Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Абдирасулова: Милиция реформасы көпкө создугууда


"Азаттыктын" архивинен: Бишкек, 2006-жыл
"Азаттыктын" архивинен: Бишкек, 2006-жыл

Ички иштер министрлигин реформалоо маселелери боюнча “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык": Бүгүн Бишкекте ИИМди реформалоо концепциясынын долбоору талкууга салынат. Бир канча жылдан бери эле бул тармакты реформалоо тууралуу сөз болуп, аракеттер көрүлүүдө. Ал түгүл Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму өндүү уюмдар да каралашып жатат. Милицияны элге жакын кылып, жаманаттыдан арылтуу үчүн атайын концепция керекпи, же дагы башка шарттар зарылбы?

Азиза Абдирасулова: Сиз суроону туура берип жатасыз. Себеби концепция дейбизби, Конституция дейбизби, кандайдыр бир мыйзамды алтын тамга менен жазсак деле, эгер ал мыйзамдар таптакыр аткарылбаса, тескерисинче, ошол мыйзамды аткарууну көзөмөл кылган структуралар тарабынан бузула берсе, эч кандай реформа да болбойт, милиция менен эл жакындабайт.

Азыркы мыйзамдардын ичинде деле милициянын ишин жөнгө салчу нормалар бар. Бирок ошолор аткарылбай жатпайбы. Ошондуктан концепцияны жазып салсак эле анын негизинде милиция абдан жакшы иштеп кетет, жер-жерлердеги милициялар эл менен кучакташып калат деген ойдон алысмын. Ошондуктан эң негизгиси ар бир укук коргоо кызматкеринин жасап жаткан, аткарып жаткан, аткарбай койгон ишине көзөмөл керек жана жоопкерчилигин көбөйтүү зарыл.

“Азаттык”: Өткөндө парламентте ички иштер министри Зарылбек Рысалиев баяндама жасап жатканда депутаттар ИИМге деп бөлүнгөн каражаттан, мисалы, бюджеттен айлыкка делген акчанын 50дөн ашыгыраак гана пайызы, күйүүчү майга деген каражаттын 21 пайызы гана берилгенин айтышты. Ушундай шартта реформа, анын натыйжалуулугу тууралуу сөз кылса болобу?

Абдирасулова: Албетте мындай шартта реформа болбойт. Бирок натыйжалуулук деген нерсе кайра эле өкмөттөн көз каранды. Ошол акчаны ким бербей жатат? Эл бербей жаткан жок да. Ошол каражаттар элдин, баягы эле салыктын эсебинен чогулган акчалар.

Эмне себептен берилбей жатат, ким бербей жатат, ал боюнча кайсы жерде ачык-айкын талкуу жүргүзүлүп жатат? Бул маселе деле ошол министрликтин ичинде калып жатпайбы. Ошондуктан “бизге мынча акча бөлүнгөн, мынчасын бербей жатышат” деп ачык айтылышы керек. Көзөмөл кеңешке, бизге кайрылса да болот. Ошондо биз айтып чыкмакпыз.
Бир нерсени өзгөртүп жибердик деп айта албайбыз. Бирок ошого карабастан жолугушуулар болуп, жер-жерлерден, айрыкча жабык жайлардан кабар алып турганга мүмкүнчүлүк алдык.

Чынында күйүүчү майлардын тартыштыгы бар. Ал эми унаа тартыштыгы дээрлик жок болуп калды. Азыр участкалык милицияга чейин машина берилип жатат. Техникалык жактан ЕККУ милицияны абдан жакшы карап жатат.

Бизде күнөө кылган милицияларды кызматтан алганда бир жерден алып эле экинчи жерге коюп жатышат. Эч кандай жоопкерчилик жок. Анан кантип эле милициялар жоопкерчиликтен, иштен кетирет экен деп коркушмак эле? Кызматтан жогорулап, облуста иштегендерди министрликке алып келет экен, райондогуларды облуска алып келет экен.

“Азаттык”: Реформа тууралуу сөз болгондо милициянын санын азайтуу керек деген демилгелер андан-мындан көтөрүлө калат. Чынында эле милиция кызматкерлери көптүк кылып жатабы?

Абдирасулова: Мен милициялардын саны көп деп айтпайт элем. Тескерисинче аз. Мисалы 90-жылдары Бишкек шаарындагы чарчыга ылайык бөлүнгөн боюнча калды. Ал эми элдин саны көбөйүп жатат да. Балдар, окуучулар менен иштеген милиция кызматкерлери бир районго эки, же үчөө туура келет. Алар да жетишпейт. Эң жакшы жумуштарды мектепте алып барыш керек.

Милиция кызматкерлеринин нааразылык акциясы, Ош шаары, 19-апрель, 2010-жыл
Милиция кызматкерлеринин нааразылык акциясы, Ош шаары, 19-апрель, 2010-жыл
Мектеп рэкетчилиги күчөп жатат. Балдар арасында кылмыштуулук көбөйүп жатат. Бирок булар менен иштеген милицияга унаа каражаты жетишпейт. Биз участкалык кызматтагылар менен балдар менен иштеген милицияга көбүрөк көңүл бөлүшүбүз керек. Ошолордун маянасын көбөйтүп, күйүүчү майды көбүрөөк берип, санын да көбөйтүш керек. Мен Кыргызстанды кыдырып жүрөм, бардык жерде ушундай көйгөй бар.

“Азаттык”: ИИМдин алдында Байкоочу кеңеш иштеп жатат, сиз ушул кеңештин мүчөсүсүз. Бул кеңеш эмнени өзгөртө алды? Милиция жарандык коом менен тыгыз иштеп калдыбы?

Абдирасулова: Чынында эч нерсени өзгөртө алган жокпуз. Биз азыр төрт багытта иш алып барып жатабыз. Мыйзам, кармалгандар, кадр маселеси жана кварталдык полициячылар боюнча иш алып барып жатабыз. Биз азырынча байкап, барып сүйлөшүү менен эле чектелип жатабыз.

Бир нерсени өзгөртүп жибердик деп айта албайбыз. Бирок ошого карабастан жолугушуулар болуп, жер-жерлерден, айрыкча жабык жайлардан кабар алып турганга мүмкүнчүлүк алдык. Бул жагынан министрликке ыраазычылык билдиребиз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG