Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Милиция мык менен балка ортосунда


Нааразылык акцияларынын биринде. Бишкек. 10-октябрь, 2012-жыл
Нааразылык акцияларынын биринде. Бишкек. 10-октябрь, 2012-жыл

Ошто 2-декабрдагы митинг учурунда 14 милиция кызматкери жараат алды. Күч органдарынын айрым кызматкерлери милицияга болгон мамилеге нааразы экендиктерин социалдык түйүндөрдө жазып чыгышты.

Милициянын укугун ким коргойт? Бул темада Ички иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Таалайгүл Исакунова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

"Азаттык": Саясий митингдер болгон сайын ур-тепкиге калган бүгүнкү кыргыз милициясынын коопсуздугу тууралуу эмне айта аласыз?

Исакунова: Митингдерде милициянын ур-тепкиге кабылганын уккан сайын орустардын "Мекен дегенде сай-сөөгүм сыздайт" деген кеби эске түшөт. Бул сөз бүгүнкү күндө дал ушул биздин милицияга жарашып турат .

Саясий элиталардын кызыкчылыгы үчүн болгон ири нааразылык акцияларында алар дайым эле ар кандай деңгээлде ур-тепкиге кабылат. Айрыкча, 2005-жылдан бери мындай көрүнүш күчөдү. Саясий тирешүүлөр учурунда милициялар балка менен мыктын ортосунда калат десек жаңылышпайбыз.

"Азаттык": Демейде адам укугун коргоп чыккан укук коргоочулар негедир милиция келтек жегенде көп унчуга беришпейт...

Исакунова: Милициянын ур-токмокко алынышы чын эле маселе катары көтөрүлбөй, жабык бойдон кала берет. Бирок коопсуздук тууралуу кеп болсо, баарыбыз аларды жамандаганга машпыз. Кечээ эле Бишкектеги Орус драма театрынын актрисасын өлтүрүп кетишти. Бирок трагедия бул жакта калып, коомчулук "милиция жакшы иштебей жатат" деген талкууга өтүп кетти. Ошол эле учурда ири кылмыштардын бети алардын жардамы менен ачылып жатканын айткандар аз.

Кай бир жерде митинг болсо, милицияны тизип коюп, абалды жөнгө салган бийлик алардын коопсуздугун камсыздай албай жатат. Пикет учурунда акция катышуучулары тарабынан жабыркаган милиция кызматкеринин иши боюнча бирөө-жарым соттолуп, жоопкерчиликке тартылганын уга элекмин.

"Азаттык": Нааразылык акциялары учурунда коопсуздукту көзөмөлдөөгө чыккан милиция митингчилердин душманы катары кабыл алынып калбадыбы. Алардын коомчулук арасындагы кадырынын түшүп кеткенине органда иштегендердин айрым жоруктары да себеп болуп жаткандай...

Исакунова: Албетте. Милициянын кадыры бир топ эле түшүп кеткен. Күч кызматкерлерин элге жаман көрсөтүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары да аябай чоң роль ойноп жатат.

Биз бул жаатта атайын изилдөө жүргүзүп, гезит-журналдарда, телерадиодо милиция тууралуу берилген макала-баяндарды карап чыктык. Биздин тыянак боюнча, негизинен милиция кызматкерлеринин жаман жактары көбүрөөк жазылып, күч кызматкерлерине нааразы болгондордун ойлоруна кенен орун берилет экен. Макала дагы коомдук пикирди жаратат эмеспи...

"Азаттык": Милицияда иштегендер, айрыкча митинг учурунда бийлик имараттарын коргоо үчүн жандуу дубал болуп туруп бергендер кыйратып деле айлык акы албасын угуп жүрөбүз. Эгер абал ушул калыпта улана берсе, милицияда иштөөнү каалагандардын саны кыскарып кетиши да мүмкүн эмеспи...

Исакунова: Жок, андай болбойт. Милицияда иштөөнү эңсеген жигиттер көп эле. Арасында чын дили менен иштейм дегендер да бар. Бирок милициянын формасын кийип алып, сол чөнтөккө акча топтогонду көздөгөндөрү да жок эмес...

XS
SM
MD
LG