көтөрүүдөн баштайбыз. Анан сөзсүз түрдө эл арасында бейпилдик, ынтымак орнотобуз.

Тилек Матраимовдон башка Кара-Суунун жетекчи оруну үчүн райондук кеңештин төрагасы Бакыт Каратаев, аким орун басары Каныбек Кимсановдор сунушталган. Жаңы дайындалган аким буга чейин ушул эле райондун Жоош айыл округун жетектеп турган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
12.02.2012 01:07
Патриот мырза биринчиден бироону каралар алдында озунду кузгудон карап туруп айткын. Мен ошол депутаттардын туугандары катары эмес Матраимов мырзаны кандай билген адам катары айтып жатам. Патриот мырза козун менен корбогондон кийин айта бербегенин он. Акимдер акча менен отобу башка менен отобу сага айырмасы канча, же сенин чонтогундон кетип жатабы???

кимден: Айнагул каяктан: Кыргызстан
10.02.2012 16:41
Акимди шайлоо дагы деле жогору жактан айтылып ошонун негизинде шайлоо журуп жатат.ар кайсы партия озунун кишисин откозгонго аракет кылышат.дагы деле жээк жааттары чондор жана колунда акчасы барлардын ирбити журуп турган кез.жогоруда акча алган жокмун дегендерге деги эле эч ким ишенбейт.Азыр карасан баардык атка минерлердин колунда бирден депутаттардын тизмеси чогулган жерде эле бул буга салат анткени аны мене ал классташ же куда же уурусу бир бул мунун созун угат деп биринен бири талашкандарын коруп зеенин кейит а иштесе ишке тойбой карапайым калктын койгойлу маселерин чечип аткандар дагы деле артта калат окшойт.мындай корунушторду карап отуруп балдардын келечегинен коркосун булардын убагында эмне калат жэ баардыгын ичип жеп атып алардын убалына калабызбы силер ушундан коркосунарбы урматтуу атка минерлер силер балдарынар
дын балдарына чейин байлык топтосонор да алардын бул жашоодо жалгыз калаарын билесинерби силерди ушул ойлонтобу

кимден: Айнагул каяктан: кыргызстан
10.02.2012 15:46
Акимди шайлоо дагы деле баягыдай,менин тушунбогонум 7 апрелде курман болгон балдардын арбагынан кантип коркушпайт. дагы деле баягы корунуш баланчаны откоруш керек ал ошол кызматта иштеп кете алабы ал тууралу эч ким ойлонгон жок депутаттардын сатылып жаткандыгына мен толук ишенем

кимден: Патриот каяктан: Москва
09.02.2012 15:28
Акимдердин баары керек болсо акча менен отушту
Карасууда болсо бул жанылык эмес. Акимдин шыпыргылары аны колдоп акча жыйнашты керек болсо.
Аны алган депутатар тешип чыкксын бир жеринен эл депутаты эмес алар...

кимден: Асылбек
09.02.2012 15:10
Матраимовду билген адам катары айтаар элем,Айыл щкмотто алдынкы иш тажрыйбалуу жигит катары билемин.Окмотто салыктын бардык турлору боюнча аткарды,коллективде баркы бар.Коллективде,райондо интеллетуалдык денгеели жогору.Мурда райакимиятта да иштеген.Корунушу кыргыз жыттанып турат,кичи пейил жигит.Агаларынын денгеели да жогору ошон учун мамлекеттик кызматтарда иштешет.Аганы коруп ини осот деген созду унутпаш керек.Билбей туруп бироону каралаган болбойтко дейм.

кимден: изат каяктан: казакстан
08.02.2012 21:08
шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деген сөз бекеринен эмес. Эл дагы билип айтат ажыга барып келсе анда бизнес учун барыптыр да

кимден: Алмаз каяктан: Жоош
08.02.2012 19:39
Мен Жоош айылынын тургуну катары айтып кетким келет Тилек Матраимов Окмот болуп иштеп жургондо бир да иш кылбады даже жолду ондободу кантип Аким болот. Жакшы пешенесине агалары бар экен Бири Туштук региону боюнча Бажы кызматында дагы бир агасы Оштогу Эн чон соода туйуну Народныйды ээси болуп олтурса Буга чейин да Окмот болгондо да Ошол агаларынын абройу менен акчалары менен шайлап алышкан. Ушуга окшогон чондор келип кыргызстанда эн чон деген Кара-суу районун башкарып олтурса келечектен умут куткун да келбейт, кыргызстан эч качан онолбойт.
Пикирге жооп

