Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

"Кызыл шапкечендер" кылтакка илинди


Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу Ички иштер министрлигинин эки ири жетекчиси маңзат соодасына катышы бар деп шектелип, кармалды.

Ички иштер органдарынын буга чейин кызматтан четтетилген кызматкерлери буга министр Зарылбек Рысалиевдин өзүнүн да тиешеси бар деген айыптоо менен анын кызматтан алынышын талап кылышууда.

Ички иштер министри өзүнүн кол астындагылардын кармалышы жана анын жеке өзүнүн дарегине айтылган айыптоолор боюнча жакында комментарий бере турганы эскертилди.

Чырмалышкан схемалар

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын учурдагы
башчысы Тлекбай Алибаевди жана анын орун басары Базарбек Абдраимовду Башкы прокуратуранын кызматкерлери 4-июлда кармады. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 247-304-беренелери боюнча "маңзат соодасына аралашкан" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө.

Буга чейин маңзат соодасына байланышкан иш боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери Марс Зейналов кармалган болчу. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Замир Рыспеков бул жерде мурдатан бери иштеп келген уюмдашкан топтун бети ачылып жатканын белгиледи:

- Мына ушул окуялардын бардыгына министри Рысалиев күнөөлүү. Мына ошол киши жүргүзгөн кадрдык башаламандыктын жыйынтыгы ушуга алып келди. Мына ошол кылмышка шектелгендер оперативдүү иштерди караган документтерди арткы мөөнөт менен тууралашкан. Ошондой эле маңзат соодасынын бетин ачуу боюнча оперативдүү иш-чараларга тоскоолдук кылган деген маалымат бар.

Зейналов деген кызматкер буга чейин эле маңзат боюнча шектелип, жумуштан кетирилген экен. Анан кантип Зарылбек Рысалиев аны кызматка гана албастан, полковник наамын ыйгарып жибергенине таң калдык. Анан булар Жаныш Бакиевдин калкалоосу менен иштеп келген наркобарон Камкоев Руслан деген ингуш жигиттен оперативдүү иштерди жүргүзүү үчүн карызга 17 миң доллар алышкан. 1999-жылы маңзат соодасы боюнча шектелип, издөөдө жүрүп, кийин Бакиевдердин көмөгү менен легалдашкан ал адамдан карыз акча алууга булардын моралдык акысы жок болчу. Мүмкүн прокуратурада мындан башка дагы фактылар болушу мүмкүн. Болбосо аларды жөн эле кармабайт эле.


ИИМдин туруму азырынча беймаалым

Азырынча Башкы прокуратура окуянын түпкү чоо-жайы жана кармалгандардын байланышы боюнча толук маалымат бере элек. Ички иштер министрлигинин маалымат борбору министр Зарылбек Рысалиев кол алдында иштеген эки жетекчинин кармалышы жана анын дарегине айтылган айыптоолор боюнча 6-июль күнү комментарий бере турганын убада кылды.

Маалымат борборунун башчысы Бакыт Сейитов кармоолор жана министрге карата айыптоолорду атайын уюштурулган саясий акция болушу мүмкүн деп божомолдоду:

- Зейналовдун иши боюнча көрсөтмө бергени барган учурда эле Алибаевди орун басары менен кошуп кармашкан. Мунун бардыгына кимдир бирөөлөр буйрутма кылганбы деген күмөн саноолор бар. Мына ошонун бардыгы азырынча иликтенип жатат. Бул кармоолор жана министрдин дарегине айтылган айыптоолор боюнча Ички иштер министрлигинин позициясы эртең ачыкталат.

Буга чейин кызматтарынан четтетилген ички иштер органдарынын полковниктери кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигинин маңзат соодасы боюнча айыпталып жатышын министрликтин башында турган аткаминерлердин кадрдык саясатынын жыйынтыгы катары баалашты.

Мына ошондуктан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Закир Усманов бир катар жетекчилерди кызматтан кетирүүгө негиз бар экендигине токтолду:

- Ички иштер министрлигинде мына ушундай окуялар болуп жатканда ага катышы болбосо да ички иштер министри Рысалиев жана оперативдүү ишмердүүлүктү караган орун басар Турганбаев кызматтарынан өз ыктыяры менен кетүүгө тийиш.

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Алибаевдин жана анын орун басары Абдраимовдун баш коргоо чарасы боюнча маселени сот 5-июль күнү кечке чейин кароого тийиш. Анткени кылмышка шектелген эки жетекчи мыйзам боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына 48 саатка гана кармалган.

Башкы прокуратура аталган милиция жетекчилигин камакка алууга негиз берчү кылмыш ишинин материалдарын далилдей алса, анда сот алардын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечимин чыгарышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG