Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

ЖККУ жандана баштады


Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмуна кирген Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Орусиянын коргонуу күчтөрүнүн аскердик жыйымы башталды.

Аталган уюмдун жанданышын аймактык коопсуздукту бекемдөөгө болгон аракеттерге байланыштырышканы менен, аны кайсы бир чоң мамлекеттин геосаясий таасирин арттырууга багытталган деп сындагандар да четтен табылат.

Машыгуулардын учуру

Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин коргонуу күчтөрүнүн жогорку командалык курамдан турган өкүлдөрү Кой-Таш аскер бөлүгүндө аскерий тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүү үчүн чогулушту. Анда негизинен опуртал жагдайлар орун алган учурларда коркунучтун очогун биргеликте жок кылуунун жолдорун иштеп чыгуу маселелери көтөрүлдү.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү, полковник Мелис Сатыбалдыев жыйынтыгында аскердик-штабдык биримдикти бекемдөөнүн чаралары бекитиле тургандыгына токтолду:

- Бүгүнкү штабдык машыгууда коюлган негизги тапшырма – бул бири-бирибизди жакшы түшүнүү. Мына ошонун алкагында бирдиктүү шарттарды камтый ала тургандай штабды түзүү негизги маселе. Мындай жагдайда биз уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу күчтөрүнүн ар биринин штабдарын бир калыпка келтирүү менен опуртал жагдайларда өз ара көмөктөшүүнүн өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгабыз.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргеликтеги аскердик машыгуулары буга чейин да бир нече ирет өткөрүлүп келген. Бирок уюмдун чыныгы опурталдуу жагдайларда ага мүчө мамлекеттерге көмөгү аз экендигин сындагандар көп.

Берилбей калган жардам

Өткөн жылкы июнь коогалаңынан кийин аталган уюм Кыргызстанга аскерий-техникалык жардам берүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок эмнегедир ал чечим аткарылбай калып кеткен.

ЖККУнун тез арада жайгаштыруу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын башчысынын орун басары Анатолий Ноговицын маселени чечүү убакытты талап кыларын белгиледи:

- Биргелешкен штабда биз бул маселени көңүл борборунда карап турабыз. Биз эски курал-жабдыкты же аскер техникасын сунуш кылгыбыз келбейт. Ал эми заманбап жабдуулар жагынан жардам берүү маселеси бир катар жагдайлардан улам кармалып турат. Биз Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бүгүнкү абалын түшүнөбүз. Ошондуктан бул маселе чечүү жөн гана убакыттын иши деп эсептейбиз.

Анткен менен айрым адистер ЖККУнун чын дилден жардам берээрине ишенбейт. Анткени аталган уюм буга чейин бир катар милдеттенмелерди алганы менен анын көпчүлүгү аягына чейин аткарылбай калган.

Мына ошондуктан парламент депутаты Өмүрбек Абдрахманов ал уюмду өздөрүнүн бийлик режимдерин сактап калгысы келгендердин саясий клубу катары мүнөздөйт:

- Бул авторитардык мамлекеттердин уюму. Мына ошол мамлекеттер кылтылдап турган өздөрүнүн бийлик режимдерин кантип сактап калабыз деген маселеге аябай бушайман болушууда. Мына ошондуктан жанагы араб мамлекеттеринде пайда болгон күчтөргө окшогон ички каршылаштарын басуу үчүн ушул жамааттык уюмга таянууну көздөө максаты көрүнүп турат. Мындан башка кандайдыр бир коркунуч болгондо бири-бирине жардам көрсөткөнүн көрө алган жокмун. Мына ошондой эле абалда өткөн жылы Кыргызстан калды.

Ошол эле учурда башка бир серепчилер аскерий-техникалык жардамдын Кыргызстанга берилбей калышын мурда аталган уюмга мүчөлүктөн чыгып кеткен Өзбекстан менен уюмдун мамилесин татаалдаштырып албоо саясаты катары баалашат. Канткен менен уюм аймактык коопсуздуктагы мурдагы тактикасын өзгөртүп, жаңы багыттарды иштеп чыгуу аракеттерин көрүп жаткандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG