Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Салянованы Кумтөрдүн салыгы боюнча айыптап чыгышты


Баш прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында, Бишкек, 22-май, 2012.
Баш прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" студиясында, Бишкек, 22-май, 2012.

Кумтөр келишими боюнча мурдагы жана азыркы бийлик төбөлдөрүнүн ортосунда бири-бирин айыптоолор токтой элек.

Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов “Кумтөр” келишимине кол койгон мурдагы өкмөт мүчөлөрүнөн мурун азыркы баш прокурор Аида Салянованын өзүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштап чыкты. Ал Аида Салянова юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп турганда чыгарган “Кумтөрдү” салыктан бошотуу боюнча корутундусуна жекече жооп берүүгө тийиш деп эсептейт. Баш прокурор Аида Салянова бул иште кылмыштын курамы болбогондугу тергөөдө аныкталганын айтып келет. Коомчулукта Куловдун мындай билдирүүсү ал өкмөт башчы кезинде Улуттук гвардиянын жер аянтын бөлдүргөн токтом боюнча козголгон кылмыш ишине карата жооп катары бааланууда.

Салыктан чыккан "саясат"

Мурдагы өкмөт мүчөлөрүн “Кумтөр” келишимине кол койду деп айыптаган баш прокурор Аида Салянованын өзүн ал юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп турганда чыгарган корутундусун териштирүү жагы сунуштала баштады. Салянова 2009-жылкы келишимден кийин “Кумтөрдү” 32 миллион долларлык салыктан бошотуу боюнча корутунду чыгарган.

“Ар-намыстын” башчысы Феликс Кулов мурдагы өкмөт мүчөлөрүн тобу менен айыптаганга караганда Аида Салянованын өзүнүн 2009-жылкы корутундусу боюнча жекече жоопкерчилиги көбүрөөк деп билдирди:

- Кылмыш кодексинде өкмөттүн жалпы чечими үчүн жамааттык негизде анын бардыгына жоопкерчилик каралган эмес. Бирок кайсы бир чечимди чыгарган боюнча жекече жоопкерчилик бар. Бул мына ошол салыктан бошотуу корутундусуна тиешелүү. Ал корутунду каржылык эмес, укуктук документ. Бул үчүн каржы министрлиги эмес, юстиция министрлиги жооп берет. Анткени каржы министрлиги “Кумтөрдү” салыктан бошотууга негиздеме катары сунуш киргизиши мүмкүн. Бирок акыркы чечим мына ошол укуктук корутунду менен чыгып жатпайбы. Ошондуктан Салянованын статс-катчы болуп турган учурундагы мына ошол ишин толук териштириш керек.

Баш прокурор Аида Салянованын дарегине айтылган бул дооматты башында мурдагы депутат Садыр Жапаров айтып чыккан. Аида Салянова Коомдук биринчи каналдагы маегинде анын билдирүүсүнөн кийин атайын кызмат бул ишти териштирип чыгып, эч нерсе таппаганын айткан болчу. Ал статс-катчы болуп турганда “Кумтөрдү” салыктан бошотуу боюнча токтомдун мыйзамга шайкештиги боюнча гана баа бергенин белгилеген. Ал эми салык алуу же бошотуу жагын Салянова ошол кездеги салык инспекциясы менен каржы министрлиги сунуштаганын айткан.

Салык инспекциясынын мурдагы жетекчиси, азыркы депутат Ахматбек Келдибеков аталган корутундуну чыгарууда мамлекеттик казынага зыян келтирилбегенин билдирди:

- 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин “Кумтөр” маселеси боюнча азыркыдай кырдаал пайда болгон эле. Ошондон улам жаңы келишим түзүлгөнгө чейин канадалык компания салык төлөбөй турган. Ага кошулган үстөктөрүн да жаңы келишим бекитилгенге чейин төлөгөн эмес. Мына ошол 2009-жылкы келишим түзүлгөндө ага чейинки салыктан жана башка төлөмдөрдөн калган калдыктын бардыгы анын ичине камтылган. Салянова статс-катчы болуп турганда биз эсеп-чотту тууралап алуу үчүн буга чейин коюлган жанагы сумманы чыгыш кылганбыз. А бирок негизи ал сумма жаңы келишимдин ичине камтылып, бюджетке түшкөн. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Чекесинен “чертилген” саясий фигуралар

Жакында 2003-жылкы “Кумтөр” келишими боюнча он кылмыш иши козголуп, анын алкагында өкмөттүн долбооруна кол койгон ошол кездеги өкмөттүн он эки мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. Баш прокурор Аида Салянова мурдагы өкмөт мүчөлөрү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол коюшканы үчүн жоопкерчиликке тартылып жатканын белгилеген.

Баш прокурор Аида Салянова кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан өкмөт мүчөлөрүн мындайча тизмектеген болчу:

- 2003-жылдагы “Кумтөр” келишимин колдоо боюнча токтомго биринчи вице-премъер жана юстиция министри Осмонов, каржы министри Абилдаев, тышкы иштер министринин орун басары Кушчубеков, айыл чарба министри Костюк, социалдык коргоо минитсри Акназарова, өзгөчө кырдаалдар министри Акматалиев, саламаттыкты сактоо министри Мамытов, траснпорт министри Жумалиев, ички иштер министри Субанбеков, өнөр-жай жана сырткы соода министри Жээнбеков, мүлк фондунун төрагасынын орун басары Макаров жана “Кыргыз алтындын” президенти Кудайбергенов кол койгон.

Кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандардын арасында учурда депутат Курманбек Осмонов да бар. Ал өкмөттүн токтомуна кол койгону үчүн эле ага коррупциялык иш-аракеттерге шериктеш болгон деп айып коюлуп жатканына нааразы.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, депутат Курманбек Осмонов аны кылмышка шектүү деп табууда саясий оюндар үстөмдүк кылып жатканына токтолду:

- Өкмөттүн токтомуна виза койгонубуз үчүн биз уюшкан кылмыштуу топ катары каралып жатабыз. Анын ичинен мен, Абилдаев жана Акматалиев үчөөбүз ачык эле күнөөлөнүп жатабыз. Анткени мына ушулардын карамагындагы маселе болгондуктан булар жооптуу деген демилге көтөрүлгөн экен. Келишимди даярдаган жана сунуштаган тараптар тууралуу бул жерде сөз жок. Кумтөр боюнча элдин талабы кандай болуп жатат, ал эми булардын саясий оюндары кайда баратат?

Ошол эле кезде коомчулукта “Кумтөрдү” ири салыктан бошотуу боюнча корутунду чыгарган кызмат адамынын бул маселе боюнча мурдагы өкмөт мүчөлөрүнө карата кылмыш ишин козгогон органды жетектеп отурушун моралдык жактан туура эмес деп баалагандар да бар.

XS
SM
MD
LG