кимден: Айжигит
09.02.2012 15:22
Алмаз айылындан жакшы адам чыгып жатканын билбесен башкалар кайдан билет.Мен башка айыл окмоттон болсом да Матраимовдун бийик денгеелин жакшы билемин.Эл менен жакшы сулошот интеллектуалдык денгеели жогору,мындан башка айылында татыктуу адам барбы.Болсо ошол адамды которбойсуннор беле.Оз жеринен чыккан жакшы адамды каралап жатканын кандай.
Пикирге жооп

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
09.02.2012 00:41
Уялсан боло Алмаз мырза айылдашын аким болсо жаманбы. Качан ушу кыргыздардын бироонун артынан суйлогон калат экен. Элге кылсан да жакпайсын, кылбасан да жакпайсын. Матраимов мырза окмот болуп турганда башка окмотторго салыштырмалуу коп иштерди кылды. Бироолорго кошулуп коо шыбагандан коро бир аз болсо да колдоп койсон боло...
Пикирге жооп

кимден: Патриот каяктан: Москва
09.02.2012 15:30
Урматуу замандаш сенда керек болсо ошол чыкынчы депутатардын туугандары болсон керек 4-5 мин долларды болушуп жаткан чыгарсын аны кудай билет

кимден: Жигит каяктан: кайда бара жатабыз
08.02.2012 10:36
Парламенттик мамлекетибизде жакында дагы бир укмуштай саясат оюну же жаны шайлоонун туру башталды. Бул акимдердин шайлоосу.
Акимдерди мурдагы Ак-Жолдун активдуу депутаттары ар бир доубушу 1000 доллардан ойдо баалап, Премьер бекитип берген "достоный жана не достойный"
кандидаттар менен соодалаша башташты. Мындай иштер Баткен, Нарын, Колдо "ясно эле корунуп турду. Бирок Бийликтегилер менен
Коррупцияга каршы куну туну катуу салыглашып жаткан "Службалар" гана бул нерсени укпай жана коро албай абдан убара
болуп жатышат. Эгер мындай "беспредел" токтотулбаса аран турган элибиз, регион гана эмес эми уруу- уруу, кочоо- кочоо, айыл- айыл
атасы менен баласы, досу менен классташатры болуп согушуп, болунуп аягында УЧУНЧУ, ТОРТУНЧУ... революциялар болооруна
"любой карапайым" кыргыздын козу жетип калды. Бирок дагы эле бйиликтегилер менен байлыгы толук адамдарга бул нерселер
"Чихать" болуп жатат. Мындай шалоого эл азыр даяр эмес экендигин корсотту.
Эн негизгиси талапкерлерди тандоо иштери начар болуп жатат. "Точныйраак" айтканда Баягы эле он тааныш, кайсы партиянын кишиси,
байлыгына караган заман болуп жатат.
Качан татыктуу, элдин кыжырын келтирбеген, кадыр барктуу, эмгеги синген, эл башкарганга кудурети жеткен татыктуу кандидаттар шайланат.
Же дагы Ак-Жол, "Кок-Жолдун" "дежурный чириктери" мамлекетибизди чиритип-иритип самсаалап журо беришеби.
Кыргызстандын келечегине кайдыгер карбаган патриоттор комментарийлеринерди Кутом!!!!

кимден: миргул
07.02.2012 20:33
кайда бара жатабыз кыргыздар

кимден: АнтиТилек Матраимов каяктан: Кара-суу
07.02.2012 11:26
Конгон адат калабы,уйга жугон салабы деп илгертен бекеринен айткан эмес,булар уйронгон пара алып пара берип!!Акча менен келген бийликти ошол заман жок кылыш керек ал кыйратбайт.
Пикирге жооп

кимден: Баркыбаев каяктан: Алтынбек Асилбекович
07.02.2012 12:26
Акимди шайлапсынар туугандар еми калганы алла-тааламдын колунда. Ажыга барып келгени анык болсо кудадан коркор, же намазын окуп кечирим сурап журо берер бекен? Кыргызстанда калбады го елим учун деген саясатчы же бийлик башчысы. Анан бизде бир нерсе бар бирин-бири коро албастык деген!-эгер биз ошол адатыбызды таштачу болсок кыргызстан тез еле байып кетмек туугандар.
Пикирге жооп

кимден: Патриот каяктан: Москва
09.02.2012 15:32
Урматуу жердеш сиз туура эмес айтып жатасыз бироо эл мулкун жеп жатса кантип унчукпаш керек ошону боло берет деп ушул кунго келдик
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине